Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Апта: Шайлоо козголоңу, Анапияевдин өлүмү


Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин (24.04.1974) атына берилген Орусиянын паспорту. Анда Алмамбет Анапиявдики делген сүрөт чапталган
Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин (24.04.1974) атына берилген Орусиянын паспорту. Анда Алмамбет Анапиявдики делген сүрөт чапталган

Узап бараткан жумада саясий партиялардын биригүү жараяны активдешти. Кумтөр маселеси чечиле электе Жерүй алтын кенине сынак жарыяланмай болду. Криминалдык төбөл Алмамбет Анапияевдин өлүмү түрдүү версияларды жаратты.

Партиялардагы биригүү жана ажырашуу

Кыргызстан алдына чечүүнү талап кылган орчун жана татаал маселелер чоң караандай болуп жакындап келатат. Алардын бири - республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүдөгү тобокелчиликтер болсо, экинчиси - Кумтөр жана Жерүй алтын кендерин иштетүүдөгү татаалчылыктар. Үчүнчүсү - күзүндө боло турган парламенттик шайлоо.

Парламенттик шайлоонун жакындыгы өлкөдөгү саясий партиялардын жана саясатчылардын болуп көрбөгөндөй активдешүүсүнө, жаңы өнөктөрдү издеп, Жогорку Кеңешке келүү үчүн бардык айла-амалдарды колдонууга мажбур кылууда. Бирок 2010-жылдан кийин шашылыш түзүлгөн партиялык тизмелер жана түзүлүштөр алып келген бөлүнүп-жарылуулар өнөктөрдү издөөдө абайлаган, эсептешкен мамилени талап кылууда.

Мына ошондой негизде “Бүтүн Кыргызстан” жана “Бир бол” партиялары бирикпей калды.

“Бир бол” партиясынын лидерлеринин бири Марат Султанов эки партияда башкаруу системасы боюнча көз караштар дал келбей жатканын билдирген эле:

Марат Султанов
Марат Султанов

- Ар түрдүү көз караштар бар. Ошондуктан башкаруу системасы боюнча талкуу жүрүп жатат. Бирок программалар боюнча 80% бир болуп калдык. Эми 15-20% айырмачылык бар. Мына ошолор боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

Мына ошол 15-20% айырмачылык эки партиясынын биригүүсүнө жол берген жок.

Белгилүү болгондой “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Кыргызстан парламенттик башкаруу системасында жашоого жетише элек, азыркы система өлкөдө башаламандыкты жана жоопкерсиздикти жаратты деп, президент өкмөттү түз башкарган, күчтүү парламенти бар бийликти же америкалык бийлик системасын жактап келет.

“Бир болдун” лидери Алтынбек Сулайманов президенттик башкаруу Кыргызстанда өзүн актабады, парламенттик башкаруу жолунда бара беришибиз керек деген пикирде болууда. Мына ушул пикир келишпестик эки партиянын биригүүсүн токтотуп, эки ача кетүүсүнө алып келди.

Өз ара биригүү боюнча “Эмгек” жана “Өнүгүү” партиялары да сүйлөшүү жүргүзүүдө. “Өнүгүү” париясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров эки партиянын биригүүсү бир топ реалдуу болуп жатканын билдирген. Айрым маалыматтарга караганда, эки партия азыркы учурда шайлоо өнөктүгүн каржылоо, талапкерлердин каржылык дарамети канчалыгын аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө.

Бул партиялардан сырткары, системдик эмес оппозиция да копшолуп, бир партия жана бир тизме менен парламенттик шайлоого баруунун жолун караштырууда. Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү чогулуп, “Атамбаев кетсин” аттуу ураан менен шайлоого барууну жактырышканын кабарлашкан. Бирок айрым лидерлер андай ураан расмий түрдө кабыл алынбаганын билдирүүдө.

Улуттук оппозициялык кыймылдын жетекчиси Равшан Жээнбеков кандай болгон кезде да оппозициянын катарына президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына каршы саясатчылар чогулуп жатат дейт:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Жалпысынан бүгүнкү күндөгү президент Атамбаевдин саясатын колдобогон оппозициялык маанайдагы саясатчылардын баары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Эгерде парламенттик шайлоо өз убагында өтөт деп ишене турган болсок, анда май айынын ичинде шайлоого бара турган топту түзөбүз.

Оппозициячыл саясатчылар Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясынын базасында шайлоого барууну негизги варианттардын бири катары карашууда. Бирок Мырзакматов өзү Кыргызстанда эмес. Ал кылмыш иши козголгонго байланыштуу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Республиканын саясий турмушундагы дагы бир жаңылык, бул күтүлүп жаткандай эле, мурунку башкы прокурор Аида Салянованын жаңы партиясынын жарыяланышы болду. Тагыраак айтканда, 2005-жылы катталган “Жарык Кыргызстан” аттуу партия кайрадан каттоодон өткөрүлүп, “Күчтүү Кыргызстан" деп түзүлдү жана анын жетекчилигине Салянова шайланды. “Жарык Кыргызстанды” түзгөн Расул Үмбөталиев төрагалыкты өткөрүп берди.

Үмбөталиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, “Күчтүү Кыргызстан” партиясы учурда өз алдынча парламенттик шайлоого барууну көздөп жатат:

- Өзүбүз барабыз деп атабыз. Анткени биз өзүбүздүн күчүбүзгө ишенип, ой-максаттарга жетебиз дейбиз. Башкалар менен биригүү деген маселе жок. Келе жаткан парламенттик шайлоого өзүбүздүн тизме менен барабыз деп атабыз.

Үмбөталиевдин айтымында, “Күчтүү Кыргызстандын” катарын жаштар толуктап жатат.

Кендирди кескен кендер

Бийликтеги оппозициялык партиялар Кумтөр боюнча чечүүчү кармашка даярдык көрүүдө. “Республика” фракциясынын төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаевдин билдирүүсүнө караганда, эгерде өкмөт Кумтөр боюнча келишимди февраль айынын ичинде парламентке алып келбесе, анда өкмөттүн кызматтан кетиши талап кылынат:

- Жаңы келишим менен иштесек, бизге кошумча 150 млн. доллар түшүп турмак. Аны чечүүгө саясий жоопкерчилик жана эрк жок болуп жатат. Биз февраль айынын ичинде Кумтөр боюнча келишимди алып келбесе, өкмөт кетсин деген маселени расмий түрдө көтөрөбүз.

Курманбек Дыйканбаевдин пикиринде, Кумтөрдүн айланасында саясий оюн жүрүүдө, сүйлөшүүлөр создуктурулууда. Парламенттин айрым сунуштары Кумтөр боюнча келишимде аткарылбайт деп жатышат. Кумтөрдө оңдоо иштери башталышы да мына ошол саясий оюндун бир өңүрү.

Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр май айынын соңунда аягына чыгарын “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов билдирген. Токон Мамытовдун сөзү аткарылып, келишим июнь айында Жогорку Кеңештин кароосуна коюлса, аны депутаттардын жайкы танапис алдында талкуулап аягына чыгуусу да күмөндүү. Анын үстүнө шайлоо өнөктүгү кызуу мезгилине келе баштайт.

Мына ошентип, Кумтөр маселеси чечилбей турган мезгилде өкмөт өлкөдөгү экинчи ири алтын кени - Жерүйдү конкурс аркылуу саттыкка койду. Баштапкы баа 100 млн. доллар деп аталды.

Конкурсту өткөрүү үчүн геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев башында турган комиссия түзүлдү. Комиссия сынакты 23-мартка дайындаганын Зилалиев маалымдады:

- Конкурстук комиссия чогулду. 23-мартта өткөрөбүз деп турабыз. Бул биринчи бөлүгү. Негизи сынак эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүк үчүн 30 күн, экинчи бөлүк үчүн дагы 30 күн берилет. Баштапкы баа мурункудай эле 100 млн. доллар деп турат. Бирок ал жерде мындай мүмкүнчүлүк берилет: эгерде компаниялар көбүрөөк беребиз десе, ар бир он млн. доллар үчүн бир баллдан кошулат.

80 тоннанын тегерегинде алтыны бар Жерүй кени 2013-жылы да конкурска коюлуп, анда баштапкы баа катары 300 млн. доллар аталган. Бирок бир гана инвестор документтерин тапшыргандыктан конкурс болбой калды деп жарыяланган. Эми кендин баасы үч эсеге арзандатылып, 100 млн. доллар деп коюлду. Бирок Жерүйдүн айланасында соттошуу жаңжалы бар. Кенди иштетүү лицензиясынан ажыратылган казакстандык "Визор" компаниясы кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитражга берип, 450 млн. доллар доо койгон. Учурда кыргыз өкмөтү да, казак тарап да сотко даярдык көрүүдө.

Жерүй алтын кенин иштетүүгө Таластагы жергиликтүү калктын каршылыгы да өзүнүн терс ролун ойношу күтүлөт. “Талас ынтымагы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Серен Шейшеновдун айтымында, Талас облусундагы 93 айыл өкмөттүн үчөө гана кенди иштетүүгө макул, калганы каршы. Ошондуктан кенди иштетүү жаңжал жаратат дейт:

- Биз жаран катары, элдик лидер катары президенттен, өкмөттөн, парламенттен дагы бир жолу суранабыз. Бул ишиңерди токтоткула. Ал ийгиликке алып барбайт. Четин Шыралжындан көрдүңөр. Бул чоң чатакка айланып кетпейт деп ким кепил болот? Мен бийлик бутактарына мына ушундай суроо бергим келет.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев Талас облусунун өнүгүүсү үчүн Жерүй алтын кенин иштетүү максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Криминалдык согуш...

Кыргызстанда криминалдык топтордун таасир талашып, атышуусу, бири-бирин өлтүрүүсү күч алды. Андай согуш Орусия, Беларус, Казакстандын аймактарына чейин жайылууда. Акча, байлык кайда болсо, анын артынан жүргөн криминалдык топтор Орусияга кыргыз эмгек мигранттарынын артынан барганы белгилүү.

Кыргызстандын мурунку ички иштер министри Болотбек Ногойбаев кыргыздын кылмыштуу топтору таасир талашып жатат дейт:

- Бул жерден качкан кыргыздын бандиттери ошол жакка барып, ошол жерден өзүбүздүн кыргыздарды эле кыйнап атышпайбы. Таасир этүү чөйрөсүн бөлө албай эле кырылышып атат.

Мына ошол таасир талашуу туу чокусуна жеткенин Алмамбет Анапияевдин сөөгү Минскиден табылышы далилдеп турат. Бирок да Ички иштер министрлиги сөөк Алмамбет Анапияев экенин тастыктай элек.

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Анапияев Араб Эмираттарына чыгып кеткен. Бирок Кыргызстанда таасирин жоготкон эмес. Ал криминалдык териштирүүлөрдөн баштап, саясат жана журналисттердин ишмердүүлүгүнө чейин аралашып турган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча республикада Камчыбек Көлбаев, Азиз Батукаев, Максат Абакиров жана Алмаз Бокушевдин криминалдык топтору таасирлүү. Алмамбет Анапияев Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени маалым.

Мына ушул топтордун ичинен Азиз Батукаев менен Камчы Көлбаевдин топтору таасир талашып, тирешип келет. Азиз Батукаев Кыргызстандан сый-урмат менен узатылгандан кийин “Карышкыр”, “Сакал” аттуу каймана аттары бар криминалдык лидерлер аркылуу өз ишин жүргүзүп келаткан.

Дал ушул “Сакалдын” тобу менен Алмамбет Анапияевге жакын “Чач” аттуу каймана аты бар криминалдык лидердин тобу 8-февралда Москвадагы “Бишкек кечи” аттуу кафеде атышканын Орусиянын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Анда өлүм да болуп, бир нечеси жарадар болгон. Анапияев Беларуска эмне себептен барып калды деген суроого мына ушул жактан да жооп издесе болот. Кыязы, криминалдык териштирүүгө барган Анапияев ал жерден чыкпай калгандай. Анын тамагынан мууздалышы бул жерге Батукаевдин же чечен криминалдарынын аралашуусунан кабар берет.

Кыргызстандын мурунку ички иштер министри Болотбек Ногойбаев адамды мууздоо кыргыздарга мүнөздүү көрүнүш эмес деп, бул жерде орустардын аралашуусу мүмкүн дейт.

Алмамбет Анапияевдин өлтүрүлүшүнө Ош аба майданында өткөн жылы 27-декабрда миллиондогон доллардын курал менен каракталуусун байланыштыргандар да бар. Ага дагы негиз бардыгы байкалып турат. Албетте, булардан сырткары Анапияев менен Жаныш Бакиевдин Медет Садыркуловду өлтүрүлүшүндөгү сыры да айтылууда.

Бирок криминалдык лидерлердин өлүмүнүн артында ким турганы көбүнчө жабык бойдон калат. Анткени андай кылмыштар өзгөчө даярдык менен, из жашырылып жасалат. Себеби алардын өлүмү үчүн жоопкерчилик кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамына жараша болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG