Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

4-ноябрда Жогорку Кеңеш Асылбек Жээнбековду кайрадан спикерликке шайласа, өкмөт башчылыкка сунушталган Темир Сариевдин программасын, болочок өкмөттүн түзүмүн талкуулады.

Жогорку Кеңеште болгон саясий талкуулар жана чечимдер боюнча саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев "Азаттык" менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Коалициялык көпчүлүк тарабынан өкмөт башчылыкка сунушталган Темир Сариевдин бүгүн парламентте айтканына караганда, өкмөттө вице-премьер-министрлер толук алмашат экен. Алардын ордуна акыркы беш жылда ар кандай жогорку кызматта иштеген адамдар сунушталды. Атап айтканда, Аалы Карашев, Олег Панкратов жана башкалар. Калган министрлер дээрлик ордунда калаары белгилүү болду. Болочок өкмөттүн курамына кандай баа берип жатасыз?

Бөрүбашев: Шайлоо өткөнү менен парламенттеги бийлик, негизи эле мамлекеттеги бийлик өзгөргөн жок да. Бешинчи чакырылыштагы депутаттар, партиялар кайра эле Жогорку Кеңешке келди. Мындан улам өкмөттүн түп-тамырынан бери өзгөрүп кетиши мүмкүн эмес болчу. Бийлик, структура ошол эле бойдон калды. Бул эми мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ал эми вице-премьер-министрлердин алмашканынын себеби, алар ар кайсы партиядан келген да. Мисалы, “Ар-намыс” партиясынын өкүлдөрү бар болчу.

“Азаттык”: Жогорку Кеңештин спикерлигине сунушталган Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин бүгүн Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын 114ү колдоп бергенин эске алганда, сыягы депутаттар өкмөттү деле сунушталган боюнча баарын колдоп бере тургандай болуп турат. Муну айтып жатканымдын себеби, ошондо оппозициялык азчылыкта калган “Республика Ата-Журт” жана "Бир бол" партиялары деле коалициялык көпчүлүктү, алар сунуштаган талапкерлерди колдоп жатабы же кандай?

Бөрүбашев: Ооба, колдоп жатат. Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин 114 депутат колдоду. Негизи коалициялык көпчүлүктүн курамында депутаттардын саны 80, калган 40 депутат оппозициянын өкүлдөрү. Буга чейинки бешинчи чакырылыш менен азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын табияты окшош болуп калды. Бүгүнкү көрүнүш Жогорку Кеңеште парламенттик оппозиция күчтүү болбостугун, көп маселелер боюнча өзүнүн оюн сактай албай, кармай албай, коалиция көпчүлүккө ыктап кетерин көрсөтүп турат.

“Азаттык”: Парламенттик азчылык, парламенттик оппозиция Жогорку Кеңештин биринчи эле жыйынында өзүнүн табиятын, дараметин көрсөтүп койду деп жатасызбы ошондо?

Бөрүбашев: Ооба, өзүнүн табиятын көрсөтүп койду. Негизинен ушундай эле болот. Арасынан айрым депутаттар өздөрүнүн оюн ачык айтып, тактап, маанилүү сунуштарды киргизбесе, көпчүлүгү ушундай эле болот деп баалап койсок болот.

“Азаттык”: Дегеле бүгүн парламентте ачуу сын, карама-каршы пикир, “ит жыгылыш” көрүнүш байкалган жок деп жатышат. Мисалы, бу сапар коалиция да бат эле түзүлө калды, мурдагыдай болуп бир-эки аптага созулган жок. Бул Кыргызстанда саясий туруктуулук толук орноду дегенден кабар береби? Же сиз мындан башка нерсени көрүп жатасызбы?

Бөрүбашев: Саясий туруктуулук чындыгында керек. Бирок биз Кыргызстанда саясий туруктуулукту эле алдыга коюп алганыбыз туура эмес. Өлкөнүн өсүп-өнүгүшүн, таза демократиянын орношун, коомдогу көйгөйлөрдүн чечилишин биринчи орунга коюшубуз керек. Ошондо гана алдыга кете алабыз. Ал эми биздин парламент ынтымактуу болду, алты партия тең колтукташып иштеп жатат, 120 депутат тең бирдей сүйлөйт, ошентип бизде саясий туруктуулук орноп калды деп айтсак, бул туура эмес түшүнүк. Анткени, коалициясы болобу, оппозициясы болобу, коомдун көйгөйлөрүн, мамлекеттин проблемаларын чечиши керек. Ал эми чечиш үчүн ар кандай көз караштар айтылышы зарыл.

“Азаттык”: Азыр дүйнө, өзгөчө Кыргызстан менен чогуу Евразия экономикалык биримдигине кирген Орусия, аны менен кошо Казакстан экономикалык кризисти баштан кечирүүдө. Аларды эске алганда, Кыргызстанда да алдыда экономикалык кризис күтүп турганы жашыруун эмес. Орусиядан келген акча которуулар 30 пайызга кыскарды, тышкы карыз болсо өсүп жатат. Сунушталып жаткан өкмөттүн курамы өлкөнү ушул экономикалык кризистен алып чыгып кете алабы?

Бөрүбашев: Мага Темир Сариевдин бир сөзү жакты. Ал бүгүн өкмөттүн курамы, тутуму үчүн өзүм жооп берем, менин алдымда бир топ маселелер, милдеттер турат деп айтпадыбы. Менимче, булар аракет кылып, кризистен толук алып чыкпаса да, анын катаалчылыгынан сактап, жеңил алып өтөт деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG