Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

“Дастандын” долларлары дайынсыз


Кыргызстан кезектеги коррупциялык жаңжалдын алдында турат. Бул ирет “Дастан” ишканасынын айланасындагы кыңыр иштер ачыкка чыга турган болууда.

Бул ишкананын миллиондогон каражаттары кайсы бир партиянын шайлоо өнөктүгүнө жумшалганы тууралуу маалыматты Кубатбек Байболов айткан эле. Бул кайсы партия? Айыптоонун негизи барбы?

“Дастан” ишканасынын проблемалары апрель ыңкылабынан кийин, Убактылуу өкмөт заводдун жетекчилигине Сергей Даниленкону дайындагандан кийин башталган.

Бул жетекчи келгенге чейин заводдун эсебинде 2 млн. 660 миң доллар каражат болгон. Бирок көп өтпөй заводдун каражаты жоголуп, жумушчуларга айлык акы да берилбей калган. Тартип коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, Сергей Даниленко жана заводдун башкы инженери Борис Удот сурак бере баштаган. Мына ошол сурактын жүрүшүндө Сергей Даниленко заводдун каражаттары кайсы бир партиянын шайлоо өнөктүгү үчүн жумшалганын билдирген.

Ал кайсы партия экенин башкы прокурорлук кызматтан бошотулган Кубатбек Байболов “Азаттыкка” ачыктады:

- КСДП партиясына беришкен. Булар (заводдун жетекчилери. - ред.) торпедолордун бир бөлүктөрүн өздөрүнүн атайын түзүлгөн фирмаларына берип жиберишкен. Анан акчаны беришкен. Ошол бергендерди куйруктан алганда айтып беришкен. КСДПнын шайлоо өнөктүгүнө акча керек деп алышкан.

“Дастан” заводунун жумушчуларынын ичинде да каражат кайсы бир партиянын шайлоо өнөктүгүнө жумшалгандыгы жөнүндө сөздөр көп. Заводдун атын атагысы келбеген орто жетекчилеринин бири аны мындайча тастыктады:

- Даниленконун өзү "бул акча КСДПнын шайлоо өнөктүгүнө кетиш керек" деп айткан экен. Бүт маалыматтар прокуратурада бар. Биз аны укканбыз жана өзүбүз күбө да болгонбуз. Анан бизде август, сентябрда айлык берилбей калган.

Бул жетекчинин айтымында, кырдаалга байланыштуу бийликтегилерге кайрылуу жасашкан.

“Дастан” заводундагы коррупция боюнча Кубатбек Байболов парламенттеги билдирүүсүндө да айтып кеткен жана аны иликтөө боюнча комиссия түзүүнү депутаттарга сунуштаган.

Айыптоолор четке кагылды

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы ага карата коюлган айыптарды төгүнгө чыгарууда. Жогорку Кеңештеги Социал-демократиялык фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков:

- Биздеги маалыматтар боюнча айыптоолорунда эч кандай негиз жок. Ал жөн эле кызматтан айдалган бирөөнүн сөзү менен, көрсөтмөсү менен деген сөз болуп жатат. Ачыгын айтканда бул баягы бир кызыкчылыкты көздөгөн адамдардын эптеп жумурткадан кыр издеп, чала-була сөзгө таянып алгандан чыккан сөз.

КСДПга карай айтылган айыптоолорду өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов да төгүндөөдө:

- Кубатбек Калбековичтин сөздөрү олуттуу эмес. Анткени ал адегенде өзүнө коюлган айыптардан арылып алыш керек. Документтерди алып келсин. Менин оюмча, бул кезектеги калп. "Мегакомдогудай" эле абал. Бул таарынган адамдын ачуусу.

Заводдун жумушчуларынын айтымында, “Дастан” бийликтеги үч фракция министрлик, завод, мекемелерди бөлүштүргөндө КСДПга тийген. Азыркы мезгилде ишкананы Албек Ибраимов жетектейт.

Ишин токтотпогон завод


8-апрелде заводдун акционерлери жыйынга чогулушат. Мына ошол жерде кеңири сөз болоору күтүлүүдө.

“Дастан” заводунун 48% акциясын Орусияга берүүнү өкмөт макулдашкан. Ошондуктан бул маселе да күн тартибинде турат.
Булар торпедолордун бир бөлүктөрүн өздөрүнүн атайын түзүлгөн фирмаларына берип жиберишкен.


“Дастан” ачык акционердик коомунун сайтында көрсөтүлгөндөй, бул ишкана бир гана торпедолор эмес, анда башка да аскердик багыттагы маанилүү буюмдарды, ошондой эле медициналык, үй-тиричиликке керектелчү нерселерди да жасайт.

СССРдин мезгилиндеги Бишкектеги ондогон ири заводдордун ичинен “Дастан” гана сакталып, дурус иштеп турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG