Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Чек ара тактоонун ченемсиз түйшүгү


Баткен облусундагы Боз-Адыр кыштагына чукул жердеги талаштуу тилке, 2012-жыл
Баткен облусундагы Боз-Адыр кыштагына чукул жердеги талаштуу тилке, 2012-жыл

Кыргызстандын өкмөтү Тажикстан менен чектешкен талаштуу тилкелердин он чакырымы чийилип, кол коюуга даярдалганын жарыялады.

Бул кадам чек ара тилкелерин тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдөгү беш жылдан берки алгачкы алдыга жылуу катары каралууда. Бирок талдоочулар кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек ара тилкелерин тактоонун татаалдыгы сүйлөшүүлөрдүн узакка созулушуна түрткү болуп жатканын белгилешүүдө.

Он кадам ташталган кадам

Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен аймактагы 10 чакырымдан ашуун тилке белгиленип, андагы чек ара сызыгын аныктоо боюнча долбоор иштелип чыкты. Чек араларды тактоо боюнча кыргыз өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров жакында эки тараптуу жолугушууда ага кол коюла турганын белгиледи:

Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

- Бир булак анан бир курулуш картадан түшүп калган экен. Ошону жеринен барып тактап келдик. Мына ошол булак менен курулуш кайсыл чек ара тилкесине жакын экенин карап туруп, анан макулдугубузду беребиз дегенбиз. Кийинки жолугушууда мына ошол такталган жер тилкеси боюнча чек ара сызыгы чийилип, долбоорго кол коюлат. Бул чек ара тилкеси тоолордун арасында жайгашкан.

Бул жумуш кыргыз-тажик чек арасын тактоо ишиндеги 2010-жылдан берки соңку алдыга жылуу катары каралууда. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинин узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын эл көп отурукташкан 470 чакырымы такталган эмес. Жогорудагы долбоорго кол коюлса, анда тактала элек чек ара тилкесинин узундугу он чакырымга кыскарат.

Создуктурулган жараян

Чек араларды тактоо маселеси боюнча эксперт Таштемир Эшалиев чек ара тилкелерин тактоо ишинин создугушун төмөндөгүдөй себептер менен байланыштырды:

- Чек араларды тактоо иштери коңшулаш эки республика менен өтө жай жүрүп жатат да. Мына ошол эки мамлекетке тең убакытты создуктуруп, улам артка жылдыруу пайдалуу болуп жатат окшойт. Анткени алар канчалык убакытты создуктуруп, канчалык кармаган сайын чек ара тилкелерин өздөштүрүп, улам алдыга жылып жатышат. Мына ошондуктан алар үчүн бир карыш болсо да жерди өздөштүрүп, ээлеп алуу башкы максат болууда.

Ош облусунун Тажикстан менен чектешкен Чоң-Алай районунда чек ара сызыгы негизинен тоо кыркалары аркылуу өтөт. Ошондуктан андагы чек ара тилкелеринде талаштуу жерлер жокко эсе. Бирок талаштуу жана такталбаган тилкелердин көпчүлүгү Баткен менен Лейлектеги калк отурукташкан аймактарга туура келет. Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү татаал жагдайларга токтолду:

- Чек араларды тактоодо түз жерлерге жана ойдуңдарга келгенде көйгөйлөр көп чыгып жатат. Анткени мына ошол тилкелерде жайыт талаш, суу талаш, жер талаш маселелери бар. Биздин кошуналар 1924-жылдагы картаны негиз катары кармап алышууда. Биз андан кийинки 1955-58-жылдардагы карталарга таянып жатабыз. Эми минтип тирешип отура бербей, тараптар өз ара мунасага барууга тийиш.

Келишимдин шарттары бузулганда

Курбанбай Искандаров чек араларды тактоо боюнча Өзбекстан менен дагы сүйлөшүүлөр башталганын билдирди. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым. Учурда анын орчундуу тилкелердеги чек ара сызыгы тактала элек. Тажикстан жана Өзбекстан Кыргызстан менен чек араларды тактоодо 1924-жылдагы картаны негиз катары көтөрүп келишкен. Бирок андагы чек ара сызыктары Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт.

Ташполот Балтабаев
Ташполот Балтабаев

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташполот Балтабаев 1992-жылы кабыл алынган келишимдин шарттары аткарылбай жатканын сынга алды:

- Негизи мына ошол келишимге КМШ мамлекеттеринин башчылары кол коюп, союз таркаган учурдагы чек аралардын бузулбастыгын жана алардын кол тийбестигин таанышкан. Анан эми бир топ жыл өткөн соң, ошол келишимдин шарттарын биздин коңшулар тебелеп-тепсеп, чек араларды тактоодо каяктагы бир СССР эми түзүлүп келе жаткан кездеги так эмес карталарды негиз катары көтөрүп жатышканы туура эмес. Кыргыз бийлиги БУУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдарга биздин коңшулар өздөрү кол койгон келишимдин шарттарын өздөрү сактабай жатканын айтып, маселе көтөрүшү керек болчу. Бирок биздин бечел бийликтин андайга азыр дарамети жетпейт.

Ошол эле кезде Бириккен улуттар уюмунун жобосуна ылайык мамлекеттер ортосундагы чек ара талаштары эки тараптуу шартта гана чечилүүгө тийиш. Ага үчүнчү бир тараптын кийлигишүүсүнө укук берилген эмес.

XS
SM
MD
LG