Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Турсунбек Акун дарыгерлердин көзөмөлүндө


Турсунбек Акун атайын ооруканада жатат
Турсунбек Акун атайын ооруканада жатат

Бир күн мурда тез жардам менен президенттин иш башкармалыгына караштуу ооруканага жеткирилген Турсунбек Акун дарыгерлердин көзөмөлүндө кала берүүдө.

Реанимация бөлүмүнүн башчысы бейтаптын абалы өтө оор эмес, бир калыпта экендигин айтууда. Көз салып, жанында болуп жаткан жубайы Турсунбек Акун сүйлөй албай жатканын билдирди.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу оорукананын реанимация бөлүмүндө жаткан Турсунбек Акун эч ким менен сүйлөшө элек. Бирок эсине келген. Анын абалы тууралуу жубайы Гүлмира Жапарова “Азаттыкка” айтып берди:

- Абалы абдан оор, көзүн ачпай жатат. Башы айланып, жүрөгү айланууда деп жатышат. Тамчылатчу дары берип жатышат, биз да сүйлөшө албадык. Эс-учу болгон менен сүйлөй албайт, көзүн ачалбайт.

Турсунбек Акун атайын ооруканага кечээ кечки саат алтыда түшкөн. Реанимация бөлүмүнүн башчысы Сыйнагүл Ибраеванын айтымында, ал келген учурдан тартып эс-учу жайында. Жүрөгү, кан басымы нормалдуу, бирок башы ооруп жатат.

- Диагнозу - гипертензиондук синдрому бар башынан алган жаракаттын калдыктары. Кечээ бизге түшкөндө башы катуу ооруган. Оорунун баянында анамнез деп койобуз, ошол анамнезден ооруган. 2010-жылы башынан жаракат алган экен, ошол таасир этип, башын оорутуп жатат. Бул диагнозду коркунучтуу эмес деп да айталбайбыз. Анткени кээде күчөп кетет, кээде өзүнчө кайтып кетиши мүмкүн.

Жардамчысы Сүйөркул Сейдиновдун айтымында, Турсунбек Акун кечээ парламенттин имаратында эс-учун жоготуп кулап түшкөн, бир аздан соң нашатыр спирти менен өзүнө келтиришкен. Дарыгерлер бейтаптын тынчын албоону суранып, “Азаттыктын” кабарчысы менен жолугушуусуна макул болгон жок. Алардын айтымында, Турсунбек Акун өзү да эч ким менен сүйлөшүүнү каалабай жатыптыр.

27-июнда Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду акыйкатчынын ишмердүүлүгүн иликтөө комиссиясынын чечиминин негизинде кызматынан четтетти. Турсунбек Акундун өзү болсо добуш берүүнүн алдында эстен танып жыгылгандыктан тез жардам ооруканага алып кеткен.

Турсунбек Акун кылмыш дүйнөсүнүн лөгү саналган Азиз Батукаевдин камактан чыгарылышын иликтөө комиссиясынын тыянагынын негизинде ишин иликтеген атайын депутаттык комиссиянын корутундусун мурдараак сотко берген болчу.

Укук коргоочунун кызматтан четтетилишине байланыштуу кийинки кадамдары кандай болору азырынча белгисиз. Бул тууралуу акыйкатчы аппаратынын башчысы Анарбек Кайназаров буларды билдирди:

- Турсунбек Акун “депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы мыйзамга туура келбейт” деп сотко берген. Азырынча андан эч кабар жок, өзү да ооруканада. Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысын парламент шайлап, парламент кызматтан алат. Жогорку Кеңеш мыйзамга жараша өз иш- аракетин аткарды.

Турсунбек Акун жыл башында эле депутаттардын көпчүлүк добушу менен экинчи мөөнөткө шайланган.

Ал Баткен, Аксы окуяларынан бери укук коргоочу катары таанымал. Былтыр өзү маалымат каражаттарынын бирине “мен акыркы 20 жылда бир да ири тарыхый окуяларды өткөрбөй катышып келатам” деп айткан. 2005, 2010-жылкы ыңкылаптарда митингчилер тарабынан ур-токмокко алынып, ооруканага жатып чыккан.

XS
SM
MD
LG