Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Кыргызстанда адамдын жеке турмушунун кол тийбестиги, кат алышуу жана сүйлөшүү купуялуулугун сактоо олуттуу маселеге айланды.

Жарандык коом өкүлдөрү менен парламент депутаттары соңку окуяларга байланыштуу өлкөдө мыйзамсыз тыңшоолорго карата жаза чарасын күчөтүү жана бул тармакты тартипке салуу демилгесин көтөрүшүүдө. Анткени айрымдардын телефон сүйлөшүүлөрү менен жеке турмуш сырларын камтыган тасмалар интернетке жарыяланып жатканы кооптуу жагдай катары каралды.

Мыйзамсыз тыңшоого жоопкерчилик күчөйбү?

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде Кылмыш-жазык процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү долбоору каралды. Анда жарандын кат алышуу жана сүйлөшүү купуялуулугун сактоо укугун чектөөгө сот кандай учурларда уруксат бере турганын тактоо жагы талкууланды.

Мыйзамсыз тыңшоо жана жеке турмуштун сырларын шардана кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү маселеси да сунушталууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө түрткү берген зарылдыктар туурасында мындай деди:

Дастан Бекешев

Дастан Бекешев

- Сүйлөшүүлөрдү тыңшап, жаздырып алып, заманбап технология жардамы менен ага бир сөздү кошуп, андан бир сөздү алып койсо болот. Анан ал ачыкка чыгып, адам сотко бара электе эле кайсы бир оор кылмышка айыптуу катары каралып жатат. Анан үй-бүлөнү бузууга дагы шарт түзүп жатат. Мисалы, кайсы бир оперативдүү орган кызматкери каалаган адамды тыңшап, андан акча талап кылып, шантаж кылышы мүмкүн. Эч ким эч качан андай болбойт деп кепилдик бере албайт. Азыр деле сиз экөөбүздү кимдер тыңшап жатканын биз билбейбиз...

“Биз тыңшайбыз, бизди тыңшайт”

Кыргызстанда саясатчылардын сүйлөшүүсүн алдын ала тыңшап, анын негизинде кылмыш ишин козгогон учурлар өнөкөткө айланганы айтылды. Буга чейин саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун жазылып алынган телефон сүйлөшүүлөрү аларды мамлекеттик төңкөрүшкө даярданган деп айыптоого негиз болгон. Буга коомдук ишмер Дастан Сарыгулов менен эксперт Эрнист Карыбековдун видеотасмасы кошулган. Жакында эле “Элдик парламент” деген аталыштагы кыймыл башчыларынын жазылып алынган сүйлөшүүсү интернетке жарыяланып, алар камакка алынды.

“Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков телефондук тыңшоолор опурталдуу көрүнүшкө айланганы туурасында мына буларга токтолду:

Мавлян Аскарбеков

Мавлян Аскарбеков

- Бийлик азыр СОРМду ооздуктай турган кандай мыйзам кабыл алган күндө деле саясий каршылаштарын тыңшап, жаздырып алып жарыялоону токтотпойт. Бирок азыр бийлик башындагыларды башка бир мамлекеттин атайын кызматтары же трансулуттук компаниялар кызыкчылыгына жараша тыңшап, аларды ачыкка чыгаруусун бийлик ооздуктай албайт. Анын бир мисалы катары УКМКнын мурдагы төрагасынын сүйлөшүүсү ачыкка чыгып кеткенин айтсак болот. Азыркы бийлик от менен ойноп, өзүнүн саясий каршылаштарына карата колдонгон усулдар эртең кайра аларга каршы колдонулбайт деген кепилдик жок. Атайын кызмат башчысынын сүйлөшүүсү – бул чети эле болушу мүмкүн.

Оппозициялык саясатчылардын сүйлөшүүлөрү тыңшалгандан көп өтпөй эле мурдагы УКМК төрагасы Бусурманкул Табалдиевдин Жерүй алтын кенин иштеткен чет элдик ишкер Муса Бажаев менен сүйлөшүүсү ачыкка чыкты. Мына ошонун өзү жарандардын телефон сүйлөшүүсүн угат делген атайын кызматтын өзүн тыңшаган күчтөр бар экени анык болуп калды.

Саясий күрөштүн “алмашкыс” куралы

Ага чейин бийликтин каршылаштарынын жеке жашоосунун сырларын ачыкка чыгарган тасмалар да интернетте пайда болгон эле. Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабекова муну саясий курал катары колдонуу өнөкөтүн айыптады:

- Бирөөнүн жеке турмушунун көшөгөсүн ачып, аны жарыялаган усул ар бир бийликтин куралы болуп калды да. Биз мына ошону абдан чоң курал кылып алдык. Муну мен акмакчылыктын жеткен чеги деп эсептейм. Бирок ар бир саясатчы, мамлекеттик кызматкер сүйлөшкөндө абайлап сүйлөп, жүрүм-турумун таза алып жүрсө, анда алардын турмушун аңдымайлар жана тыңшоолор өзүнөн өзү токтойт эле.

Буга чейин жарандык коом мыйзамсыз тыңшоону тартипке келтирүү үчүн “ыкчам издөө ишмердиги боюнча” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Анда СОРМ – ыкчам издөө иш-чараларынын тутумун ичине камтыган жабдууларды мыйзамдуу пайдалануунун шарттары каралган болчу. Бирок аталган мыйзам долбоору үч жылдан бери парламенттен колдоо таба элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG