Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Апта: Коалиция, төрага, оппозиция...


Президент Атамбаев коалиция түзүү мандатын Социал-демократтар фракциясынын башчысы Турсунбековго тапшырууда. 8-декабрь, 2011.
Президент Атамбаев коалиция түзүү мандатын Социал-демократтар фракциясынын башчысы Турсунбековго тапшырууда. 8-декабрь, 2011.

Коалиция түзүү КСДП фракциясына тапшырылды. Парламент төрагасын кызматтан бошотуу маселеси көтөрүлдү. Оппозициянын алсыздыгы байкалууда.

Жаңы коалиция түзүүнү президент Алмазбек Атамбаев 8-декабрда Социал-демократиялык фракцияга тапшырды. Бул фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков башка фракциялардын өкүлдөрү менен коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады.


Жаңы коалиция кандай куралат?


Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктары боюнча коалицияга КСДП, “Республика” жана “Ар-намыс” фракциялары кирери маалым болууда. Булардын ичинен “Республика” фракциясынын коалицияга кирүүдө өз шарты бар. Ал - Өмүрбек Бабановдун өкмөт башчы болушу.

Бирок президент Алмазбек Атамбаев жана КСДП фракциясы өкмөт башчы жумшак рейтинг менен тандалыш керек деген турумду карманууда. Мына ушул жерден эки өнөктөш фракциянын ортосунда пикир келишпестиктер жаралып жатат. Мунун аягы эмне менен бүтөөрү азырынча белгисиз. Бирок “Республика” фракциянын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев КСДП, “Республика” жана “Ар-намыс” фракциялары жаңы коалиция түзүлгөнүн келерки жумада жарыялап, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Коалиция ошондой эле төрагалыкка жана биринчи вице-премьер-министрликке да бирдиктүү түрдө талапкерлерди алып чыгууга кам көрүүдө дейт Курманбек Дыйканбаев:

- Эң биринчи коалициянын ичинен төрагалыкка бир адамды түртөбүз. Анан программасын уккандан кийин өкмөт башчылыкка көрсөтөбүз. Биринчи вице-премьер-министрликке да коалициянын ичинен көрсөтөлү деп жатабыз. Кийинки аптада өкмөттүн да, парламенттин да структурасын карап, өзгөртөлү деп жатабыз.

Дыйканбаевдин айтымында, “Республика” фракциясы өкмөт башчыны тандоодо жумшак рейтингге баруудан тайсалдабайт. Анткени коалициядагы пикирлештерине ишенет.

“Ар-намыс” фракциясы эч кандай шартсыз эле коалицияга кирүүгө даяр турат. Бирок фракциянын ичинде карама-каршылыктар бар. Белгилүү болгондой, “Ар-намыс” фракциясы экиге бөлүнүп калган. Көпчүлүктү түзгөн Камила Талиева башында турган топ бир тарапта, Феликс Кулов башында турган топ экинчи тарап болуп калган. Мына ушундай ажырымга карабай эки топ тең коалицияга кирүүгө макул.

“Ата Мекен” фракциясы коалицияга кирүүдө сыпайыгерчиликти көрсөтүп турат. Алар бир жагынан төртүнчү болуп коалицияга кирүүгө алдын-ала каршы эместигин билдирсе, экинчи жагынан оппозицияда кала берүүгө да даяр экенин айтууда.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов "коалицияга кирүүгө даяр болуп турган үч фракциянын кубаты жана биримдиги дүйшөмбү күнү билинет", - дейт. Бул күнү төрага Акматбек Келдибековго байланыштуу маселе каралат.

“Ата-Журт” фракциясы оппозицияда калууга даярданууда. Муну фракция лидери Камчыбек Ташиев белгилеп жатат. Ошол эле мезгилде “Ата Журттун” ичинен Нариман Түлеев жетектеген “Реформа үчүн” деп аталган топ коалицияга кирүүгө көңүлдөнүп жатканы кабарланууда. Фракциянын мүчөсү Дастанбек Жумабеков:

- Ар бир депутаттын өз ою болот. Бул жөнүндө фракциялардын алдыдагы жыйындарында да айтылат. Бирок менимче “Ата-Журт” оппозицияга кетсе, толугу менен эле кетсе дурус болуп, биз татыктуу оппозициялык фракция болуп берет элек.

Ошентип жаңы коалиция боюнча кызуу сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр жүрүп жатат. Анын негизги бөлүгү куралып калганы да маалым болуп калды. Ал эми “Ата-Журт” жана” Ата Мекендин” коалицияга кирүү маселеси төраганын тагдырынын чечилишине жараша болмокчу.


Төраганын тагдыры кыл учунда


Акматбек Келдибековду кызматтан кетирүүгө олуттуу аракеттер көрүлүүдө. 12-декабрда бул маселе парламенттин күн тартибине коюлат. Маалым болгондой, төраганын дарегине олуттуу сын жана айыптоолор 30-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында айтылган.

Анда айтылгандарга караганда, Акматбек Келдибеков өткөн жылы Караколдогу “Каприз” мейманканасында кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Камчы Көлбаев менен жолугушкан. Ошондой эле төрага "бай-манаптык жорук-жосундарга барган", "мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, кайнатасын кеңешчи кылып алган", "KG номерлерин туш келди тараткан" деген жана башка айыптар коюлган. Мына ушундай айыптарды коюу менен “Ата Мекен” фракциясы төрагага ишеним көрсөтпөй турганын жана маселени парламенттин кароосуна алып чыгарын билдирген.

“Ата Мекен” фракциясы төраганын жүрүм-туруму жаңы системанын нормаларына туура келбей турганын баса белгилеп жатат. Фракциянын
мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов:

- Жасаган иштери жаңы маданиятка, саясий шартка жооп бербейт. Жанагы “кошелектер, “мантайлар” KG менен Кыргызстанды аралап жүрүшөт. "Мына, биз бийликпиз" деп.

Бул маселе 7-декабрда парламенттин пленардык отурумунда каралды. Ал парламентте бир топ талаш-тартыштарга алып келди. Мындай талаш-тартыштар аягында парламентти таратууга алып келерин төрага Келдибеков эскертти:

- Тополоң кыла бербегиле эми, тополоң чыгып кетиши мүмкүн. Ушинтип жүрүп парламенттин түбүнө жетесиңер. Таркатуу болот. Тоткоткула да эми. Эмне кереги бар?

Төрага Акматбек Келдибеков “Ата Мекен” тарабынан коюлган айыптардын бир тобун четке кагып, алар боюнча фракциянын лидерин сотко берерин да билдирди. Ошол эле мезгилде айрым кемчиликтерди да мойнуна алды.
Тополоң кыла бербегиле эми, тополоң чыгып кетиши мүмкүн. Ушинтип жүрүп ушул парламенттин түбүнө жетесиңер.

Төрагага айтылган айыптарды иликтөө үчүн ар бир фракциядан бирден депутат кирген комиссия түзүлдү. Ал комиссия 10-декабрда да иш жүргүздү. Мына ушул күнү төрага Акматбек Келдибеков комиссияга түшүндүрмө берип, “Каприз” мейманканасында ал болгон учурда Камчы Көлбаев да болгонун, бирок алар өзүнчө обочодо отурганын белгиледи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Келдибеков менен Көлбаевдин бир мейманканада болгонун, бирок жолугушуу болгон-болбогонун ушул кезге чейин тастыктабай келген. Бирок акыркы мезгилде комитеттин пикири өзгөрүп, алар "төрага менен кылмыштуу дүйнөнүн аталыгы эки ирет жолугушкан" деп чыкты.

Ошентип төрагага басым ар тараптан күчөдү. Бирок аны кулатуу татаал маселе болчудай. Анткени төрагага ишеним көрсөтпөө үчүн парламенттеги 120 депутаттын ичинен кеминде 80 депутат добуш бериш керек. Ошондуктан КСДП фракциясы бул маселе боюнча добуш берүү ачык болушун талап кылууда. Мындай шартта кимдин кандай добуш бергенин көзөмөлдөө мүмкүн болмокчу.


Оппозициянын алсыздыгы


Кыргызстанда Конституциянын кепилдиктерине карабай оппозиция алсыз болуп чыкты. Маселен, парламенттик оппозиция ушул кезге чейин өкмөттүн быйылкы жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет алууга кудурети жетпей келатат. Оппозициялык деп аталган “Ар-намыстын” өкүлү парламенттин Бюджет жана финансы комитетин жетектейт. Дагы бир оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов ал комитеттин төрагасынын орун басары.

Өкмөттүн отчету берилбей жатышына карата Абдырахманов буларды билдирди:

- Өкмөттөн канча жолу сурадык. Келбей жатат, отчет бербей жатат. Атамбаев шайланып атканда "үч айдан кийин толугу менен отчетумду берем" деп айткан. Үч ай эмес, бир жарым ай болуп кетти, эч берген жок.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов Атамбаев талапкер катары отчетун эл алдында берип, шайланып келди деп жооп берген.

Оппозициянын алсыз болуп жатканын Азимбек Бекназаров да сынга алды. Бул арада парламенттеги жана андан сырткы күчтөр кеңири оппозиция түзүүгө аракет көрүп жатканын “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев маалымат каражаттарына билдирди.

Күчтүү оппозиция гана өкмөттүн ишин көзөмөлдөй алаары белгилүү. Оппозициялык көзөмөлдүн жоктугу өкмөттүн бюджетти каалагандай калчоосуна жол берүүдө.

Маселен, өкмөт башчылыкка шайлоо алдында турган Өмүрбек Бабанов бюджеттин тартыштыгы жоюлуп, ал эмес профицит болоорун 30-ноябрда билдирген эле. Бирок бул эксперттерди ынандырган жок. Ал эмес өкмөт өзү да 9-декабрда жыйын өткөрүп, анда Евразия экономикалык шериктештигинен 106 млн. доллар насыяны бөлүү кечигип жатышына, менчиктештирүүдөн күткөн каражат түшпөй калуусуна байланыштуу быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүүнү чечти. Албетте кыскартуу жагына карай.

Азыркы кезде кыргыз өкмөтүн Эл аралык валюта кору гана колдоп келатат. Ал үч жылдык программанын алкагында июнь айында 15.1 млн доллар бөлгөн, эми декабрда дагы 14.9 млн. доллар бөлүүнү чечти.

Ал эми өлкөнүн экономикасы өсүү жолунан тая элек. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 11 айында өлкөнүн экономикасы 8.5% өстү. Бул өсүш тоо кен, кайра иштетүү жана энергетика тармагынын эсебинен жетишилди.

Экспорт 1 миллиард 627 млн. доллар, импорт 3 миллиард 330 млн. доллар болуп, тескери сальдо 1 млрд. 703 млн. долларды түзгөн. Инфляция 4.6% болду.

Экономикада мына ушундай көрсөткүчтөргө карабай калкты газ, күйүүчү май, электр энергиясы менен камсыздоодо кемчиликтер арбын. Маселен, түштүк региондордо бензин тартыштыгы, салыштырмалуу кымбаттыгы даана сезилип турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG