Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Кыргызстан менен НАТО авто жана темир жол аркылуу транзит боюнча макулдашууга жетишти.

Жогорку Кеңеш коога боюнча кабыл алган чечимдеринин өкмөт тарабынан аткарылышын укту.

Ооганстанга жол ачык

Кыргызстан тышкы саясатында Кошмо Штаттар менен тыгызыраак кызматташуу багытында кадам таштады. 21-майда НАТОнун Чикагодогу саммитинде Кыргызстандын темир жана кара жолдору аркылуу Ооганстанга жүк ташууга жол берген келишимге жетишилди.

Кыргыз тараптан ал келишимге тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, экинчи тараптан НАТОнун баш катчысынын орун басары Александр Вершбоу кол койду.

НАТО үчүн бул келишим эки багытта бирдей керек. Бир жагынан Ооганстанга карай жүк ташуу үчүн керек болсо, экинчи жагынан ал жактан аскердик техникаларды чыгаруу үчүн керек.

Ооганстанга кыргыз жана тажик айдоочулары 2009-жылкы келишим боюнча ошол жылдан тартып эле жүк ташый баштаган. Ал кайсы багыттар менен Ооганстанга барарын Кыргызстан айдоочулар бирикмесинин жетекчиси Темирбек Шабданалиев “Азаттыкка” билдирген эле:

- Бишкек, Ош, Чоң-Алай, Сары-Таш, Карамыкка барып, андан ары Жерге-Тал, Дүйшөмбү шаарынан өтүп, Пянж деген дарыядан Ооганстанга киребиз. Ооганстандын аймагына да 20 чакырым ичкери барабыз.

Темирбек Шабданалиев жаңы келишимде жергиликтүү айдоочулардын кызыкчылыктары сакталды бекен деп санаркайт. Ал эми министрлик бул боюнча маалымат бере элек. Жогорку Кеңештин депутаттары болсо келишимдин маани-мазмуну ал парламентке ратификацияга келгенде айкын болот дейт.

Шабданалиевдин санаркоосуна да негиз бардай. Анткени транзит боюнча келишимге жетишүүнүн алдында эле чет өлкөлүк оор жүк ташуучу унаалар Кыргызстан аркылуу Ооганстанга жүк ташый башташкан. Бирок алар кыргыз-тажик Карамык бекетинде такалып калышкан.

Карамык бекети эл аралык эмес, эки тараптуу бажы бекети деген жүйөө менен гана чет өлкөлүк унаалар кармалган. Бирок алардын башка өлкөлөрдөн келип, Кыргызстан аркылуу Карамыкка чейин баруусуна кимдир бирөөлөр жол берген. Шабданалиев “бийлик менен байланышы бар ортомчулар аябай көбөйүп, алар жергиликтүү айдоочулардын кендирин кесүүдө”, - дейт.

Кыргызстан Кошмо Штаттардын транзиттик жолго муктаждыгын канааттандыруу менен өзүнүн кызыкчылыгы боюнча да бир катар маселелерди көтөрдү. Ал Америкага аттанган кыргыз жарандарынын студенттик, ишкерлик жана туристтик визаларынын беш жылдык мөөнөткө берилишине байланыштуу болду. Ошондой эле Бишкек Вашингтон менен эки тараптуу эркин соода жүргүзүү боюнча да келишимге жетишүүнү сунуштап жатат.

Эгерде кыргыз жарандарынын АКШдагы визасы беш жылга узартылса, анда эмгек миграциясына байланыштуу маселени да жеңилдетүүгө болот эле дейт Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков:

- Бул маселелердин көпчүлүгү АКШнын базасы Кыргызстанда калабы-калбайбы ошого жараша чечилет. Эгерде биз мурдатан эле сүйлөшүүлөрдө, мурдагы президенттер, же кийинки убактагы эле сүйлөшүүлөрдө ошол маселелерди база менен кошуп киргизгенде, анда бул маселелердин көпчүлүгүн базанын арты менен чечүүгө бизде мүмкүнчүлүк бар эле. Азырынча база боюнча биз так позициябызды айтмайынча, алардын чечилиши абдан күмөндүү.

Президент Алмазбек Атамбаев "Азаттыктын" деректири Венера Сагындык кызы менен Бишкек бюросунун башчысы Султан Жумагуловдун суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 23-май, 2012.

Президент Алмазбек Атамбаев "Азаттыктын" деректири Венера Сагындык кызы менен Бишкек бюросунун башчысы Султан Жумагуловдун суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 23-май, 2012.

Азыркы кезде Кыргызстан менен Кошмо Штаттар транзиттик борбордун 2014-жылдан кийинки тагдыры боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү баштап жатышат. Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев базанын келечеги тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде буларды билдирген эле:

- 2014-жылдан кийин АКШга логистика жагынан жардам берели деп жатабыз. Бирок "Манаста" аскердик база болбош керек. Азыр Американын бир топ аскерлери бар. Ачык айтканда "Манаста" аскердик база бар. Аскердик база жарандык аба майданда болбош керек. Мындай көрүнүш жок дүйнөдө. Стамбулга барасызбы, Франкфуртка барасызбы, Москва барасызбы - жарандык аба майданда аскердик база болбойт. Бирок жүк ташуу жагынан биз жардам беребиз. Ташый беребиз. Ал жүктү ташуу үчүн, аскерлерди ташуу үчүн же башка бир жарандарды Бишкектен Ооганстанга ташуу үчүн аскердик базанын болушу шарт эмес.

Кыргызстандын Кошмо Штаттар менен тыгызыраак кызматташуу кадамдарды Москванын кубаттоосуна ээ боло бербейт. Мына ошондуктанбы, президент Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүү боюнча кыргыз тараптын сунушуна “ак, же көк” деген эмес. Ал президент катары алгачкы тышкы сапарын Беларуска жасаары күтүлүүдө. Андан кийин Бээжинге Шанхай кызматташуу уюмунун саммитине барып, Астанага кире кетери маалым болгон.

Кыргызстан менен Орусия аткарууну болжогон энергетикалык долбоорлордун тагдыры да азырынча белгисиз экени Алмазбек Атамбаевдин маегинде белгилүү болду. Кыргыз президентинин сөзүнө караганда, орус тарап долбоорлорду ишке ашырууга ниети бар-жок экени боюнча жакын арада кабар берүүгө тийиш.

Парламент өкмөттү укту

23-майда Жогорку Кеңеш апрель, июнь окуялары боюнча кабыл алган токтомдорунун аткарылышы боюнча өкмөттүн баяндамасын укту. Парламенттин токтомунда апрель, июнь окуяларына күнөөлүүлөрдү таап жазалоо, банк уячаларынан акча алгандарды табуу менен катар маанилүү мамлекеттик органдарды Ошко көчүрүү да жазылган эле.

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев айрым органдарды Ошко көчүрүү коопсуздук маселелерине байланыштуу аткарылбасын билдирди. Бул бир жагынан чындык. Ош чек арага өтө жакын жерде жайгашкан. Капилет окуя болуп кетсе, анын коопсуздугун камсыздоо татаалчылыкты жаратат. Албетте мындай жооп айрым депутаттарды канааттандырган жок. Алар Кыргызстандын ар бир укум жерин коргой ала тургандыктарын жарыя салууга шашышты.

Июнь жана апрель окуяларын иликтөөнүн жүрүшү боюнча башкы прокурор Аида Салянова депутаттарга жооп берди. Ал июнь окуясында Убактылуу өкмөттүн саясий күнөөсү бар экенин, бирок кылмыш жообуна тарта турган жагдай жок экенин билдирип чыкты.

Ошондой эле июнь коогалаңын уюштурду деп шектелгендердин ушул кезге чейин табылбай жатышы калктын да, депутаттардын да нааразылыгын жаратып келатканы белгилүү.

Парламентте сөз сүйлөгөн “Ош шейиттери” уюмунун өкүлү Тургунайым Айтиева мына ошондой маселени койду:

- Ош окуясын уюштуруп, качып кеткендер келеби, же жокпу? Так жообун бериңиздер. Бирок мен бул жерден айтып коёюн, аларды алып келе албайсыздар. Алар бул согушту жасоого атайын пландалган адамдар болгон. Качырып жибердиңер, эми аларды силерге эч ким бербейт.

Башкы прокурор Аида Салянова тарабынан аракеттер жасалып жатат деген жооп болду:

- Башкы прокуратура тарабынан Батыров, Абдуллаева, Абдрасулов, Салахуддинов, Караматов, Абакжанов, Кудайбердиев, Мирзаходжаев, Абдусаламов, Акбаровду издөө жана аларды Кыргызстанга экстрадициялоону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Өкмөттүн жана тартип коргоо органдарынын бул аракеттеринен натыйжа чыкпай жатат. Аты аталган адамдардын айрымдары Өзбекстанда жүрсө, дагы башкалары Европада жүрүшөт. Европада жөн эле жүрбөй Кыргызстанга каршы иштерди жасап жүрөт деген сөздөр парламентте айтылды. Маселен, Кадыржан Батыров Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунда сөз сүйлөп, Кыргызстанды сынга алган.

Бүйүрдү кызыткан окуя - банк уячаларынан акчалардын алынышы жана Максим Бакиев телефон компанияларына киргизген 60 тыйын салыктан топтолгон 345 млн. сомдун кайда жумшалышы болду. “Ата-Журттун” лидери Камчыбек Ташиев бул каражат кайда жумшалганы боюнча маалыматты талап кылды. Өкмөт мүчөлөрү ал апрель окясында жабыркагандар үчүн үй курууга жумшалганын айтышып, бирок кагаз жүзүндө маалымат берүүгө милдеттеништи.

Камчыбек Ташиев акча кандай сарпталганын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады:

- Депутаттык комиссия түзүп иликтейли. Кыргызстан үчүн бул өтө чоң акча. 345 млн. сом кайда кетти? Канча үй курулду? Ар бир курулган үйдүн квадрат метри канчага турду? Калган акча кимдин чөнтөгүндө? Мына ушул маселелерди аныктап чыгышыбыз керек.

Ал эми банк уячаларынан акча карактоо боюнча иште жылыш жок. Башкы прокурор Аида Салянова банк уячаларынан алда канча көп акча алынган деген маалыматтар тастыкталбай жатканын билдирди. Бирок оппозициялык депутаттар бул маселелердин көбү бийлик алмашкандан кийин ачыкка чыгат деген пикирде.

Депутаттар талкуунун соңунда мурунку кабыл алынган токтомдорду аткарууну улантууну кайрадан өкмөткө жана тартип коргоо органдарына тапшырышты.

Мандемдүү ZTE

Кыргызстанды коррупциялык жаңжалдар эриктирбей турат. Бул ирет коррупциялык жаңжалдар кытайлык ZTE аттуу компанияга байланыштуу болуп чыкты. Белгилүү болгондой, "Мегакомдун" 31 млн. доллары, анын ичинде кыргыз чиновниктеринин оффшордук зоналардагы эсептерине түшкөн 6 млн. доллар дал ушул ZTE компаниясынын колу менен жасалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат аныктап чыкты.

Ушул эле компаниянын электр энергиясын эсептегичтерди Кыргызстанга алып келүүсү боюнча иштери да белгилүү боло баштады. Депутат Акматбек Келдибековдун билдирүүсүнө караганда, бул компания “Түндүк электронун” электр эсептегичтерин сатып алуу боюнча тендерин утуп, 6 млн. долларга жабдууларды алып келген:

- ZTE компаниясы “Түндүк электронун” тендерине катышып, 6 млн. долларга электр эсептегичтерди сатууну утуп алган. Бул компанияга УКМК жыштыкты да алып берген. Бул ZTE эмне деген компания? Анын артында ким турат? Мунун баарын териштириш керек.

Кытайлык ZTE компаниясы телекоммуникация багытында Борбор Азия регионунда көп жылдан бери иштеп келатат. Бирок анын "Мегакомдун" 6 млн. долларын оффшордук зоналарга которуусу көптөгөн шектенүүлөрдү жаратып койду. Эми электр эсептегичтер боюнча маалымат ал шектерди күчөтүп, бул компаниянын кыргыз өкмөтүндөгү айрым жогорку даражалуу чиновниктер менен коррупциялык байланышы бардыгы айтыла баштады.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси ZTE компаниясы УКМКнын тергөө ишине көмөк көрсөтөрүн 25-майда билдирди.

Белгилүү болгондой, УКМК "Мегакомдун" 6 млн. доллары кандай шартта оффшордук зоналарга которулганын иликтеп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG