Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Парламент башкы прокурордун баяндамасын укту


Беларуста Александр Лукашенко президент болуп турганда Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келип, жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес.

Бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова парламентте жылдык баяндама жасап жатып билдирди.

Парламент бул сессиясында өлкөдөгү мыйзамдуулуктун 2011-жылдагы абалы боюнча башкы прокурордун баяндамасын угуп, ага канааттандырарлык деген баасын берди.

Депутаттар баш прокурордун отчетун канааттандырганы менен, аны мыйзамдуулук жаатында чабалдыгын көрсөтүп жатат деп сынга алышууда.

Курманбек Бакиев келет-келбейт

Депутаттар 2010-жылдагы апрель жана июнь окуялары боюнча издөөдө жүргөн адамдарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштерге нааразы. Маселен, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова Башкы прокуратура аларды өлкөгө кайтарууда чабалдыгын көрсөтүп жатат деп сындады. Бирок баш прокурор Аида Салянованын айтымында, көп учурда ага саясий себептер тоскоол болууда.

- Кээ бир учурда бул саясатка байланыштуу болуп жатат. Беларуска кийин прогрессивдүү күч келип, башкача көз караш болушу мүмкүн. Бирок азыр Лукашенко президент болуп турганда, Бакиевди алып келүү аракетинен эч кандай натыйжа чыкпайт.

Депутаттар баш прокурорго айрым чуулгандуу кылмыш иштери боюнча да нааразычылыгын билдиришти. “Республика” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов партиялашы, депутат Исхак Пирматовго “кылмыш иши негизсиз козголгон” деп парламент чечим чыгарса да Башкы прокуратура ишти эмне үчүн жаппай жатканына кызыкты.

- Жогорку Кеңеш "иш туура эмес козголуптур, бул жерде Пирматовдун күнөөсү жок" деген чечим чыгарып берген. Эмне үчүн ал аткарылбай жатат? Сиз негизи ал ишти кыскартышыңыз керек беле? Эмне үчүн "кылмыш ишти токтотуп коюп, Пирматов мандаты аяктаганга чейин күтөбүз" деп, маалымат жыйынын берип жатасыз?

Салянованын айтымында, Пирматовдун кол тийбестигинен ажыратып, жоопкерчиликке тартууга парламент макул болбогону менен кылмыш ишин жаап, же кыскартып жиберүүгө мыйзамдар жол бербейт.

- Кылмыш-жаза кодексинде бардык негиздер жазылган. Ал жерде “Жогорку Кеңештин токтому чыгып, ага жараша кылмыш иши токтотулсун же кыскартылсын” деген нерсе жок.
Лукашенко президент болуп турганда, Бакиевди алып келүү аракетинен эч кандай натыйжа чыкпайт.

Депутат Алтынбек Сулайманов ошондой эле энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугунан да шек санайт.

- Шадиев боюнча адегенде 304-берене менен иш козгогонсуңар. Бирок андай кылмышы жок экен деп, кайра 316-берене боюнча “шалаакылык” деп козгодуңар. Муну кандай түшүнсө болот?

Баш прокурор Салянова Шадиевге радиактивдүү көмүр сатып алууга байланыштуу “шалаакылык” боюнча айып коюлганын белгилеп, эгер сотто анын күнөөсү далилденсе, бир жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

- Шадиевге шалаакылык беренесине ылайык, өтө оор эмес кылмыш жасаган деп иш козголгон.

Ыраазы жана нааразы депутаттар

Башкы прокурор ички иштер жана саламаттык сактоо министрлеринин орун басарларына, Талас облусунун губернаторунун орун басарына, ошондой эле, бир топ аким жана айыл өкмөттөргө кылмыш иши козголгонун маалымдады. Анын айтымында, аткаруу бийлигинде, күч түзүмдөрүндө мыйзам бузуулар арбын кездешет. Өкмөт мүчөлөрүнүн билдирүүлөрү жана жасаган иштери мыйзамдарга каршы келген учурлар да бар.

Мындан тышкары, мыйзамдарга каршы келген өкмөттүн токтомдору да чыгарылган. Бирок мыйзам бузулуп жатканы боюнча прокуратуранын эскертүүлөрүнө өкмөт көңүл кош карап жаткандыгы белгиленди. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков андай эскертүүлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөөгө чакырды.

- Өкмөттү биз сөзсүз түрдө эскертүүлөрдү аткарттырышыбыз керек. Мыйзамды буздубу - аны кайра ордуна коюш керек. Ушуларды акырына чейин көзөмөлдөш керек. Анткени ушундай токтомдор көп. Экинчиден, сот жараяндарында прокурорлор катышат. Анда кээ бир учурларда туура эмес чыккан чечимдер болот. Бирок ага прокурорлор каршылык билдирбей коюшат. Ушундай мамилени жоюу керек. Себеби мындай иштерди сүйлөшүлгөн коррупциялык жол деп айтсак болот.

Парламент башкы прокурордун баяндамасын канааттандырарлык деп тапты. Анткен менен айрым депутаттар анын ишине чабал деп баа берүүдө. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков мындай дейт.

- Прокуратура иштеген жок дегенден алыспыз. Себеби бул иште райондук, шаардык, облустук жана аскер прокурорлорунун эмгектери турат. Бири жакшы, бири орто, бири начар иштейт. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Бирок натыйжалуу деп айткандан алыспыз. Эгер натыйжалуу болгондо, коррупция боюнча жок эле дегенде 5-6 адам түрмөдө отурушу керек болчу. Бизде жаманбы, жакшыбы коррупция деген берене бар.

Талдоочулардын пикиринде, прокуратура органдары коррупциялашкан делген тармактардын бири катары эсептелет. Андыктан өлкөдөгү коррупция азайышы үчүн оболу бул жааттагы паракорчулукка чек коюу керек деп санашууда.

Аида Салянова башкы прокурорлукка өткөн жылы апрель айында мурдагы президент Роза Отунбаева тарабынан сунушталып, ага 119 депутаттын 77си макулдугун берген.

XS
SM
MD
LG