Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Апта: Салянова менен Келдибековдун "жүрүшү"


Президент Алмазбек Атамбаев менен Аида Салянова
Президент Алмазбек Атамбаев менен Аида Салянова

Узап бараткан жумада Аида Салянова президенттен колдоо болбогону үчүн башкы прокурорлуктан кеткенин билдирди. Акматбек Келдибеков сотту улантуу үчүн чет өлкөдөн кайтып келди. Өкмөт өткөн жылдын экономикалык көрсөткүчтөрүн талкуулады.

Салянова менен бийлик бири-бирин айыптады

Узап бараткан жумада Аида Салянова башкы прокурорлук кызматтан эмне себептен кеткенин жарыялады. Анын айтымында, президент тараптан колдоо болбой калгандыктан кызматынан кетүүгө аргасыз болду:

- Прокурорлор үчүн саясий колдоо өтө маанилүү нерсе, анын ичинде сөзсүз түрдө президенттин колдоосу. Ишти натыйжалуу алып барыш үчүн ушундай колдоо сөзсүз керек. Менин оюмча, президент менен башкы прокурордун ортосунда ишенимге негизделген мамиле болуш керек. Бул абдан маанилүү нерсе. Бир этапта мен ошондой мамиле, колдоону сезбей калдым. Андай колдоо болбогондон кийин коррупция менен күрөштү жөн эле имитация кылуунун кажети жок.

Аида Салянова конкреттүү кайсы иштер боюнча президенттен колдоо таппай калганын айткан жок. Маселен, Иса Өмүркуловдун ишиби, Ташиевди актоо ишиби же башка дагы маанилүү иштер боюнчабы, белгисиз...

Аида Салянова
Аида Салянова

Салянованын билдирүүсүнө жооп кылган президент тарап да кайсы конкреттүү иштерге байланыштуу Аида Салянова ишенимден чыкканын түз айткан жок. Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов “башкы прокурордун жакын адамдары тууралуу ушак-айыңдар көп болуп, соңунда көрүнүп турган фактылар пайда боло баштаганда Аида Саляновага жыйынтык чыгаруу сунушталганын, Алмазбек Атамбаев “мунун баарынан кийин мен сизге кантип ишене алам” деп Саляновага айтканын билдирип чыкты.

Аида Салянованын жакын адамдары боюнча айың кептерге келсек, ал биринчи кезекте күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго байланыштуу чыккан сөздөр. Адегенде Абдыкапаровдун ар кандай иштерге аралашканы, анын таасирдүүлүгү жөнүндө калк ичинде түрдүү сөздөр жүргөн. Ал сөздөрдүн кайсы бир деңгээлдеги далили катары “Тазалыктын” жетекчилеринин көргөзмөсү боюнча козголгон кылмыш иш аталган. Ал кылмыш ишти УКМК козгогон. Анда “Тазалыктагы” мыйзам бузууларга байланыштуу кылмыш ишти жабыш үчүн Абдыкапаров 50 миң доллар талап кылган делинген. Аида Салянованын жакындарына байланыштуу экинчи багыттагы айың кептер анын жакын тууганы Калыйбек Саляновго байланыштуу чыккан.

Калыйбек Саляновдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 17 жаштагы Камила Дүйшөбаева менен тааныштыгы тергөө учурунда аныкталган. Бирок кийинчерээк Ички иштер министрлиги Калыйбек Саляновдун кыздын өлүмүнө тиешеси жок деген бүтүмүн чыгарып берген.

Албетте, булардан сырткары эки тараптын көмүр коррупциясында катуу чарпышып калган жери бар. 2014-жылы “Электр станциялар” акционердик коому көмүр сатып алуу боюнча тендерди үч жолу үзгүлтүккө учуратып, соңунда казак олигархы Александр Машкевичке таандык “Прогресс компаниге” Бишкек жылуулук борборуна монополист катары казак көмүрүн сатууга жол ачып берген. “Электр станциялар” коомунун борбордук бийлик, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин колдоосу менен “Прогресс компаниге” ачкан жолун башка күчтөр тосуп, “Жезказган энергосбыт” компаниясынан көмүр сатып алууга “Электр станциялардын” жетекчилигин мажбур кылган. Мындай жорукка чыдабаган борбордук бийлик УКМКнын укуругу менен үч кишини камакка алган. Камакка алынгандардын катарында Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Нуртазин Жетибаев болгон. Жетибаевдин Бакыт Абдыкапаров менен достугу тууралуу маалыматтар бар.

Кыязы, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов “көрүнүп турган фактылар” тууралуу айтканда мына ушуларды эске алгандай. Мамлекет эсебинен көмүр бизнесинен пайда табууну көздөгөн бул окуялар президент менен Аида Салянованын ортосундагы келишпестиктердин башталыш мезгилине дал келет. Белгилүү болгондой камакка алуулар өткөн жылы сентябрь айынын соңунда болгон.

Башкы прокурорлуктан кеткен Аида Салянова саясатка багыт алып, жаңы партия түзүп жатканын маалымдады. Президенттик шайлоого катышуу тууралуу сөз кылуу эрте, бирок парламенттик шайлоого сөзсүз катышарын жарыялады. Албетте, Салянова коррупцияга каршы башкы күрөшүүчү атагын өзүнө ыйгарып, аны менен саясий салмак алууга аракеттенет. Бирок Салянова жүргүзгөн антикоррупциялык иштер тандалма жана саясий мүнөздө болгон деген пикирлер коомчулукта арбын. Ал Азиз Батукаевди бошотуудагы Аида Салянованын колдоочу позициясы, коррупцияга каршы иштердин көбүнүн азыркы кезде гүлдөп жаткан коррупцияга эмес, өткөн мезгилдердеги иштерге, анда дагы бийликтин оппоненттерине каршы багытталышы менен тастыкталып турат.

Анын үстүнө ал өзү айткандай, башкы прокурор катары азыркы “коррупциянын бүткүл масштабын көрүп”, бирок көшөгөнү кайра жаап койгондой болуп турат.

Акматбек Келдибеков сотко келди

Коррупция боюнча айыпталып камакка алынып, бирок тизесин дарылатуу үчүн өткөн жылы чет өлкөгө чыккан саясатчы Акматбек Келдибеков 10-февралда Кыргызстанга кайтып келди.

Келдибековго кылмыш иши 2013-жылы ачылып, ошол жылы ноябрь айында камакка алынган. Ал Салык кызматын, Социалдык фондду жетектеп турганда жана Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде кызмат абалынан пайдаланып, мамлекетке 35 млн. сомдун тегерегинде зыян келтирген деп, Башкы прокуратура тарабынан айыпталган. Келдибеков өзү айыптоолорду четке кагып, козголгон кылмыш иштер саясатка байланыштуу деп билдирип келатат.

Козголгон кылмыш ишти өткөн жылы июнь айында Биринчи май райондук соту карай баштаган. Бирок Келдибеков тизесин чет өлкөлөрдө дарылатууга муктаж деген дарыгерлердин корутундусунун негизинде сот тарабынан үй камагына чыгарылган жана дарыланып келүүгө уруксат алган.

Келдибеков Кыргызстанга кайтып келүү чечимин Аида Салянова кызматтан кеткенден кийин кабыл алдыбы же мурда эле пландаганбы, бул азырынча белгисиз.

Акматбек Келдибековдун коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абыловдун айтымында, Келдибеков “качып кетти”, “келбейт” деген айың сөздөрдү жокко чыгарып, сотту баштоо үчүн кайтып келди:

- Булар ден соолугуна карабай эле качып атат, келбей атат деп, жамандап атышат. Ошого сот жүрө берсин, качты деген ушактарга жол бербейли деп Кыргызстанга келди.

Абыловдун маалыматы боюнча, Акматбек Келдибековдун ден соолугу толук калыбына келе элек. Анткени тизесиндеги шишик кетпей, дагы эле суусу чыгып турат. Ошондуктан үч айдан кийин кайра дарыгерге көрүнүш керек. Андан сырткары эгерде донор табылса, тизесиндеги чемирчекти алмаштыруусу керек.

Келдибековдун адвокаты Татьяна Чильникинанын билдирүүсүнө караганда, алар сот ишин баштоону өтүнүп, 11-февралда Биринчи май райондук сотуна кайрылышты:

- Биринчи май райондук сотуна сот жараянын улантуу өтүнүчү менен кайрылдым. Келдибеков өзү маалымат каражаттары менен байланышпайт. Маалымат жыйынын дагы өткөрбөйт. Биз сотко даярдык көрүп жатабыз.

Биринчи май райондук соту ишти кароону улантууну 20-февралга дайындаганы маалым болду. Башкы прокуратура өз кезегинде Келдибековду тергөө абагына киргизүүнү соттон өтүндү. Прокуратуранын пикиринде, үй камагында турган Келдибеков күбөлөргө жана соттун ишине таасир этиши мүмкүн.

Азыркы кезде Акматбек Келдибековдун иши кайсы багытта өнүгөрүн айтуу кыйын. Башкы прокуратура, тагыраак айтканда жаңы башкы прокурор Индира Жолдубаева айыптоо нугунан тартпай, ал гана эмес Келдибековду тергөө абагына камоону өтүндү.

Өлкөдөгү белгилүү юрист Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, Аида Салянова жана Индира Жолдубаева бир команда болгондуктан, Келдибековдун ишинде өзгөрүү болбойт дейт:

- Жаңы жагдай болбойт деп ойлойм. Прокуратуранын позициясы өзгөрбөйт. Анткени алар мурда эле бир команда болчу. Азыр бизде мыйзамдуулук деген нерсе жок да.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев болсо Кыргызстанда быйыл шайлоо жылы болгондуктан туруктуулукту сакташ үчүн Келдибековдун ишинде жеңилдик болушу мүмкүн дейт:

- Келдибеков саясий фигура болгондуктан анын ишине кээ бир саясий нерселер аралашып кетиши мүмкүн. Анткени 2015-жыл - шайлоо жылы. Бул жыл туруктуу өтүш керек. Эгерде Келдибековдун иши терс жагына чечиле турган болсо, анда анын колдоочулары жолдорду тосот, митинг өткөрөт. Менин оюмча, ошон үчүн азыр бир "Соломон чечимин" кабыл алыш керек.

Акматбек Келдибековдун саясий абалына келе турган болсок, ал өтө жакшы эмес. Биринчиден, “Ата Журт” партиясындагы жакын пикирлештери менен алда качан эле араздашып кеткен. Экинчиден, башка кайсы бир таасирлүү саясий күчтөр менен бириккени да байкала элек. Бирок эркиндикке чыкса, кайсы саясий күч, же топ болбосун алдыга сүрөөгө финансы жана башка дарамети жетиштүү экени айгине.

Өкмөт: Кыргызстанга дүйнөлүк кризис таасир этүүдө

Узап бараткан жумада өкмөт өткөн жылдын экономикалык жыйынтыгын чыгарды. Белгилүү болгондой өткөн жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы 3.6% өскөнү кабарланган. Өкмөттүн жыйынында экономиканын өсүшүнүн басаңдашы дүйнөлүк кризиске байланыштуу кошуна мамлекеттерде да байкалып жатканы белгиленди.

Быйылкы жылдын биринчи айынын жыйынтыгы болсо өткөн жылдагы өсүш темптин сакталганын көрсөтөт. Маселен, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, январь айында ички дүң продукция Кумтөрдү кошпогондо 3.4% өстү. Кумтөр менен биргеликте 8.4% өсүш болгон.

Бирок Кумтөрдү кошпогондо өнөр жай 5.3% төмөндөп кеткен. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча да өнөр жайы 2% жакын төмөндөгөн эле. Быйылкы жылдын январында төмөндөө энергетика, азык-түлүк, кийим-кече жана башка буюм-тайымдарды чыгаруу тармактарында болгон. Андан сырткары курулуш тармагы өсүшүн кескин басаңдаткан. Эгерде өткөн жылы январь айында курулуш тармагына инвестиция 45%, тармактын жалпы өсүшү да 45%дан ашкан болсо, быйылкы жылы 6% гана өскөн.

Өкмөттүн жыйынында айтылгандай, өкмөт азыркы кезде кризиске каршы программаны иштеп чыгууга камданууда. Ал үчүн ар бир министрлик жана жергиликтүү бийлик органдары өздөрүнүн сунуштарын даярдоого тийиш.

Бирок парламентте өкмөттүн иши сынга алынып, экономикалык өсүш үчүн зарыл болгон насыялардын үстөк пайызы абдан жогору болуп жатканы белгиленген. Депутат Элмира Жумалиева:

- Айрым насыялардын түрлөрү боюнча үстөгү 35% жетип жатат. Биз насыянын үстөгүн төмөндөтүүнүн ордуна кайра көтөрүп жатабыз. Биз ишкерликти өнүктүрүүнү колдошубуз керекпи, же бюджеттин кирешесин толтурушубуз керекпи? Эмне үчүн Улуттук банк үстөк пайызды көтөрүүгө шарт түзүүдө?

Элмира Жумалиева ошондой эле бул багытта өкмөт эч кандай чара көрбөй жатат деп айыптаган.

Улуттук банк өз кезегинде сомго басым болбош үчүн насыяларды кымбаттатып, базардагы накталай акчаны азайтып жатканы маалым. Бул маселеде Улуттук банк бир жактуу кетпей, экономикалык өсүш менен сомдун курсун кармоодо балансты сакташ керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов эскерткен. Бирок Улуттук банк үчүн учурда сомдун кескин күчүнүн жоготушуна жол бербөө негизги маселе болуп турганы байкалат. Бул үчүн Улуттук банк резервин тынымсыз чачып, интервенция жасап жатат. Февраль айынын биринчи жарымында жасалган интервенциянын өлчөмү 50 млн. долларга жакын экени маалым.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG