Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанда иш сапары менен болду. Премьер-министрдин ролун күчөткөн “Өкмөт жөнүндө” мыйзам кабыл алынды.

10-11-майда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга расмий сапары болду. 10-майда Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын жыйынтыгында президенттер жаңы стратегиялык өнөктөштүк боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Кыргызстан менен Казакстан мындай “зоболосу бийик” бир нече келишимдерге буга чейин да кол койгон. Алардын ичинен "Түбөлүк достук жөнүндө" 1997-жылкы, союздаштык мамиле боюнча 2003-жылкы келишимди атасак болот. Андан сырткары тараптар кызматташууларды стратегиялык деңгээлге көтөрүү максатында 2007-жылы Мамлекеттер аралык жогорку кеңешти түзүшкөн.

Мына ушундай маанилүү келишимдерге жетишүүдөн сырткары эки өлкөнүн мамилесине көлөкө түшүргөн жагдайлар да болгон. Маселен, кыргыз коомчулугунда Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын, чек араны чечүүдө Каркыра жайлоосунун Казакстанга өтүүсүнө нааразылыктар бар.

Пландар көп, убадалар аз эмес

Азыркы мезгилде соодагерлердин ишине тоскоолдуктар, газ боюнча карыз, электр энергиясын экспорттоо, эмгек мигранттарынын маселелери күн тартибинде турат.

Атамбаевдин сапарында миграция боюнча келишимге жетишилип, кыргыз эмгек мигранттары катталгандан кийин 90 күн Казакстанда жүрүүгө укук алды.

Алмазбек Атамбаев Астанада сапар учурунда эки тараптуу мамиледе “сөздөн ишке” өтүш керектигин билдирди. Бул жагынан чындыгында жылыштар аз. Маселен, кыргыз-казак инвестициялык фонду иштебей турат.

Казакстан Кыргызстанга Орусияга, андан ары Европага жол ачкан өлкө. Транзиттик аймак катары Казакстан Кыргызстанга дагы бир жагдайда керек болууда. Белгилүү болгондой, Кыргызстан Азербайжан менен биргеликте мунайды кайра иштетүүчү завод курууну болжоп жатат. Ал мунай Азербайжандан Казакстан аркылуу келет. Демек күйүүчү май жагынан Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишүүсү үчүн Казакстандын жардамы керек.

Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев Кыргызстан менен Казакстан Чымкент, Кызыл-Ордо аркылуу Кыргызстанга келүүчү мунай түтүгүн курууну болжоп жатканын билдирди. Бирок түтүк куруу иши өтө татаалдыгын эксперттер белгилеп жатышат.

Саясат таануучу Марс Сариев Алмазбек Атамбаевдин сапары учурунда бир топ маселелер чечилип, сапар ийгиликтүү болгонун белгилейт. Ошол эле мезгилде Азербайжан мунайын Казакстан аркылуу куурлар менен алып өтүү татаалчылыктарды жаратат дейт:

- Бул чоң долбоор болуп атат. Анын ишке ашаарына чоң суроо пайда болот. Себеби миллиондогон акча керек болот. Орусия түз көз менен карабайт. Анткени бул жердеги монополиясынан ажырайт. Өзбекстан да оң карабайт. Ошон үчүн бул чоң проблема пайда кылышы мүмкүн.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов да президент Алмазбек Атамбаевдин сапарын ийгиликтүү деп баалады. Ал Казакстан Кыргызстандын кайсы тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү тууралуу буларды билдирди:

- Менин оюмча, Казакстан биздин гидроэнергетика, туризм жана айыл чарба долбоорлоруна катышса дурус болот. Андан сырткары курулуш тармагына келсе жакшы болот.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиевдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан Казакстанга жогорку Нарындагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышууну сунуштады.

Астанада эки тарап мурунку жетишилген келишимдерди кайрадан бир катар карап чыгууну чечишти. Алардын жана жаңы келишимдердин аткарылышы Нурсултан Назарбаевдин август айында Кыргызстанга боло турган расмий сапарында текшерилмекчи.

Тороло албай жаткан экономика

Кыргызстан инвестицияга абдан муктаж. Ал инвестиция Казакстандан болобу, Орусиядан болобу, Кытайдан болобу – ал экинчи маселе. Экономиканы көтөрүүгө негизги үмүт сырткы инвестицияда калды. Анткени бюджетте өнүктүрүү үчүн каражат жок. Бюджетте каражат болбогондон кийин, инвесторлор кыйгап өтүп жаткандан кийин өлкөнүн экономикасы аксап турат. Маселен, төрт айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция - 6.8% төмөндөгөн. Анын ичинде өнөр жайы дээрлик -30 пайызга, кайра иштетүү тармагы - 43% төмөндөп кеткен.

Өнөр жайындагы ылдыйлоону өкмөт "Кумтөрдүн" ишиндеги кыйынчылыктар менен байланыштырууда.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев "Кумтөрдүн" алтын казууну азайтуусун мындайча түшүндүрдү:

- Биринчиден, элдин туруктуу болбогону ("Кумтөрдүн" жумушчулары иш ташташкан, жергиликүү калк да нааразылык акцияларына чыккан - авт.) да зыянын тийгизди. Шахта деген тынымсыз алдыга жылып турат. Он күн токтоп калды. Бул токтоп калуулар бир топ эле зыян келтирди. Экинчи жагынан, муз жыла баштады. Ал коркунуч туудурду деп, ошол муздарды алып салуу ишин жүргүзө башташты.

Өкмөт "Кумтөрдүн" ишиндеги кемтикти Бозымчак, Иштамберди, Жер үй жана Талды-Булак сол жээк алтын кендерин иштетүү менен толтурууну көздөп жаткан.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшаназаров бул кендердеги абал тууралуу буларды билдирди:

- Иштамбердиде иштеп атышат, башташкан. Ал эми Бозымчакта даярдыктар көрүлүп жатат. Быйыл жылдын аягында ишке кирет. Талды-Булак сол жээкте даярдык көрүлүүдө. Долбоорлор түзүлгөн. Ал жерде алтын казып алуу иштери 2014-жылдын соңуна барып башталат.

Орозбек Дүйшеев өкмөт жана агенттикте уюштуруу иштери начардыгынан аталган алтын кендери иштей албай жатат деп, бийликтин ишин сынга алды.

КСДП өкмөткө нааразы

"Кумтөр" ылдый тарткан өнөр жайдан сырткары кайра иштетүү тармагы да жыл башынан бери көтөрүлө албай келатат. Төрт айдын жыйынтыгы боюнча бул тармак -43% төмөндөп кеткен.

Мына ушул маселе КСДП фракциясын түйшүккө салгандай. Алар токтоп турган эт комбинаттарын, пахта тазалоочу заводдорду өкмөт качан ишке киргизет деген суроону 11-майдагы өз жыйынында көтөрүштү. Фракциянын кароосуна коюлган өкмөттүн орто мөөнөттүк өнүктүрүү программасында бул маселелер каралбаганы сындалып, программа артка кайтарылды.

Алтын экспорттоо кыскаргандыктан өлкөнүн тышкы соодасында тескери сальдо кескин өсүп кетти. Маселен, төрт айда Кыргызстан 388 млн. долларга товар экспорттогон. Бул өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу -12% төмөн.

Импорт болсо 1 млрд. 65 млн. долларга жетип, 39% өскөн. Натыйжада тышкы соодада 677 млн. доллар тескери сальдо пайда болгон. Экономисттер, ал эмес өкмөт мүчөлөрү да тышкы соодадагы бул тартыштыкты эмгек мигранттарынын акча которуулары жаап келатканын моюнга алып келишет.

Реформага бир кадам

Жогорку Кеңеш 10-майда “Өкмөт жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Анда өкмөттүн ыйгарым укуктары, милдеттери жана өкмөттү дайындоонун, бошотуунун жол-жобосу такталган. Ошондой эле административдик-аймактык реформанын да башаты белгиленген. Маселен, бул мыйзамга ыйлык облустарда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кызматы киргизилет.

“Республика” фракциясынын жана парламенттеги Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин мүчөсү Абдыжапар Бекматов муну административдик-аймактык реформанын башталышы катары баалады:

- Айыл округдарын ирилештирүү, райондорду бириктирип, аймактарды түзөбүз деп көптөн бери айтылып келаткан реформалардын башаты. Облустар деген түшүнүктү жойгон реформанын башталышы.

Бекматовдун айтымында, облустардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чакан аппараты болот. Ал мурункудай эле облустук бийлик структураларынын ишин координациялоо укугуна ээ болот.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагаларынын бири Алмамбет Матубраимов өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү түшүнүксүз кызмат деп эсептейт. Анын айтымында, административдик-аймактык реформаны тездетип, райондорду ирилештирүү туура болмок:

- Губернатордун, ыйгарым укуктуу өкүлдүн деле кереги жок. Ансыз деле эки тепкичтүү бюджеттик каржылоого өттүк. Губернатор болгондо эмне кылмак эле? Же финансылык, же кызматтык маселелерди чече албаса... Бул жерде Кыргызстанда жаңы административдик-аймактык жаңы системага келтирип, райондорду күчөтүш керек. Чек арага жайгашкан райондорго өзүнчө статус бериш керек.

Матубраимовдун пикиринде, Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны абдан көбөйүп кетти. Алардын жоопкерчилиги болсо такыр жок.

Өкмөт башчы күчтүү болот

Өкмөт жөнүндөгү мыйзамдагы дагы бир көңүлгө ала турган жагдай өкмөт башчынын милдеттери такталып, ал бир топ күчөтүлгөнүндө. Маселен, мыйзамга ылайык премьер-министр өкмөттү түзөт. Жергиликтүү бийлик башчыларын, алардын орун басарларын дайындайт. Эл аралык финансылык институттарга жана уюмдарга өкүлдөрдү дайындайт. Өлкөнүн тышкы саясатында да өкмөт башчынын ролу күчтүү.

Мыйзамдын 11-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, “өкмөт башчы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт. Эл аралык келишимдерге кол коюуга президентке макулдук берет” деп жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов бул жобо Конституциядан келип чыкканын белгилейт:

- Мамлекет башчы, президент башка жактарга барып, сүйлөшүү жүргүзүп, эл аралык келишимдерге кол койордо премьер-министр менен макулдашып туруп, кол коюш керек деп Конституцияда жазылып калган. Анан ошол Конституцияга ылайык келтирип, “Өкмөт жөнүндөгү” мыйзамга да ошол жоболор кирип атат. Бул эми эл аралык мамилелерде Кыргызстан үчүн бир ыңгайсыздыктарды алып келет. Кээ бир чет өлкөлөрдүн өкүлдөру Конституциянын мына ошол жобосун сындаган учурлар да болгон.

Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Данияр Нарынбаев “Өкмөт жөнүндөгү” мыйзам премьер-министрдин ролун абдан күчөтөрүн белгилеп, тышкы саясатты президент, өкмөт башчы биргелешип жүргүзөт дейт:

- Тышкы саясат өкмөттүн программасынан тескери кетпеш керек. Бул биринчи талап. Конституцияда жазылган жобо. Экинчи жагынан болсо, президент менен премьер-министрдин ортосунда ар дайым тыгыз байланыш болуп туруш керек.

Талдоочулардын баамында, бул мыйзам Кыргызстанда парламенттик бийлик системасын андан ары күчөтүүгө багытталган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG