Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:15

Бийликтеги Социал-демократтардын парламенттеги кайым айтышы алардын ички ынтымагы тууралуу талкууга жем таштады.

Партиянын парламенттеги айрым депутаттары бул партиядан шайланган төраганын жыйынды алып баруусуна ичи чыкпай, төрагалыктан алып салабыз деп демиткенге чейин барышты. Ошол эле Бишкек шаардык кеңешине тизменин алдынкы катарына илинбей калган партиянын жаштар канатынын лидери саясий уюмдун ичинде жакшы эмес көрүнүштөр болуп жатканын белгиледи. ​

Төраганын калыстыгынан шектенген партиялаштар

Жогорку Кеңеште 16-ноябрь күнү “Белизгейт” чатагы талкууланып жатканда КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков ага чектөө киргизүү сунушу менен чыккан эле. Бирок парламент спикери Чыныбай Турсунбеков муну колго салып, аталган сунуш четке кагылган. Мына ошондон кийин чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк алган депутат Жанар Акаев Белизден эч кандай документ расмий түрдө Кыргызстанга жиберилбегени боюнча маалыматка шилтеме берип, УКМК төрагасын жарга такаган суроолорун берген болчу.

Андан соң КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов парламент жогорку кызмат адамдарын тергөөчүдөй болуп суракка албашы керек экенин айтып, төрагадан мындай "шоуну" токтотууну талап кылды. Төрага Турсунбеков ал регалмент боюнча жыйынды калыс алып барууга милдеттүү экенин айтып, партиялашына эскертүү берген.

Анан КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров төраганын жыйынды алып барганын жактырбай, түз эле аны зекигенге чейин барды:

- Чыныбай Акунович, регламенттин талаптарын айтып жатса, сиз “акыл үйрөттү” деп жатасыз. Ошол үчүн жыйынды регламенттин талабы менен алып барыңыз. Бүгүн мына маселени кантип карадык? Эмнеге карадык. Маалыматты уктук. Маалыматты уккандан кийин эми кандай чечим болот? Ушул жагы чечилбей калбадыбы. Сизди сыйлап, жеңил сүйлөп койсо, сиз жөн эле көөп кетпеңиз! Микрофонду өчүрүп-жандыруу менен эле өзүңүздү хан сезип калдыңызбы? Андай болбойт! Эгерде сиз үч жолу регламентти буза турган болсоңуз, анда добушка салып, сизди жыйынды алып баруудан четтетип койобуз.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков регламенттин талаптарын сактап, процедуралык маселенин бардыгы колго салынып жатканын айтты. Чыныбай Турсунбеков анын жыйынды алып барганына ичи чыкпаган партиялаш коллегасына төмөндөгүчө жооп берди:

- Рахмат. Жакшы. Пикириңизди уктук. Отурасызбы эми. Анан эми парламентте 2-3 жыл төраганын орун басары болуп калсаңыз эле элдин бардыгына акыл үйрөтө бересизби. Урматтуу депутаттар, сүйлөй турган жети адам калды. Эми ошолорго дагы кезек берип, анан талкууну бүтүрөлү. Мен сиздер менен кеңешип жатам.

Мына ушундай кийин дагы тынчый албаган депутат Төрөбай Зулпукаров төраганын астына чейин барып, аны кекетип, опурулуп калганга үлгүрдү.​

Ошол эле кезде оппозицияда калган “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев төрага жыйынды регламент боюнча калыс алып барып жатканын белгиледи.

Саясат талдоочулар парламент спикери Чыныбай Турсунбеков өтө олуттуу маселе боюнча жыйынды эч бир жакка тартпай, калыс алып барып жатканы үчүн партиялаштарынын катуу сынына кабылды деп белгилеп жатышат. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев спикерге анын партиялашы атырылып кеткен жагдайга мындайча баа берди:

- Спикер болуп, жыйынды алып баруу өтө татаал иш. Айрыкча биздегидей көп фракциялуу парламентте субъективдүү факторлор бар, фракциялык кызыкчылыктар бар дегендей. Анан эми Төрөбай Зулпукаров өзүнөн улуу кишиге атырылып, кызуу кандуулукка берилип кетти окшойт. Анткени Жогорку Кеңеште саясий казан кайнап турган учур. Албетте, төрага жыйынды алып баруу учурунда бардык фракциялардын депутаттарына тең болушу кажет. Анан дагы Чыныбай Акунович өзү акыйкаттыкты жана калыстыкты карманган саясатчы катары буга чейин деле жыйындарды эч жакка тартпастан, калыс алып барчу. Бул жолу деле ошондой алып барды. Спикер калыс алып барганы үчүн биз парламенттен оппозициянын үнүн угуп жатабыз. Микрофонду эки жакка бирдей берип жатат.

Ыйкы-тыйкылыктын себептери

Бул эми парламенттеги социал-демократтардын арасындагы гана жагдай. Парламенттен тышкары КСДП мүчөлөрүнүн ортосунда да ички ыйкы-тыйкылык жана ажырым ачыкка чыга баштаганы айтылууда. Жакында партиянын жаштар канатынын лидери Ренат Самудинов КСДПдан парламентке депутат болуп келген партиялашы Данияр Аттокуровдун коррупциялык иштерге аралашканын айтып, документалдык далилдер менен айыптап чыкты. Социалдык тармактарда ага каршы партиялаштары Ренат Самудинов партиянын талапкерлеринин алдынкы тизмесине киргизилбей калганы үчүн ичкүптүсүн чыгарып жатат деп жазып чыгышты. Бирок Ренат Самудинов партиянын башында жүрүп, четке сүрүлүп калгандар өз алдынча топтолуп, жетекчиликке талап коюла турганын айтты:

- Азыр Чүйдөгү партиялык активисттердин чогулушунда 2010-жылдагы ыңкылап максатына жеттиби деген маселени талкуулайбыз. Биз, мисалы үчүн ошондо көчөгө чыгып, ыңкылап жасаганда азыркыдай коррупцияга каршы чыгалы, мурдагы бийлик режимдеринин тушундагы жеп-ичкичтерден тазаланалы деген максат койгонбуз да. Эми азыр ошол максаттар эмне болду? Биз мына ошонун бардыгын талдап чыгып, партиянын ыңкылапка катышкан жана 2010-жылдын 7-апрелине чейинки мүчөлөрү менен жолугушуп, көп курч маселелерди кабыргасынан коюп талкууга алалы деп жатабыз.

Ренат Самудинов.

Ренат Самудинов.

Ошол эле кезде саясат талдоочулар КСДП партиясындагы ыйкы-тыйкылыктын себептерин анын баштапкы багыттарынан чегингени менен байланыштырууда. Серепчи Нургазы Мусаев катардагы партия мүчөлөрүнүн арасындагы нааразылыкты эки негизги маселе менен байланыштырды:

- Партиянын ичинде бул ыйкы-тыйкылык акыры бир күнү ачыкка чыгып, партиянын олку-солкулугуна алып келген жагдай пайда болмок. Анткени бул партия бир тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарды. Ал мүмкүнчүлүк – ыңкылаптын койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн сергек ойлонгон жаш партия мүчөлөрүн саясатка алып келип, алар аркылуу бүтүндөй бир тутумду өзгөртүү миссиясы бар болчу. Бирок чыныгы идеялык партиялаштар четте калып эле, акчасы көп адамдар партияны башкарууну колго алып алышты. Азыр эми бул партиянын алдыңкы катарынан мурдагы Акаев менен Бакиевдин учурунда жүргөндөрдү четинен кездештирсе болот. Маселе мына ушундай болуп калды. Анан дагы бир жагдай - бул партия ортодогу капиталга жана ресурстарга ээлик кылууга жетишүү үчүн курал болуп калды. Мына ушул максаттар үчүн гана пратияга кирип, анын күнү күчүн көргөндөр партияда эмгеги сиңген мурдагы ардагер-партиялаштарды сүрүп чыгарып салышты.

Кезинде президент Алмазбек Атамбаев башында болгон КСДП партиясы буга чейин ички ынтымагынын бекемдиги жана тартибинин күчтүүлүгү менен башкалардан айырмаланып келген. Анын арасындагы бөлүнүп-жарылуунун жоктугу адатта президенттик партияга мүнөздүү касиеттер менен байланыштырып келишчү. Бирок соңку мезгилде анын арасында дагы ажырым кетип, ички ыйкы-тыйкылыктардын ачыкка чыга башташы анда дагы партиялык курулушка жат көрүнүштөрдүн бар экендиги менен түшүндүрүлүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG