Линктер

Жарандык активисттер жана айрым саясий күчтөр Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бийликтин демилгесине каршы кол топтой баштады.

Демилгечи топ референдум сунушун президент Атамбаевдин бийлигин түрдүү жол менен узартып, алдыдагы шайлоодон кийин таасирин сактап калуу аракети деп атады. Президент өзү муну четке кагып, конституциялык реформа Баш мыйзамдагы жоболорду тартипке келтирүү максатын гана көздөй турганын белгиледи. Анткен менен учурдагы Баш мыйзамдын “атасы” деп атыккан депутат Өмүрбек Текебаев сунушталган долбоор бийлик бутактарынын тең салмактуулугун бузарын эскертти.

Бийликти сактап калуунун амалыбы?

Бир катар жарандык активисттер тобу бийликтин учурдагы Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы болуп, коомчулукту аны коргоп калууга үндөгөн чакырык менен чыкты. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоор шашылыш даярдалып, аны референдумга алып чыгууга негиз жоктугун айткан мурдагы парламент депутаты Равшан Жээнбеков муну бийликти бир колго топтоонун амалы катары мүнөздөдү:

- Кезинде Акаев да, Бакиев да мына ушундай негизи жок жүйө менен өздөрүнө ыңгайлуу кылып Баш мыйзамды өзгөртүшкөн. Анан эми Атамбаев президент болуп келгенде эле 2011-жылдан тарта бийликти узурпациялоого багыт алган. Азыр эми мына ошонун бардыгын чоглутуп туруп, бийликти бүтүндөй бир колго топтоо аракетин баштады. Бул мына ошол Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен ишке ашары бардыгына эле белгилүү болуп калды. Атамбаев өзүнүн таасирин сактап калуу жана 2017-жылы бийликтен кетсе дагы өзүнүн кишилерин алып келип, кеңейтилген ыйгарым укуктар аркылуу өлкөнү көмүскө башкаруу жолуна бара жаткан амалы байкалып калды.

Бирок 1-августта Чолпон-Атадагы маалымат жыйында президент Атамбаев ага өлкөнүн туш тарабынан экинчи мөөнөткө калуусун суранган жамааттык кайрылуулар түшкөнүнө карабастан, ал эч кайсы бийликте калбай турганын эске салды. Анан ал артынан президенттикке “мураскор” даярдабай турганын дагы убада кылды. Анткен менен саясатчы Адахан Мадумаров Атамбаев бийликтен кеткенден кийинки өлкөнүн болочок тагдырына кам көргүсү келген “ниети” бар экенин мисал келтирди:

- Анын максаты бирөө гана. Ал - бийликти колдон чыгарбай кармап калуу. Атамбаев өзү буга чейин “менден кийин бийликке жашыраак бирөө келип калса эмне болот, мен ошого тынчсызданам” деп айтпады беле. Эмне болмок эле? Эч нерсе деле болбойт. Кыргызстан калат. Манас кеткенде эч нерсе болбогон кыргыз эми Атамбаев бийликтен кеткенде бир нерсе болуп кетеби? Атамбаев жандалбастап, кандай формада болсо дагы бийликте калуунун гана жолун издеп жатат. Болбой калды дегенде бирөөнү бийликке алып келип, аны сыртынан куурчак катары башкарууну көздөп турат. Баш мыйзамдын чийкилигин эми көрө калгансып, ага өзгөртүү киргизүүнү каалап калганы бул жөн эле шылтоо.

Бийлик мамлекетти чыңдоого багыт алды

Ошол эле кезде КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов айтылган дооматты четке кагып, сунушталган өзгөртүү Баш мыйзамдагы алешемдиктерди жөнгө салууга гана багытталган деп ишендирди. Өмүркуловдун айтымында, долбоордо мамлекеттин эгемендигин чыңдоону, соттордун ишин тартипке салууну жана аткаруу бийлигин бекемдөөнү көздөгөн гана жоболор камтылган. КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов президенттин командасында бийликти бир колго топтоо планы жок:

- Бул жерде эми бийликти узурпациялоо, ыйгарым укуктарды чексиз алуу менен президенттик мөөнөттү узартуу же болбосо башка бир жолдор менен коомчулуктун көзүн будамайлаган көрүнүштөр болсо, анда мен деле ага карата өз көз карашымды ачык айтат болчумун. Бул жерде жанагы “адам укуктары боюнча бөлүмдөгү мамлекет эл аралык уюмдардын койгон талабын аткарат" деген сыяктуу эгемендикке таасир эте турган жоболорду жокко чыгарып, биздин жогорку баалуулуктарды сактоо кепилдигин караган гана шарттар киргизилип жатат. Мен бул сунушталып жаткан долбоордо келтирилген жоболордон бийликти бир колго топтоп алууга жасалган аракетти көргөн жокмун.

Тең салмактуулук принциби бузулдубу?

Адатта буга чейин мындай долбоорду жумушчу топ иштеп чыгып, аны конституциялык кеңешмеде талкуулоо салты калыптанган. Бирок азыр көпчүлүк саясатчылар Баш мыйзамды өзгөртүү долбоору каякта даярдалганын билишпейт.

Долбоордо парламент менен өкмөттүн ыйгарым укуктары боюнча өзгөртүүлөр кирген. Учурдагы Баш мыйзамдын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев жаңы өзгөртүүдө парламенттин укугун басмырлай турган жоболор камтылганын кошумчалады:

- Долбоордогу парламент менен өкмөттүн ортосундагы мамиленин жаңы тартиби мындай: парламент өкмөттү үчтөн эки добуш менен гана кетире алат. Бул деген 82 депутаттын добушу. Ал эми өкмөт парламентке ишеним вотумун койо алат. Бул деген өкмөт парламентке бир мыйзамын алып келип, аны кааласаң дагы, каалабасаң дагы өткөзөсүң дегенди талап кыла алат. Мыйзам өтпөсө өкмөт президентке кайрылып, президент өкмөттү кетирет же парламентти таратат деген ченем кирип жатат. Бул жерде өкмөт ыйгарым укуктарын эле кеңейтпестен, парламенттин үстүнөн болгон үстөмдүгүн орнотуп, жыйынтыгында эми гана бутуна туруп келе жаткан Жогорку Кеңеш алсызданат. Мында бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту кармабаса, анда кайсы бир бутактын күчөп кетишине алып келиши мүмкүн.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата Мекенден” башка фракциялар Конституцияны өзгөртүү үчүн ушул күздө референдум өткөрүү боюнча демилге көтөргөн болчу. Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарууга тапшырма берген. Демилгечилер эң ириде Баш мыйзам аркылуу премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү зарылдыгын айтышкан. Бул өз кезегинде коомчулукта Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин аны өкмөт башчы болуп кайра бийликке келүүсүнө камылга көрүү амалы катары кабыл алынууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG