Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Түлеев үй камагына чыгарылган жок


Нариман Түлеевди сотко алып келүүдө. Бишкек, 25-июнь, 2012.
Нариман Түлеевди сотко алып келүүдө. Бишкек, 25-июнь, 2012.

Бишкек шаар соту 30-июлда камактагы депутат Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртпөө чечимин кабыл алды.

Депутаттын тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу үчүн эми Жогорку Сотко кайрылмак болууда. Түлеев Бишкек мэри кезинде коррупцияга аралашкан деген кине менен 21-августка чейин камакка алынган. Ал ортодо Башкы прокуратура дагы бир депутат Нурлан Сулаймановго карата коррупциялык шек менен тергөө жүрүп жатканын тастыктады.

Саясий буйрукпу?

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук талкуу эки жолу жылдырылып, 30-июлда жабык өттү. Бул сапар Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 1-Май райондук соту чыгарган баш коргоо чарасы боюнча чечимди күчүндө калтырып, депутат тергөө абагында калтырылды. Түлеев 21-августка чейин камалган.

Ал Бишкектин мэри кезинде "мамлекеттик бюджетке зыян келтирген" деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан камакка алынган. Түлеевдин адвокаттарынын бири Султан Баратов бул ишти жакында эле абактан бошотулган министр Равшанбек Сабировдун ишине салыштырууда:

- Равшан Сабировго да, Түлеевге да Кылмыш жаза кодексинин 313-берене, 2-бөлүмү боюнча айып коюлду. Бирок бул жерде саясий аракет болуп жатат. Соттор өздөрү чечпейт, аларга ким айтса, ошону жасайт. Бул жерде сотторго басым болуп жатса керек, алар буйрукту аткарып жатышат.

Коррупциялык айып менен камалган социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировго төрт эл өкүлү кепилдик берип бошотулган. Ал эми Түлеевге “бошотулсун, качып кетпейт” деп 26 депутат кепилдик берген.

Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм прокурору Ильясбек Арзымбаев бүгүнкү чечимди мындайча түшүндүрдү:

- Бул иште далилдер жетиштүү. Түлеевдин күнөөсү далилденген. Бул бюнча тергөө амалдары, бардык иштер жүргүзүлгөн. Ошого ылайык биз негиздүү, туура камалды деп ойлойбуз. Адвокаттары "ооруп жатат, каралбай жатат" дешти эле, медициналык жардам көрсөтүлүп жатыптыр.

Дагы бир топ аткаминерге кылмыш иши козголушу мүмкүн

Президент Алмазбек Атамбаев бийликтин жогорку мунарасында коррупцияга аралашкан аткаминерлер аёосуз жоопко тартыларын билдирген. Жыл башында депутат Исхак Пирматовго Жалал-Абаддагы “Кыргызмунайгаз” ишканасынын жетекчиси болуп турганда экономикага зыян келтирген деп кылмыш иши козголгон. Жакында мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев суракка чакырылып жатканы кабарланган.

Эми болсо Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулаймановго кылмыш иши козголду. Мурдагы транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов "Бишкек-Ош жолун куруп жатканда бюджетке 250 миллион сомдой зыян алып келген" деп айтыпталып жатат.

Анын иши боюнча башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев "Азаттыкка" мындай деди:

- Үйүнө билдирүү жиберилген, "келгенде дароо келсин" деп үй-бүлөсүнө угузулган. Азыр эми айыбы угузулган жок, эч нерсе боло элек. Иш факт боюнча гана козголду. Ал келип суралгандан кийин гана бир нерсе чечилиши мүмкүн.

Оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нурлан Сулайманов башка өлкөдө дарыланып жатканын жергиликтүү басылмалар жазып, анын “тергөөгө келем, качпайм” деп айтканы жарыяланды. Депутат Жылдызкан Жолдошева да фракциялашын күтүп жатышканын билдирди.

- Келсе жолугуп, баш прокуратура коюп жаткан күнөө туурабы, туура эмеспи деп сүйлөшүп алып, биз дагы комментарий беребиз. Мисалы, мен эки тарапты тең угуп туруп, анан оюмду айтайын деп жатам.

Ал ортодо дагы бир катар мансабы чоң адамдарга кылмыш иши козголот деген каңшаар тарады. Баш прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев бул боюнча иштер жүрүп жатканын, алдын-ала кимдерге кандай иш козголоорун айта албасын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG