Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Бекназаровдун китептеги күрөшү


Азимбек Бекназаровдун китеби
Азимбек Бекназаровдун китеби

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун өлкөнүн орчундуу мезгилиндеги тарыхый жана саясий окуяларды чагылдырган төрт китебинин бет ачары болду.

Анда экс-президент Роза Отунбаева президент Алмазбек Атамбаевдин быйыл 31-август күнү айткандарын жокко чыгарып, биринчи жолу ага жооп кайтарды.

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун жаңы китептеринин бет ачар аземинде сүйлөгөн Роза Отунбаева бийликтен кеткенден кийин эрежени сактап, саясат тууралуу үндөбөй келгенин айтып, бирок айрым суроолорго азыр жооп берүүгө туура келерин белгиледи.

Бет ачарда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Роза Отунбаева башкалардан айырмаланып, Баш мыйзамды так сактап, парламенттин ыйгарым укуктарын урматтаган президент болгонун эстеди.

Эки ыңкылап өзгөртө албаган бийликтин табияты

Саясатчы, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын мурдагы орун басары Азимбек Бекназаров жакында 60 жашка толуп, мааракесин жаңыдан жазылган китептеринин бет ачарын өткөрүү менен чектелди. “Мен - Кыргызмын”, “Бизге кандай реформа керек?” жана “1916-жылдагы кыргын” деген аталыштагы китептеринин бет ачарына анын саясаттагы үзөңгүлөштөрү жана жакын санаалаштары келип катышты.

Саясатчы Азимбек Бекназаров андагы каармандар тууралуу ачык айтуу ал үчүн чынында оор болгонун белгиледи:

- Негизи тарых үчүн китеп жазуу өтө оор экен. Анткени саясатта мурда бирге жүргөн адамдар азыр деле саясатта, бийликте отурат. Бул китептерди жазып жатып, кимиси мени жакалайт деп чочулайт экенсиң. Бирок мен ага карабастан, болгонун болгондой жаздым. Соңку мезгилде пикирин, позициясын ачык айтып койгон саясатчылар душман катары каралып, кайрадан куугунтукка алынып жатат. Москвадагы парламент өкүлчүлүгүн ачуу боюнча 120 депутат добуш берип, токтом кабыл алса, буга байланыштуу парламент спикери жоопко тартылып отурат. Азыр болсо Убактылуу өкмөт мүчөлөрү куугунтук көрө баштады. Ошондо эки ыңкылапты баштан кечиргенден кийин биз алдыга жылдык деп айта алабызбы?

Азимбек Бекназаровдун бул китептеринде 2005-жылдан ушул күнгө чейинки өлкө тарыхындагы урунттуу учурлар камтылган. Анда ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү менен биргеликте Бекназаров өзү аралашып жүргөн 2005-2010-жылдардагы саясий окуялар документалдык ырастамалар менен кошо берилген.

Кырдаалды бурмалоо же кыйынчыкма саясат

Бет ачарга катышкандар бир топ жагдайлар азыр бурмаланып жатканын айтып, ага тактоо киргизүүдө бул китептердин мааниси жогору экени белгиленди. Быйыл 31-августта президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн ишмердигин жокко чыгарып, 2010-жылы Роза Отунбаеванын өткөөл мезгилде президенттике шайлануусу жана Баш мыйзамды кабыл алуу туура эмес болгонун сынга алган болчу. Анда президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылы 7-апрелден кийин ошо кездеги эле парламент аркылуу бийликти легитимдештирүүнүн жактоочусу болгонун айткан.

Экс-президент Роза Отунбаева Бекназаровдун китебинде ошондой кырдаалдар таасын жазылганын айтты:

- Ал мени ошондогу депутат катары “Ак жол” башкарган парламентке барып, ал жактын колдоосу менен спикер болуп, андан ары президенттикке өтүп кетсе болмок дептир. Мына ошол кырдаалда биз кайсы бетибиз менен "мени парламент жетекчилигине бекитип бергиле" деп барат элек. Ошол тууралуу Азимбек ал кезде бул жол менен баруу туура эмес болмок деп таамай жазыптыр. Анткени 2005-жылы ошондой болгон да.

Бийлик бутактарынын теңата карым-катнашы

Быйыл жайында Роза Отунбаева баш болгон мурдагы Убактылуу өкмөт курамы Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы кайрылуу жасаган. Баш мыйзамды сынга алган президент Атамбаев 31-августта эгемендик майрамында анда отурган Отунбаевага кайрылып, ал 2010-жылы парламентке барганда төрага ага сөз бербей, оозун жапкан учурлар болгонун айткан эле.

30-ноябрь, 2011-жыл
30-ноябрь, 2011-жыл

Парламентаризмдин табиятын түшүнгөн мамлекет башчысы аны үстөмдүк катары кабыл албайт деп айткан экс-президент Роза Отунбаева бул тууралуу төмөнкүчө комментарий берди:

- Мен байкуш оозумду ачып парламентке келсем, Жогорку Кеңештин төрагасы Келдибеков мага сөз бербей койгон имиш. Бул жерде кеп башкада да. Биз ошондо парламентаризмге өттүк да. Мен ошондо жылдык кайрылуу менен парламентте сүйлөгөм. Негизи президент өлкөдөгү жалпы абал боюнча жылдык отчет бериши керек да. Мен муну менен ал жакка барганда мага карата кандайдыр бир үстөмдүк болгонун сезген жокмун. Анткени парламент деген бийликтин бир бутагы.

Бет ачар аземге катышкан мурдагы парламент спикери Акматбек Келдибеков Роза Отунбаева Баш мыйзамдын талабын дайыма так сактаганын баса белгиледи. Ошондой эле Акматбек Келдибеков Отунбаевага сүйлөгөнгө сөз берилбей, кезинде парламенттен ыдык көргөн деген сыяктуу сөздөрдү жокко чыгарды:

- Роза Исаковна өткөөл мезгил президенти болуп турганда Баш мыйзамды так сактап, андан бир кадам да ары-бери чыккан жок. Ал Конституцияда каралган ыйгарым укугун алкагында гана иш алып барды. Мен дагы жанагы сын-пикирди угуп калдым. Мен төрага болуп турганда Роза Отунбаевага палатада сүйлөтпөй койгон экенмин. Андай болгон эмес. Мен регламент боюнча гана Роза Исаковнадан “канча мүнөт сүйлөйсүз” деп сурагам. Анткени палатада президент болобу же башка министр болобу мыйзамдын талабы ошондой. Биз парламентке шайланып келген соң, жакшыбы-жаманбы Баш мыйзамдын талабын аткарып, ошонун негизинде иш алып бардык. Бирок Убактылуу өкмөт Баш мыйзамды өздөрү иштеп чыгып алып, эми ага өздөрү чычалаганы дагы чындык.

Ошол эле кезде бет ачарга катышкандар арасында азыр парламент ошол кездегидей президенттен көз карандысыз жана өз алдынчабы деген суроо турат. Ошентип Бекназаровдун китебинин бет ачар аземи дагы бир саясий талкууга жем таштады. Анткени китептердин мазмуну чылгый саясий окуяларга мүнөздөмө берүүдөн туруп, анда өлкө тагдырынын олуттуу учурларын чагылдырган комментарийлер жана пикирлер орун алган.

Атамбаев Убактылуу өкмөткө сөөмөй кезеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG