Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Апта: Кендер боюнча келишпестиктер


Жерүйдү иштетүүгө каршы акциядан бир көрүнүш. Талас, 15-май, 2013.
Жерүйдү иштетүүгө каршы акциядан бир көрүнүш. Талас, 15-май, 2013.

Узап бараткан жумада Жерүй кени боюнча өткөрүлгөн конкурс болбой калды. Кыргызстан Транзиттик борборду чыгаруунун мөөнөтүн тактады.

Кыргызстанда кендер боюнча чатактар арбыды. Таласта, Чоң-Алайда, Кадамжайда жергиликтүү калк алтын кендерин иштетүүгө каршы чыгып, Чоң-Алайда күч колдонууга чейин барганы кабарланды. Кеминде Талды-Булак-Сол -Жээк, Куттусай, Ала–Букада Бозымчак, Иштамберди алтын кендери боюнча да жаңжалдар чыккан. Кумтөр боюнча “Центерра голд инктин” жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы байкала элек.

Жерүйгө инвестор жок

Жерүй алтын кенин конкурс жолу менен сатуу ишке ашпай калды. 5-апрелде жарыяланган конкурска англиялык “Континент финанс” аттуу компания гана документтерди тапшырган. Конкурстун шарты боюнча экиден кем эмес компания катышканда гана ал өттү деп эсептелмек. Бир гана компания катышкандыктан болбой калды деп жарыяланды.

Конкурска компаниялардын катышпоосунун себеби катары шарттардын катаалдыгы аталды. Шарт боюнча конкурстун жеңүүчүсү 300 млн. доллар төлөп, соттошуудан пайда боло турган чыгымдарды да көтөрүүгө тийиш болчу.

Президент Алмазбек Атамбаев Жерүйгө инвестордун келбеши алдын-ала маалым болчу деп билдирди:

- Мына охлократтардын жетегинде калып, Жерүйдү 300 млн. долларга койдук. Бул бааны көтөрө албай турганы алдын-ала белгилүү болчу. Аягында эмне алдык? Биз Жерүйдү иштетүүдө жылды жоготтук. Биз миллиарддаган сомду жоготтук. Ал акча жөлөк пул, жол, мектептерге жумшалмак. Бул ачык кыянатчылык. Муну токтотуш керек.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ар кандай ойлорго жол бербеш үчүн комиссия сунуштаган 300 млн. долларга макул болгонун билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, эми Жерүй боюнча конкурсту өткөргөн комиссия кенди андан ары эмне кылуу боюнча сунушун берүүгө тийиш.

Бул арада Таластагы жергиликтүү калктын бир бөлүгү Чат-Базарда төрт боз үй тигип, Жерүйдү иштетүүгө каршы чыккан. Алар өздөрүнүн акциясын мөөнөтсүз деп жарыялап, ачкачылык жарыялашкан. Бирок акыркы маалымат боюнча, бул акция токтоду.

Митингге чыккандардын талабы тууралуу Жаныкулов буларды айтты:

- Кумтөр Кыргызстандын пайдасына чечилип, иштетилгенге чейин Таластагы алтын эле эмес, башка кен байлыктардын иштетилишине тыюу салыныш керек. Ошол гана талап. Башка эч кандай талап жок.

Кыргызстандык адистер Жерүйдү өкмөт өзү иштетиши керек дейт. Мына ушундай пикирин техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов, Мамат Айбалаев билдирген. Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев өкмөт өзү иштетсе, жергиликтүү калктын каршылыгы да токтомок деп, иштетүүнүн жолдоруна токтолду:

- Биринчи кезекте акча табуу керек. Акча табууда өкмөттүн күчүн көрөлү. Кайсы бир кен байлыкты күрөөгө койсок, акча табылат. Бул - биринчи вариант. Экинчи вариант - акция чыгаралы. Элибизге кайрылалы, ар бириңер эки доллардан тапкыла деп, 400 млн. болот. Дагы бир жолу бар, чет өлкөлүк банктар менен биргелешип акция чыгарсак болот.

Кыргыз өкмөтү Жерүйдү иштетүү үчүн көп каражат керектелет деп чочулап турат. Анткени бюджетте кен иштетүүгө каражат жок.

Мына ошентип кен байлыктарды иштетүүдө бийлик менен жергиликтүү калк орток пикирде болбой жатат. Бийлик кандай болбосун кендерди иштетүүгө шашылса, жергиликтүү калк алданып калуу, экологиялык зыянга учуроодон чочулап жатат. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү жергиликтүү калк менен инвесторлор тил табышууга аракеттениш керек деп келет.

Бирок өкмөттүн да чыдамы түгөнүп бараткандай. Маселен, 17-майда Чоң-Алай жана Ала-Бука районундагы окуяларга байланыштуу жыйын өткөргөн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев шыкакчыларга кылмыш ишин козгоо талабын койду.

Кыргызстан Транзиттик борбордун чыгыш мөөнөтүн тактады

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дүйшөмбү күнү парламенттин Эл аралык комитетинде Транзиттик борборду чыгаруу боюнча маалымат Кошмо Штаттарга 2013-жылдын соңунда берилерин билдирген. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын июнь айында Транзиттик борбор чыгарылыш керектигин айтып келген. Келишимге ылайык кайсы бир тарап Транзиттик борбор боюнча келишимди бузууну кааласа, анда 180 күн мурун экинчи тарапка маалымдаш керек.

Ошондуктан Транзиттик борборду чыгаруунун алдында Кыргызстан тийиштүү ички жол-жоболорду аткарыш керек дейт Тышкы иштер министрликтин Эл аралык укуктук департаментинин башчысы Эмил Кайкиев:

- Өкмөт келишимди бузуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алат. Ал долбоор Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Жогорку Кеңеш келишимди бузуу боюнча мыйзамды кабыл алат. Андан кийин президент кол коюш керек. Мына ошондон кийин биз америкалыктарга келишимдин бузулганы тууралуу нота жиберебиз. Бул иш 2014-жылга чейин жасалууга тийиш.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айым “Азаттыкка” курган маегинде Транзиттик борбор боюнча келишим 2014-жыл июль айында соңуна чыгарын, борбор боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин позициясы аларга белгилүү экенин билдирди. Ошол эле мезгилде Транзиттик борбордун антитеррордук коалиция үчүн керектиги, Кыргызстан алып жаткан экономикалык пайдалар тууралуу да элчи айым айта кеткен.

Борбор Азия регионун, анын ичинде Кыргызстанды көзөмөлгө алууда АКШ менен теңтайлашып келаткан Орусия өз максатын көздөй келатат. Өзгөчө Кыргызстан боюнча. Маселен, жакында эле орус президенти Владимир Путин Кыргызстанда ГЭСтерди куруу, карызды кечүү боюнча ратификацияланган келишимдерге кол койду. Эми май айынын соңунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкек саммитине катышып, ГЭСтердин курулушун баштоого батасын берери айтылууда. Кыргызстанды Бажы биримдигине киргизүү боюнча демилгени да Кремль өз колуна алып, так мөөнөттөрдү белгилеген.

Экономикада эмне кеп?

Келерки жумада өкмөт Жогорку Кеңеште өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчетун берет. Өткөн жылы кыргыз экономикасы үчүн оор жыл болгону маалым. Ички дүң продукция жыл бою төмөндөө жолунда болду. Бирок быйылкы жылдын төрт айында экономика 8.2% өсүш берип, өкмөттүн көңүлүн жубатууда. Бирок 2012-жылы 2011-жылга салыштырмалуу экономикада 7.7% төмөндөө болгондуктан, 8.2% өсүш өтө минималдуу экенин билдирет. Ал эмес төрт айдагы инфляция 1% түзгөнүн эске алсак, өсүш дээрлик жоктугунан кабар берет.

Тармактар ичинен курулуш 114.8%, негизги капиталга салым 107% өскөн. Бирок текстиль жана тигүүчүлүк тармагы 21.6% ылдыйлап кеткен. Инфляция төрт айдын ичинде 1% түзгөн.

Айрым өсүүлөргө карабастан Кыргызстан экономикасында терс көрүнүштөр сакталып кала берүүдө. Өзгөчө тышкы соодада тескери сальдо тынымсыз өсүп баратат. Маселен, экспорт үч айдын ичинде 302 млн. доллар, импорт 1 млрд. 175 млн. долларга жетип, тескери сальдо дээрлик төрт эсеге жеткен. Натыйжада экспорт өткөн жылга салыштырмалуу 10.5% кыскарган, ал эми импорт 10.4% өскөн. Тышкы соодадагы мына ушундай көрүнүшкө карабай сом туруктуу бойдон калууда.

Экономика министрлигинин Макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиевдин айтымында, ага эмгек мигранттарынан келип жаткан акчалар жана көмүскө экономика таасир этүүдө:

- Көмүскө экономикадан түшкөн акчалар бар. Мекеме, ишканаларга инвестициялар келип жатат. Мына ошолордун эсебинен төлөм балансы негизинен сакталууда. Ооба, азыркы кезде соода балансынын сальдосу төмөн түшүүдө. Кайсы бир деңгээлде кооптонуу бар.

Кыргызстан экономикасындагы дагы бир парадоксалдуу көрүнүш Кумтөр иштеп, өнөр жайынын көрсөткүчүн 20% жакындаткан менен экспорттун көлөмү өткөн жылдагыдан да аздап кеткен. Кумтөрдүн алтыны болсо негизинен экспортко кетет. Демек экспорт өткөн жылга салыштырмалуу өсүш керек эле.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев өткөн жылдагы төмөндөөлөргө байланыштуу 8.2% өсүш жетишсиз дейт:

- Быйыл Кумтөр иштеп жатат. Ошондуктан 8% өсүш болуп жатат, былтыркы жылга салыштырмалуу. Бирок бул аздык кылат. Эсеп боюнча 11-12% өсүш болуш керек эле.

Кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев экономикадагы абалга баа берип жатып, баары көзөмөлдө деп билдирген. 23-майда өкмөт парламентте өткөн жылдын жыйынтыгы жана азыркы кездеги экономикалык абал тууралуу маалымат берет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG