Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы президенттин жардыгы менен бекитилген Улуттук өнүктүрүү стратегиясына басым жасап, парламенттик шайлоого атайын программасын шардана кылган эмес.

Жогорку Кеңешке шайлоого аттанган партиялар өз сайттарында программаларын жарыялашкан. Ал эми КСДПнын сайтында 2010-жылдан кийин иштелип чыккан программа турат. Ага мезгил агымына жараша өзгөртүү жана кошумча киргизилгени байкалбайт.

Бирок парламенттик шайлоо алдында өткөн КСДПнын курултайында “Сенин ишенимдүү тирегиң” деген аталыштагы саясий платформа кабыл алынган. Анда “Таза коом”, “Ден соолук кербени”, "Ынтымактуу бакча" аттуу долбоорлор жарыяланган. “Ден соолук кербенинин” алкагында үгүт өнөктүгү башталганга чейин эле саламаттык сактоо кызматкерлери аймактарды кыдырып, калктын ден соолугун текшерүүгө алышкан.

КСДПнын оппоненттери “Ден соолук кербенин” сынга алып, бийлик административдик ресурсту эмитен эле пайдалана баштады деп айыптаган. Ал эми “Таза коом” долбоору интернет жана жаңы технологиялардын жардамы менен коррупцияны азайтууга багытталса, “Ынтымактуу бакча” долбоору боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн алдына жана калктуу жерлерде балдар ойной турган аянтчаларды куруу каралган.

КСДПнын мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган программасы жогоруда белгиленгендей, атайын жарыяланбады. Бирок партия үгүт өнөктүгүндө “2017-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы” деп аталган президенттин жардыгы менен бекитилген документке басым жасоодо.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына КСДП атынан талапкер болуп жаткан Азамат Арапбаев муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалады:

- Биринчиден, президент жашырбай эле “бул президенттин партиясы” деп айтпадыбы. Анан ошол президенттин тегерегинде анын саясатын, жасап жаткан ишин колдогондор топтолгон. Ошондуктан президенттин программасын негизинен партиянын программасы десек болот. Анан президенттин программасы бир бөлөк, партиянын программасы башка болсо, анда эки жакка кетип калышы мүмкүн.

КСДПнын дагы бир талапкери Иса Өмүркулов да КСДПнын программасы “Улуттук өнүктүрүү стратегиясы” менен бир экенин белгиледи.

Улуттук өнүктүрүү стратегиясын 2013-жылдан 2017-жылга чейин аткаруу каралган. Ага ылайык бул мөөнөттүн ичинде Кыргызстан туруктуу саясий системасы, өнүгүп бараткан экономикасы бар өлкөгө айланышы керек. Экономиканы өнүктүрүү үчүн 77 долбоорду аткаруу каралган. Өкмөт жакында эле бул долбоорлордун аткарылышын карап, алардын ичинен 690 млн. долларга 17 долбоор аткарылганын билдирген.

Бирок башкаруучу коалициядагы партиялар мамлекетте аткарылып жаткан иштердин баарын эле КСДП өзүнө ыйгарып алышына каршы болуп, энергетика, жол куруу багытындагы долбоорлорго алардын да тиешеси бар экенин айтууда.

Бийлик оппоненттери КСДП үгүт өнөктүгүндө пайдаланып жаткан Улуттук өнүктүрүү стратегиясы иштебей жатат деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бегалы Наргозуев:

- Ал стратегияда белгиленген объекттердин курулушу башталган боюнча токтоп турат. Дегеле парламенттик система курабыз деп атабыз, андай система боюнча бийликте, коалицияда отурган партиялар бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе аткарбаса, анын ордуна оппозиция келиши керек. Бийликтеги партиялар мындан кийин дагы беш жылга кандай убада берет, эл эмнеге шайлашы керектигин түшүнбөйм. Ошол стратегияда айтылган, Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушу эмне болду? 2012-жылы 12-октябрда биринчи бир куб бетон куюлган, ошол бойдон экинчи кубу куюлбай турат. Булардын эч кандай программасы жок. Болбойт дагы. Айткан убадаларын да ишке ашырбайт.

Жарандык коомдун өкүлү, өз кезинде КСДПнын катарында жүргөн Эдил Байсалов Улуттук өнүктүрүү программасы Бакиев эле эмес, Акаев мезгилинде жазылган пункттардан турат дейт:

- Ошол жерде айтылгандар баягы эле Бакиев эмес, Акаевдин учурунан калган, “Датканы” салышыбыз керек, жолдорду салышыбыз керек, анан мындай кылышыбыз керек деген жалпы сөздөр. Конкреттүү нерселер жок.

Эдил Байсалов КСДП социал-демократиялык идеалдарды турмушка ашырууну көздөбөйт, ал идеалдарды түшүнбөйт, деп сынга алды.

КСДПнын үгүт кербени “Датка-Кемин” электр зымынын тартылышын, альтернативдүү түндүк-түштүк жолунун курула башташын жетишкендик катары атоодо.

Үгүт кербендин демине дем кошуу үчүн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев да кыйыр түрдө катыша баштаганы байкалууда. Белгилүү болгондой, президент акыркы мезгилде региондорду активдүү кыдырып, айрым жерлерде жабык эшик артында жыйындарды өткөрүп, “туура добуш берүү” үгүтүн жүргүзүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG