Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Исмаилова: Назаркуловдун иши - өчпөс эстелик


Шералы Назаркуловдун Үзөңгү-Кууштун Кытайга жең ичинен берилише каршы саясий ачкачылыкта ажал тапканына бүгүн туура он жыл болду.

Буга байланыштуу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова менен ой бөлүштүк.

Шералы Назаркулов 2002-жылы 7-февралда акаевдик режимге жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга жең ичинен берилишине каршы ачкачылык жарыялап жатып, акциянын 22-күнү ажал тапкан.

“Азаттык”: Демократия деп ачкачылык кармап каза тапкан Шералы Назаркуловдун арабыздан кеткенине он жыл өттү. Ал тарыхта тийиштүү баасын алган жок деген пикирлер бар?

Төлөйкан Исмаилова: Назаркуловдун жасаган иши, азаттык үчүн күрөшүүсү кыргызстандыктар үчүн үлгү болуп эсептелет. Бүгүн укук коргоочулар анын үй-бүлөсүнө, туугандарына дагы бир жолу кайраттуу болуусун суранабыз. Анын элеси эч качан унутулбайт. Бирок Шералы Назаркулов жарандардын арасында экономикалык жактан мыкты изилдөөчү катары Акаев режимин жөн гана кетсин дебей, мындай президент Кыргызстанда болбош керек деп, үй-бүлөлүк коррупцияга каршы өзүнүн үнүн жана эмгегин кошкон. Ошондуктан биз аны эстейбиз, бүгүн да үй-бүлөсү менен жолугушабыз.

“Азаттык”: Маркумдун эстелиги туулган жери Кара-Кулжага гана коюлуп калды деген да пикирлер бар. Мамлекеттик денгээлде көңүл бурулуш керекпи?

Төлөйкан Исмаилова: Укук коргоочу катары эстеликтерге өз көз карашым бар. Мисалы, Түркмөнстан авторитардык режими жана алтын эстеликтери менен дүйнөгө таанымал. Бул өзүнчө бир оору. Ошондой эле советтик менталитет бизде да калган. Кеп эстеликте эмес. Шералы Назаркулов жарандардын оюна жана жүрөгүндө калган. Анын иши дагы уланып атат. Ошондуктан эстеликтерге дегеле каршымын.

Ошондой эле сыйлыктарды алууга да сын көз караштамын. Экс-министр Роза Отунбаева бизге медаль бергенде кырдаал курчуп, кризис болуп жаткан үчүн алдык. Мурда партократтар сыйлык, медаль алам деп элдин, керек болсо үй-бүлөсүнүн дагы тагдырын тепсеген. Кеп медаль, орденде дагы эмес. Шералы Назаркуловдун эркиндик, азаттык үчүн жасаган иши - өчпөс эстелик.

“Азаттык”: Алгач ачкачылык акциясы башталганда сиздер дагы Шералы Назаркуловдун жанында элеңиздер. Баарынан да өмүр кымбаттыгын айткан жок белеңиздер?

Төлөйкан Исмаилова: Ачкачылык акциясын баштаганда биз саясий партиялардын деңгээлин жакшы түшүнгөн эмеспиз. Ошондо саясий партиялар түптөлө элек экенин, көчөдө эле курулай кыйкырып, бирок өздөрүнүн мүчөлөрүнүн аң-сезимин такшалтуу деген менеджмент жок экенин көргөнбүз. Бул акция укук коргоочулар баштаган жарандык чечим болчу. Биз саясаттан алыс болчубуз.

Бирок ошондо саясий партиялар да таасирин берген. Ошондо биз тынч саясий трансформация, таза шайлоо болуш керек деп айтканбыз. Акаев парламентке кол салып, депутатты зомбулук менен алып кеткенден кийин эки бийлик бутактары жана сот системасы айгашып, кландык системага айланды дегенбиз. Ар бир адам мындай акцияларга барар-барбасын өзү чечет. Шералы Назаркулов ошол учурда уулдуу да болгон эле, биз да айтканбыз, бир да бийлик бир адамдын да өмүрүнө тең келе албайт деп. Бул сабак болуп, ошондуктан Акаев качып кетти.

XS
SM
MD
LG