Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

Башкы прокуратура жыл жыйынтыгын чыгарды


Өткөн жылы паракорчулукка тиешеси бар делген 200дөн ашык мамлекеттик кызматкерге кылмыш иши козголгон. Анткен менен коомчулукта прокуратуранын ишине ичи чыкпагандар арбын.

2011-жылдын жыйынтыгын чыгарган Башкы прокуратура өткөн жылы абак жайларындагы адам укуктарынын корголушуна басым жасап, коррупцияга каршы күрөштү күчөткөнүн белгиледи. Абак жайларда кыйноолордун тизгинин тартуу үчүн прокуратура кызматкерлери мөөнөт-мөөнөтү менен убактылуу кармоочу жайларды текшерип турган.

Жыйынтыгында бир катар милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Бир эле Бишкек шаарында кыйноого байланыштуу 8 милиция кызматкерине кылмыш иши козголуп, алардын экөө шарттуу түрдө кесилген. Муну менен катар прокуратура коррупцияга каршы күрөштү күчөткөнү жылдык жыйында белгиленди.

Башкы прокурор Аида Салянова:

- Былтыр соттук коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүүдө бир катар ийгиликтерге жетиштик. Мисалы, тартип коргоо кызматкерлерине үч эседен көп кылмыш иши козголуп, 60тан ашык адамга кылмыш иши козголду. Эми бул иштерди аягына чейин дыкаат тергеп, мамлекетке жакшылап айып өндүрүү керек.

Бирок кылмыш иштери жалаң гана төмөнкү кызматтагыларга козголуп, жогорку кызматтагылардын кылы да кыйшайган эмес. Ошондуктан Аида Салянова бул багыттагы прокуратура органдарынын ишин канааттандырарлык эмес деп баалады:

- Коррупциялык иштерге каршы козголгон кылмыш иштери негизинен орто даражадагы кызматкерлерге багытталды. Ошондуктан муну жалпысынан канааттандырарлык эмес деп баалоого болот.

Сындагандар жана реформа күткөндөр

Президенттин аппаратынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев прокуратуранын ишин сынга алды. Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери өңчөй сандар менен ишинин жыйынтыгын көрсөтүүгө аракет жасап жатат. Бирок коомчулуктагы бул органга болгон ишеним өтө төмөн:

- 2005-жылы ыңкылаптан соң чуулгандуу иштер ачылган эле, 2010-жылы да ушундай иштер ачылган. Бирок алардын бирөө да аягына чыккан жок. Мындан улам коомчулукта прокуратура иштерди атайын эле акча топтоо үчүн ачып, акча топтогон соң жаап салат деген пикир түзүлүп калды.

Президенттин аппарат жетекчиси коомчулуктун ишенимин кайтаруу үчүн сот реформасы сымал эле прокуратура органын да реформалоого кезек жеткенин белгиледи.

Прокуратура адам укуктарын коргоо жана мыйзамды сактоо багытындагы иштерди жолго коюп жатканын дембе-дем айтканы менен, буга макул болгондор четтен табылат.

Адвокат Нурбек Токтакунов прокуратура мыйзамды сактоону, адам укуктарын коргоону жана коррупцияга каршы күрөштү кагаз жүзүндө гана аткарбаса, көзгө толумдуу бир да иш жасабаганын белгилейт.

- Эгер прокуратура чындап эле коррупцияга каршы күрөштү баштаса, анда азыркы бийликтегилерди жоопко тартуу менен башташы керек. Азыр бийликте жүргөн өкмөт мүчөлөрү, депутаттардын көпчүлүгү коррупцияга аралашкан. Булардын былык иштерин чукуп чыгып, кылмыш ишин козгошу керек. Ошондо гана мен булардын чындап иштеп жатканына ишенем. Болбосо, бийликтен кеткен бирин-экин адамды чукуп койгондон пайда чыкпайт.

Ошол эле кезде прокуратура иштөө ыкмасын эч өзгөрпөстөн, жогорку бийликтин айдактоосунан чыга алган жок деп сындагандар да бар. Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун айтымында, прокуратура мурдагыдай эле саясий жазалоочу органга айланды:

- Башкы прокуратура Акаев учурунда да, Бакиев учурунда да бийликтин негизги жазалоочу куралы эле. Азыр деле саясаттан тыш болуп, адамдардын укугун коргогондун ордуна бийликтин айтканынан чыкпай, саясий буйруктарды аткарып жатат.

Ошентсе да прокуратура УКМКнын алдында түзүлгөн коррупцияга каршы агенттик менен эриш-аркак коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө убада берүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG