Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

7-апрелден кийин банк уячаларынан алынган миллиондордун тагдырын иликтөө боюнча парламенттик оппозиция атайын комиссия түздү.

Мурдагы бийликке жакын адамдарга таандык деген шек менен жабылган банк эсептерин мыйзамсыз ачкан деген айып менен суракка тартылган Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери соттон актала башташты.

Банк уячаларынан алынган 21 миллион доллар боюнча козголгон кылмыш иши Курманбек Бакиев режимине байланышкан экономикалык кылмыш иштерге бириктирилген. Башкы прокуратура банк уячаларынан табылган акчанын сыры создугуп жаткан соттук териштирүүлөргө жараша ачылаарын эскертти.

Акча алганга катышкандар актала баштады

7-апрелдеги элдик козголоңдон кийин келген Убактылуу өкмөт АУБ, “Манас Банк”, “КыргызКредитБанк”, “Ысык-Көл Инвестбанк” сыяктуу банктардагы күмөндүү эсептерди камакка алган болчу. Кийинчерээк Бишкек шаар прокурору Кубанычбек Абыловдун уруксаты менен атайын тергөө тобу ондон ашуун банк кутучаларын ачып, Бакиевдин жакындарына таандык делген 21 миллион доллар таап чыгып, Улуттук банкка сактоого жөнөткөн.

Бирок 2010-жылы күзүндө баш прокурор болуп келген Кубатбек Байболов аталган банк уячалары мыйзамсыз ачылган деген негиз менен кылмыш ишин козгоп, ага катышкан прокуратура кызматкерлерин жумуштан четтеткен.

Бир жылга жакын созулган тергөөдөн кийин мурдагы Бишкек шаар прокурору Кубанычбек Абыловду, анын орун басары Манас Нышановду, тергөөчүлөр Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиевди шаардын Биринчи май райондук соту актап чыкты. Бирок сот жараяны качан жана кандайча өткөнү кеңири коомчулукка белгисиз бойдон калган. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул боюнча апелляциялык даттануу андан жогорку - Бишкек шаардык сотуна берилгендиги аныкталган жок.

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов жетиштүү материалдар жана күмөндүү жагдайлар болгонуна карабастан актоо чечими чыкканына анча деле таң калбаганын айтууда:

- Бул иш боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын жооптуу кызматкерлери жана айрым тергөөчүлөрү жоопкерчиликке тартылып жатышкан. Алар мына ошондой жол менен банк кутучаларын ачууга Башкы прокуратуранын жана Бишкек шаардык прокуратурасынын жетекчилери көрсөтмө беришкенин айтышкан эле. Бирок азыр ага карабастан бардык жагдайларды көз жаздымда калтырышкан. Ошонун натыйжасында мына ошолордун бардыгы акталып чыгып, чогулуп алып эми “сен бизди отургузам дегенсиң” деп өч алуу максатында мага каршы чабуулга өтүштү. Банк кутучалары кандай мыйзамсыз жолдор менен ачылганы жана кандайча болуп оңду-солду сарпталганы боюнча тиешелүү материалдар мына ошол кылмыш ишинде бар болчу. Бирок биз кызматтан кеткенден кийин алар мына ошонун бардыгын жашырып-жаап жатышпайбы.

Жоголгон дисктин дайыны кайда?

Банк кутучаларындагы миллиондорго байланышкан ызы-чуу ошол кездеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин телефондук сүйлөшүүлөрү жарыяланып кеткенден кийин башталган. Анда уячалардан алынган акчанын эсебинен эки миллион долларды алып, кайсы бир иштерге чыгымдоо тууралуу сөз болгон.

Кубатбек Байболов

Кубатбек Байболов

Кийин Бекназаров менен Сариев жазылып алынган сүйлөшүүлөр аудио монтаждын жардамы менен бурмаланган деп чыгышкан болчу. Бирок ага удаа эле "банк уячаларынан табылган акча жүз миллиондун тегерегинде болгон" деген сыяктуу такталбаган маалыматтар тараган.

Кубатбек Байболовдун ою боюнча, банк кутучаларын ачуу учурун жазып алган видеобайкагычтын эс-тутуму сакталган катуу дисктин жоголушу күмөн саноого негиз болуп жатат:

- Эми аны атайлап жок кылышкан. Болбосо алар мыйзамдуу жана таза жолдор менен иштешсе, мына ошол банк кутучаларын ачуу учурун тартып алган камералардагы жазуулар сакталып турат эле. Алар бардыгын билгизбей жасаганга аракет кылабыз деп, анан ошол катуу дискти жок кылып жатышпайбы. Ошонун айынан чынында канча акча алынганы белгисиз болуп жатат. Бакиевдерге жакын адамдардын бири чет өлкөдө берген маегинде “АУБдун өзүндө эле жүз миллион доллар акча болгон" деп билдирбеди беле. Ошон үчүн мында күмөн саноого негиз бере турган жагдайлар өтө эле көп болчу. Иш жүзүндө акча мыйзамсыз алынган. Мыйзамга таянганда жөн гана банк кутучалары бекитилип, мөөр басылып, анан тергөөдөн кийин гана соттун чечими менен конфискациялап, мамлекетке өткөрүш керек эле. Иш жүзүндө банктардагы кутучаларды аңтарууда 17-жылдагы большевиктердей иш алып барышканы көрүнүп турат.

Банктардын акча сактоочу жайларын тарткан видеонун катуу дискинин жоголушу жана ага кызыкдар адамдар туурасында тергөө материалдарында расмий маалымат жок. Ошондуктан жоголгон диск кылмыш ишиндеги өзөктүү жагдай экендигине карабастан, банктын күзөт кызматынын жоопкерчилиги тууралуу маселе да көтөрүлгөн эмес.

Бекназаров: Карандай каралоо

Ошол эле кезде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бекназаров менен Сариев аталган коммерциялык банктар аркылуу 6-7-8-апрель күндөрү эле 200 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айрым маалымат агенттиктери аркылуу жарыялашкан. Ошондон улам алар банк кутучаларында катылган миллиондордун кайсы бир бөлүгүн таап чыгып, мамлекетке өткөргөн прокуратура кызматкерлерине айып тагуу аркылуу убактылуу бийликти каралоо аракети болуп жатат деген жүйөлөрдү келтиришет.

Ошол кездеги Убактылуу өкмөттө коопсуздук жана укук коргоо органдарын тескеген Азимбек Бекназаров банк уячаларын ачууга байланыштуу айыптоону жасалма токулган кылмыш иши катары баалады:

Азимбек Бекназаров

Азимбек Бекназаров

- Байболов баш прокурор болору менен бакиевчилердин акчасы сыртка чыгып кеткендигинин бетин ачабыз деп кыйкырып чыкпады беле. Бир жылга жакын отуруп, мына ошону аягына чыга алган жок. Анан шаардык прокурорлордо эмне айып? Алар мына ошол акчаны таап чыкканда рахмат айткандын ордуна “кызматты бошоткула, болбосо иш козгойм” деп коркутуп, жумуштан четтетип атпайбы. Байболов өзү канча акча тапты? ИИМ, УКМК канча акча тапты? Алар таба алышкан жок. Мына эми азыр ак жеринен айыпталган шаардын прокурорлору акталып жатышат. Аларда оперативдик мүмкүнчүлүктөрү аз экендигине карабастан мына ошол жашырылган акчанын кандайдыр бир бөлүгүн таап чыгышпадыбы.

Ошол учурда башкы прокурордун милдетин аткарып турган Байтемир Ибраевдин айтымында, банк кутучаларын ачуунун мыйзамдык тартиби бузулган эмес. Ошол себептен ал бул ишке тартылган прокуратура кызматкерлеринин аракеттеринде кылмыштын курамы болушу мүмкүн эмес деген ойдо.

Учурда башкы прокурордун тергөө иштери боюнча орун басары болуп иштеп жаткан Байтемир Ибраев күмөндүү банк кутучалары мыйзамдын чегинде ачылганын тастыктай турган жагдайлар сотто далили менен келтирилгенин белгиледи:
Тынчып калган учурда деле, шайлоонун алдында 700 миңден ашуун долларды алып жатышпайбы. ИИМге 300 миң, УКМКга 400 миң доллар берилген.

- Бизге бул боюнча маалымат берип турган адамдар болгон. Алардын аты-жөнүн ачыкка чыгара албайбыз. Эгерде коомчулукка белгилүү болуп калса, аларды өлтүрүп кетиши мүмкүн. "Мына бул банк кутучасы тигиге тиешелүү, ал болсо буга таандык" деп берилген маалыматтын негизинде гана биз ошол банк кутучаларындагы акчаны таап чыктык.

Анан аларды ачуу тартиби кандай? Биздин кызматкерлер жөн эле бастырып барышып, талап-тоноп алгыдай баштары экөө эмес. Ошондуктан сырттан калыс адамдар, банк кызматкерлери, финполиция, тергөө тобунун мүчөлөрү чакырылып, бирге акт түзүп, кутуларды ачып, акчаны мамлекетке өткөрүп беришкен. Мунун бардыгы тастыкталып, бул боюнча иште тиркелип турат
.

7-апрелдеги элдик толкундоолордон кийин Убактылуу өкмөттүн атынан Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалган Туратбек Мадылбеков күмөндүү деп жабылган банк кутучаларын шашылыш ачып, андагы миллиондорду алууга негиз жок болчу деп эсептейт.

Чынында эле банк адистери камак салынган банк эсептерин башка жакка которуп, же мүлктөрдү чыгарып кетүү коркунучу болгон учурда да аны токтотуп калууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп келишет.

Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков козголгон кылмыш ишине чекит коюлбай жатканы иштин бара-бара бас-бас болуп жабылып кетишине кызыкдар күчтөрдөн кабар берет деп эсептейт:

- Ага чейин эле бардык шектүү банк эсептери жана мүлк камоого алынган. Анан ага бара калып эле тергөө бүткөнчө эле мына ошол банк эсептерин камоодон чыгарууга эч кимдин акысы жок болчу. Бирок Бишкек шаарынын прокурорунун санкциясы менен барган тергөө тобу банк кутучаларын ачып, андагы акчаны чыгарып алып жатпайбы. Буга жогору жактан кимдир бирөөлөр буйрук бербесе, катардагы прокуратура кызматкерлери ага бара алмак эмес. Барган учурда да азыр алар жооп берип отурушмак. Алар акталып чыгып жатышкандан кийин демек бул иш атайын сүйлөшүлүп, жогору жактан колдоо болгондугун түшүнсө болот.

Парламенттик комиссия түбүнө жетээр бекен...

Банк кутучаларынан табылган миллиондордун мыйзамдуулугу боюнча иш алгач өзүнчө кылмыш иши катары козголгон болчу. Бирок кийин ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талабына ылайык, Бакиев режимине байланышкан экономикалык кылмыш иштери менен чогуу тиркелип, сотко өткөрүлгөн.

Ушуга чейин ачылган банк кутучаларынын ичинен бирөөнүн ээси гана аныкталган. 7-апрель окуясы боюнча соттолуп жаткан мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев мамлекеттин пайдасы үчүн өз эсебиндеги алты миллион доллардан баш тартаарын билдирген. Калган миллиондордун тагдыры эмне болгону азырынча белгисиз.

Байтемир Ибраев бул ишке чекит коюлбай жатышын аны менен бирге карала турган кылмыш иштеринин сотто кармалып жатышы менен байланыштырды:

Байтемир Ибраев

Байтемир Ибраев

- Андан башка дагы эки банк кутучасынан алынган акча Максим Бакиевдин айыбына угузулуп, иш жанагы каралбай жаткан “Мегакомдун” иши менен бирге сотто жатпайбы. Аны эми сот чечиш керек. Андан башка банк кутучаларынан алынган акча башка бир эки кылмыш иши боюнча сотто турат. Талапка ылайык ар бир иш боюнча бөлүнүп-бөлүнүп тергелип, чекесинен сотко өткөрүлүп жаткандары бар. Калган акчалардын тагдырын ишти караганда сот чечиш керек да. Анан азыр Максим менен анын айланасындагыларды соттото албай кыйналып жатпайбызбы. Анан ошол себептен берки алынган акчалардын тагдыры да чечилбей турат.

Анткен менен банк кутучаларынан коопсуздук чараларына деп ырасмийлештирилип алынган акчанын чыгымдалышы боюнча кыйла мыйзам бузуулар катталганын 2011-жылы атайын депутаттык топ иликтеп чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов 2010-жылы май-июнь айларындагы Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаалды турукташтырууга жумшалган каражаттан сырткары алынган акчалардын эсеп-кысабын берүүдөн тиешелүү жетекчилер качып жатканын айтты:

- Мына ошол акчанын кайсы бир бөлүгү башаламандыктарды басууга, коопсуздукту бекемдөөгө кетти дейли. Бирок андан бир канча убакыт өтүп, тынчып калган учурда деле, шайлоонун алдында 700 миңден ашуун долларды алып жатышпайбы. ИИМге 300 миң, УКМКга 400 миң доллар берилген. Алар биз сурасак “чарбалык керектөөлөргө жана башка чыгымдарга жумшалды" деп так жооп бербей жүрүшөт. Биз мына ошол фактылардын баарын Башкы прокуратурага берип, укук жактан баа бергиле деген элек. Мына ошондон бери бир жылдан бери бул суроого эч кандай жооп жок.

Жакында парламенттин Бюджет жана каржы комитетинин алдында банк кутучаларынан алынган миллиондор боюнча депутаттык комиссия ишке киришти. Парламенттик оппозициянын демилгеси менен түзүлгөн ал комиссияга беш фракциянын ар биринен өкүлдөр кирди.

Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков комиссия бир айдын ичинде ишин жыйынтыктап, топтолгон материалдарды коомчулукка жарыялай тургандыгын белгиледи:

- Каржы министри Акылбек Жапаров “ошол акчанын тагдырын чечип берсеңер” дегенинен жана буга байланыштуу чуулгандуу маалыматтардын жыйынтыгы жок болуп жаткандыгынан улам мына ушул комиссияны түздүк. Себеби ошол акчанын кайсы бир бөлүгү Улуттук банкта жатат. Банк кутучаларын ачууга байланыштуу бир катар табышмактуу жагдайлардын бети ачылбай келе жатат. Биз топтолгон маалыматтарды тактап, иликтеп чыгабыз.

Буга чейин банк уячаларынан алынган миллиондорго байланыштуу видеотасма “Ата Журт” партиясынын жетекчилеринин биринин колуна түшкөндүгү тууралуу маалымат тараган болчу. Бирок Акматбек Келдибеков ал кабарды жокко чыгарды.

Буга чейин кайсы бир банктын сактоочу жайындагы иш-аракеттерди тартып алган видео тасманын күңүрт үзүндүсү интернетке жарыяланып кеткен эле. Айрымдар анда банк уячаларынан акча алуу аракети болгон деген жүйөлөрүн жарыялашкан. Ал эми прокуратура органдары тасманын аныктыгын далилдебей туруп, ага комментарий бере алышпастыгын айтуу менен чектелишкен.

Мына ошондон бери аталган видео тасма саясий күчтөр ортосундагы өз ара соодалашуунун предметине айланып жатабы? - деген суроо кабыргасынан коюлуп келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG