Линктер

Интернетке тараган Алмазбек Атамбаев тууралуу саясий технологиянын негизинде даярдалган видео тасманы серепчилер алдыдагы президенттик шайлоо сыяктуу чоң жараяндар менен байланыштырууда.

Интернетте мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди Түркиянын пайдасы үчүн Орусияга каршы иштеген саясатчы катары сыпаттаган видео тасманын экинчи бөлүгү жарыкка чыкты. Ага президенттин ишенимдүү адамдарынын бири катары мүнөздөлгөн президенттик аппарат башчысынын орун басары, тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун үнүнө окшош адамдын телефондук сүйлөшүүсү дагы кошулган. Муну саясат талдоочулар так талашка байланыштуу жагдай менен түшүндүрүшүүдө.

Сапар Исаковду ким тыңшаган?

“Атамбаев түрк чалгын кызматынын агенти” деген аталыштагы он мүнөттүк видео ролик интернеттин You Tube каналында пайда болду. Социалдык тармактар аркылуу жайылып, талкууланып жаткан бул тасмада Кыргызстандын президентинин тышкы саясатына тескери мүнөздөмө берилген. Адистердин баамында, амалкөй саясий технологиянын негизинде даярдалган бул видео тасма кайсы бир орусиялык телеканал аркылуу обого кеткен сыяктуу белгисиз бир алып баруучу тарабынан сунушталган. Анда быйыл май айында гуманитардык саммитке катышуу үчүн Түркияга барган президент Атамбаев жыйындан кийин түрк чалгын кызматынын өкүлү менен жашыруун жолугушууда болгону баяндалган. Бул үчүн президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Сапар Исаковго үнү окшош адамдын Ахмед Кая деген киши менен жолугушуусун уюштуруу үчүн Стамбулдагы башкы консулдуктун кызматкери менен болгон телефон сүйлөшүүсү тасмага кошулган.

Анын телефондук сүйлөшүүсү кабылдамадагы катчы кыздын байланыштыруусу менен башталат:

- Алло...

- Жылдыз Камбаровна, саламатсызбы, сүйлөшө аласызбы?

(Катчы телефонду кошот).

- Жылдыз Камбаровна, саламатсызбы, Сиздерде бардыгы жайындабы, иштеп жатасызбы? Билесиздер да, биз сиздер жакка учуп жатабыз.

- Ии, рахмат, ооба, кечээ уктук.

- Анан сизге бир өтүнүч, Ахмед Кая менен сүйлөшүңүзчү. Ага айтсаңыз, “шеф” ал кишини эртең кечки тамакка чакырат. “Диван” деген мейманкананы билесиз да.

- Ии, ооба, ал жакты билем.

- Анда, ага айтсаңыз, президент сизди мына ошол жакка чакырып жатат, салам айтып жатат депчи...

Кызыкчылыктар кагылышы

Видео тасмада мына ошол жашыруун делген жолугушуунун жыйынтыгында президент Атамбаев Түркиянын жетекчилигинен Орусияга каршы саясат жүргүзүү нускамасын алган деп айтылган. Атамбаев Орусия башында турган Евразиялык экономикалык союздун алкагында бекитилген эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга доо кетирген деп айыпталган. Бирок Кыргызстанда Жогорку Нарын сыяктуу ГЭСтер долбоорлору боюнча макулдашуу Москва убада кылган каржылоо болбой калгандыктан улам жокко чыгарылган жагдай негедир тасманы даярдаган тараптын көңүл сыртында калган. Ошондой эле тасмада президент Атамбаев Түркиянын нускамасы менен 1916-жылдагы Кыргызстандагы кандуу окуянын 100 жылдыгын кеңири белгилөөнү ишке ашыра баштады деп айтылган. Буга мисал катары анын быйыл жыл башында чыгарган жарлыгы мисалга алынган. Оппозициялык саясатчы Адил Турдугулов муну геосаясий кызыкчылыктагы ички-тышкы күчтөрдүн алдыдагы саясий өнөктүктөрдү утурлай басымы катары баалады:

- Мен бул видео роликтен Атамбаевди шерменде кылган нерселерди деле көргөн жокмун. Бул материалда далилдүү фактылар так аныкталган эмес. Анан дагы бул видео тасма Кыргызстандан сырткары жакта даярдалган шекилди. Ушундай мүнөздөгү видео тасмалардын жайылып жатканын күздө күтүлүп жаткан саясий өнөктүктөр менен байланыштырууга болот. Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өтүп, аны менен бирге Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өтүшү мүмкүн болуп калды. Анан эми Атамбаевдин ою боюнча толук кандуу парламенттик башкарууга өтүү демилгеси турган сыяктуу. Мына ошону байкап турган сырткы жана ички күчтөр ага карата маалымат чабуулун башташты. Бул бир эле саясий элитага гана эмес, биздин элибиздин аң-сезимине таасир этүүгө багытталган басым десек болот. Анткени биздеги кадамдар бир эле Москвага гана эмес, кошуна турган Ташкен менен Астанага дагы жакпай жатканы белгилүү.

Президенттин "сүймөнчүгүнө" айлануунун машакаты

Ошол эле кезде айрым саясат талдоочулар буга окшогон видео тасмалардын жайылышын алдыдагы президенттик шайлоону утурлай ички күчтөрдүн тымызын аракети менен да байланыштырышууда. Атап айтканда президенттин колдоосу кимге багытталышы мүмкүн деп, учурда тымызын күтүп жаткан саясий күчтөрдүн маалыматтык чагымы деген версия да бар. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкулов Сапар Исаковдун жазылып алынган сүйлөшүүсүнүн ачыкка чыкканы туурасында мына буларга токтолду:

- Ар бир жаран мыйзам боюнча шайлоого жана шайланууга укугу бар. А бирок жакында Германиянын канцлери келип, аны аба майдандан күтүп алуу учурунда президенттин Сапар Исаковду “оң колум” деген сыяктуу айтканы көбүн таң калтыргандай болду. Исаковдун сүйлөгөн сөзүн тыңшап, ачыкка чыгарып жаткан соң, анын атаандаштары тарабынан кызгануу болушу да мүмкүн. Анан эми мына ошол аткаминер өзүнүн сөзүн байкап, анан атайын кызматыбыз көзөмөлдөп турушу керек эле. Биздин атайын кызмат аны көзөмөлдөмөк тургай, өзү мына ошону менен алектенип жатканын коомчулук көрүп турбайбы.

Кадимки адатка айланган каз-катар тыңшоолор

Буга чейин 2010-жылы бийлик алмашкан соң убактылуу өкмөт мүчөлөрү Атамбаевдин, Сариевдин жана Бекназаровдун бирин-бири айыптаган же кайсы бир каржы маселесин чечкени жаздырылган телефондук сүйлөшүүлөрү ачыкка чыгып кеткен. Ошондой эле жакында мурдагы УКМК башчысы Бусурманкул Таабалдиевдин орусиялык ишкер Бажаев менен сүйлөшкөнү жарыяланган. Марат Иманкулов Кыргызстандагы жогорку даражалуу мамлекеттик аткаминерлерди тыңшоолор көнүмүш адатка айланып баратканына төмөндөгүчө кооптонду:

- Казакстанда, Өзбекстанда же Тажикстанда жогорку даражадагы аткаминерлердин телефондук сүйлөшүүлөрү тыңшалып, анан ал ачыкка чыгарылыптыр деп уга элекпиз. Ал эми биздики болсо тыңшалып, ачыкка чыкканы өнөкөткө айлана баштады. Бул өтө коркунучтуу жагдай. Бул деген мамлекеттик тартиптин жоктугу. Мамлекеттик кызматчылар даражасын мына ошол кызматка жараша алып жүрбөгөнүнөн мына ушундай болуп жатат. Шалаакылыктан, кенебестиктен жана өзүм билемдиктен улам мына ушундай окуялар улам кайталанып жатат.

Ошол эле кезде коомчулукта Ак үйдөгү жогорку даражалуу аткаминерлердин телефондук байланыштарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жыштыктар эмне себептен ичинен корголгон эмес деген суроо кабыргасынан коюлууда. Бирок маалымат коопсуздугу боюнча адистер телефондук каналдар корголгон учурда дагы эфир толкундарындагы жыштыктарды кармап алып, тымызын тыңшоолорду жүргүзүүгө учурдагы заманбап жабдуулар толук мүмкүнчүлүк берерин белгилешүүдө.

Ошондуктан атайын кызматтын мурдагы жетекчи орун басары Токон Мамытов бул багытта этияттык керектигин эскертти.

- Мурда ар бир аткаминердин иш бөлмөсүндө “келжирек тыңчынын табылгасы” деп жазылып турчу. Мына ошондой эрежелерди эске алуу керек эле. Анан эми кандайдыр бир маселе боюнча шашылыш сүйлөшүү уюштуруу керек болсо, анда тез арада жашыруун жана жабык байланыш менен камсыздоону жолго коюп алуу зарыл. Анан ар бир аткаминер мамлекеттик саясатты алып барып жаткан кезде өзүн-өзү көзөмөлдөөгө тийиш. Анан эми биздин жогорку кызматтагы жетекчилердин сүйлөшүүсүн жаздырып алып, анан мамлекетке каршы компромат материалды пайдалануу коркунучу бар. Ошону эске алуу зарыл.

Бийликтеги күчтөрдүн тымызын атаандаштыгы

Ошол эле кезде саясий чөйрөдө алдыдагы президенттик шайлоо мурдагы шайлоолорго караганда бир топ күчтүү атаандаштык менен өтөөрү белгиленүүдө. Айрыкча мында өлкөнүн ичиндеги саясий күчтөрдөн сырткары Орусия сыяктуу ири державалардын геосаясий жана каржылык кызыкчылыктагы топторунун ортосунда ич ара тиреши болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Мындай жагдайда азыркы ажонун колдоосуна арзый турган талапкердин ким экени жана анын алып бара турган тышкы саясий курсунун кандай болору маанилүү экени белгиленди.

“Аалам” саясий партиясынын теңтөрайымы Жылдызкан Жолдошова мындай шартта саясий аба ырайды оппозиция эмес, бийликтин ичиндеги көмүскө топтор түзүшү мүмкүн экенине токтолду:

- Биздин өлкөдө азыр саясаттын температурасын көтөрө турган оппозиция жок. Ошондуктан ага негиз жок. Ошол эле кезде президенттикке талапкер болуп чыга тургандардын көбү азыр ачык айтыша элек. Бирок бир гана айта турган жагдай. Ким президент болсо да анын тегерегинде ага таасир этүүчү ар кандай күчтөр болот. Анан эми бийликтин ичиндеги мына ошол күчтөр бири-бирине каршы “чабуул” баштаган болсо, анда анын түпкүлүгү жакшы эмес. Президент мына ошондой нерсеге тоскоол болуп, өлкөнүн туруктуулугу үчүн бийликти таза жана мыйзамдуу жол менен өткөрүп бериши керек.

Ошол эле учурда президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнөн президент Атамбаев тууралуу интернетке жарыяланган видео тасма боюнча кабардар экенин маалымдашты. Учурда буга окшогон чагымчыл видео тасмалар каякта даярдалганы жана мыйзамсыз тыңшоолор боюнча атайын иликтөө иштери жүргүзүлө турганы жарыяланды. Иликтөөнүн жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыялана турганы белгиленди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG