Линктер

Акыркы аптада Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Түштүк Африкадагы элчилери дайындалды. Ал эми Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна апрель окуясынын баатыры отурду.

Кыргызстандын дипломаттык корпусу, алыс-жакынкы чет мамлекеттердеги элчилерди дайындоо маселеси көптөн бери коомчулук бүйүрүн кызытып келет.

Оппозицияны окчун кармоо аргасы

Чет мамлекеттерге элчи дайындоодо дипломаттык кесиби жок, бул жаатта тажрыйбага ээ эмес, мурда-кийин кайсы бир мамлекеттик кызматта иштеген адамды коюу - союздан калган эски адат катары бааланып жүрөт.

Мындай тажрыйба мурдагы бийликтердин тушунда, Акаев, Бакиевдин убагында да кеңири колдонулуп келген. Мисалы, Мирослав Ниязов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, оппозиция катарында жүргөн кезинде мурдагы президент Аскар Акаев аны Тажикстанга элчи кылып дайындаган эле.

Союз мезгилинде, кийин Кыргызстан эгемендик алган жылдары жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген Апас Жумагулов Орусиядагы кыргыз элчиси болуп, бир нече жыл иштеди. Акаевдин тушунда дипломаттык корпуска аралашкан Эсенгул Өмүралиев кийинчерээк жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, ушул тапта Кыргызстандын Казакстандагы ыйгарым укуктуу элчиси.

Түркмөнстандагы элчи Жаныш Рустембековдун аты да коомчулукка дээрлик 20 жылдан бери депутат, губернатор, министр катары белгилүү болчу. Кандайдыр бир деңгээлде бийлик өзүнө оппозиция болуп, ишин кескин сындап чыккан айрым саясатчылардан "кутулуу" үчүн аларды элчи же консул кылып жиберип, обочодо кармап келген.

Руслан Казакбаев

Руслан Казакбаев

Мурдагы тышкы иштер министри, учурда парламент депутаты Руслан Казакбаев чет мамлекеттерге элчи, консулдарды дайындоодо атайын нормалар бардыгын бекемдейт. Анын айтуусунда, элчилердин тышкы саясаттагы тажрыйбасы, эл аралык мамилелер боюнча кесиби башкы орунда турууга тийиш:

- Элчи, консулдар тил билиши керек, өзү дайындалып барган өлкө менен кызматташуунун жолдорун көрө билүүгө тийиш. Анткени, ал адамдар Кыргызстандын чет мамлекеттердеги өкүлү гана эмес, өлкөбүздүн жүзү. Ошондуктан, алардын кесиптик жөндөмүнө, адистик тажрыйбасына көңүл бурулушу керек. Тилекке каршы, бизде дайыма эле мурда жогорку кызматта иштеп, кызматынан түшүп калган кишилерди элчи же консул кылып дайындоо өнөкөткө айланган. Бул көбүнчө саясий чечим болуп жатат. Элчи деген өзү өкүл болуп бара жаткан мамлекет менен биздин өлкөнүн ортосундагы көпүрө болууга тийиш.

Март, апрель ыңкылаптарына эмгеги сиңген элчилер...

2005-жылы Курманбек Бакиев бийликке келгенде, "март ыңкылабына эмгеги сиңди" деген бир катар адамдар элчилик кызматтарга кетишкени белгилүү. Айталы, Мамбетжунус Абылов Түркиядагы элчиликке дайындалса, Акаев бийлигине ачык тиш кайраган “Республика” гезитинин редактору Замира Сыдыкова март окуясынан көп өтпөй АКШдагы Кыргызстандын элчиси болуп барган.

Оппозициялык басылмада иштеген дагы бир журналист Рина Приживойт Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Словакия жана Чехиядагы туруктуу элчиси, Венадагы эл аралык уюмдарга жана ЕККУга Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп барган. Ошол кездерди “Журналисттер кошуунун” жетектеп турган Кубан Мамбеталиев Кыргызстандын Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалган.

Журналисттерди элчи кылып дайындоо салтын кийинки бийлик да улантты. Атамбаев президент болгондон кийин, “Супер инфо” басылмасынын кожоюну Кылычбек Султанов Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси болуп дайындалды. Ал ортодо социалдык өнүктүрүү министри болуп да иштегенге үлгүрдү.

Кадыр Токтогулов болсо бир катар эл аралык маалымат каражаттарында иштеген. Атамбаев премьер-министр кезинде жана президент болуп шайланганда анын маалымат катчысы болгон. 2015-жылы ал Кыргызстандын АКШдагы элчисинин ордун алмаштырды. Кыргызстандын Египеттеги, Сауд Арабиясындагы, жакынкы күндөрдөн бери Түштүк Африкадагы элчилик кызматын аркалап жүргөн Абдулатиф Жумабаевдин кесиби теолог, апрель окуясынан кийин Кыргызстандагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп жүргөн. Кувейттеги элчи Жусупбек Шариповду коомчулук Аксы окуясынан кийинки учурда Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштегенин билет. Ал эми Түркиядагы элчи Ибрагим Жунусовду эл эң ириде ырчы, обончу катары тааныйт.

Апрель окуясынан кийин Түштүк Кореяда элчилик кызматта иштеген Дүйшөн Чотонов коомчулукка Акаев, Бакиевдин тушундагы оппозициячы депутат катары белгилүү. Ошондой эле оппозициячы депутаттардын бири Бектур Асанов Бакиевдин тушунда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп иштеген жайы бар.

Чет мамлекеттерде элчилик, башкы консулдук кызматтарды аркалоого дайындалган адамдар эл аралык мамилелер жаатында тажрыйбасы жок болсо да, аларга дипломатиянын этикасы, эрежелери үйрөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин коомчулук менен байланышуу кызматынын консультанты Мелис Байсымаков “Азаттыкка” билдирди:

- Дайындоолор президенттик администрация тарабынан жүргүзүлөт. Тышкы иштер министрлиги дайындоолор боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Бирок айта кетүүчү нерсе, дипломаттык иште тажрыйбасы жок адамдар кайсы бир мамлекетке өкүл болуп дайындалган учурда, алар тиешелүү мыйзамдар, инструкциялар боюнча окуп, билим алышат. Анын үстүнө элчиликте башка да дипломат кызматкерлер бар, алар дагы жардам берип, туура иш алып барууга көмөк көрсөтүшөт.

Алиясбек Алымкулов

Алиясбек Алымкулов

Жакында эле президенттин буйругу менен Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдукка дайындалган Алиясбек Алымкуловду коомчулук апрель окуясынын баатыры, андан кийин жаштар министри катары тааныйт. Алымкулов өзү басылмаларга берген маектеринде 2010-жылга чейин ишкер болгонун айтып жүрөт. Алиясбек Алымкулов 2009-жылы Бишкектеги дипломатиялык академияны бүтүргөнү менен тышкы саясатта тажрыйбасы жок. Ал эми жакында эле президенттин буйругу менен Өзбекстанга элчи болуп дайындалган Данияр Сыдыков буга чейин тышкы иштер министринин статс-катчысы болуп иштеген. Өзбекстандагы элчилик кызматты ага чейин аркалаган Эмил Узакбаев да коомчулукка мурдагы айыл чарба министри, губернатор катары таанымал.

Дипломаттык тажрыйбасы барларчы?

Саясатчы Равшан Жээнбековдун пикиринде, акыркы убактарда чет мамлекеттерге элчи, консулдарды дайындоодо кесиби дипломат, тажрыйбалуу адистерге көңүл бурула баштады:

- Жалпысынан бардык эле мамлекеттерде саясий чечим менен элчилик кызматка койгон тажрыйба бар. Бирок бизде ашыкча болчу. Калыстык үчүн айтып койсок болот, акыркы убактарда Тышкы иштер министрлигинде иштеген кесиби дипломат, адискөй кызматкерлер коюлуп жатат. Мисалы, Улуттар уюмуна, Британия, Швейцария, Австрия жана башка көп эле өлкөлөрдө тышкы саясат, эл аралык мамилелер жаатында тажрыйбасы бар кадрлар иштеп жатышат.

Жалпысынан дүйнө жүзүндөгү 30 мамлекетте Кыргызстандын элчилери бар. Арасында кокусунан дипломаттык корпуска аралашып калгандан кийин, эл аралык мамилелер боюнча билим алгандары көп. Ошентсе да аларды коомчулук негизги аркалап жүргөн иштери аркылуу гана билет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG