Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Кыргызстандагы саясий күчтөр жана жарандык коом бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда 2015-жылдагы парламенттик шайлоону өткөрүүнүн айрым жагдайларын талкуулады.

Анда айрыкча оппозициялык саясатчылар менен партиялардын шайлоого тоскоолдуксуз катышуусун камсыздоо жана шайлоочулардын так тизмеси боюнча маселелер көтөрүлдү. Шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн көбөйтүү жана босогонун чегин он пайызга жогорулатуу демилгеси сынга кабылды. Саясий туруктуулукту камсыздоо үчүн шайлоону таза жана акыйкат өткөрүүгө бийлик өзү кызыкдар болууга тийиш деген сунуштар айтылды.

Шайлоого даярдыктын шардыгы

Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев ушул күнгө карата республика боюнча 1 миллион 200 миң жарандын биометрикалык маалыматтары чогулганын билдирди. Шайлоочулардын тизмеси мына ошонун негизинде түзүлө турганы көрсөтүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү шайлоочулардын өздүгүн аныктоодон баштап, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу эрежелерине чейин автоматташтырылган системага өткөрүү демилгеси ишке аша турганын айтты.

Данияр Нарымбаев.

Данияр Нарымбаев.

Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишмердиги тууралуу президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев буларга токтолду:

- Азыр 2010-жылдагы шарттарды көп өзгөртпөйлү, болгону андагы кемчиликтерди гана жоёлу деп сүйлөшүп жатабыз. Анан эми улам-улам эле шайлоонун эрежелерин тынымсыз өзгөртө берсек, элдин дагы башы айланып калат да. Мында өзү негизги эле маселе шайлоочулардын тизмесин тактоо. Тизмени тазалап алуубуз керек. Мына ошондо бир адам бир добуш берсе, анан ошол добуштун уурдалып кетпөөсүн камсыздай алсак эле шайлоонун таза өтүшүнө кепилдик болот.

Эки чылбыр, бир тизгин кимдин колунда?

Интернет саясатынын жарандык демилгеси коомдук уюмунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева биометрикалык долбоордогу техникалык өксүктөр жана шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого шарт түзгөн тобокелдиктер тууралуу баяндама жасады. Анда негизинен жарандардын биометрикалык маалымат базасын сактоонун коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү тууралуу маселе көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова сунушталган технологиялык шарттар деле шайлоону таза өткөрүүгө кепилдик бере албастыгын айтты:

- Сервер кимдин колунда, анын ачкычын ким көзөмөлдөйт? Мына ушул жагы чечилбей калып жатпайбы. Азыр сунуштап жаткан долбоор боюнча шайлоо өтө турган болсо, анда мурдагыдай эле болот. Болгону мурда шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, акимдер жана губернаторлор аралашса, эми жабдууну башкарган адам эле катышат. Мына ушундай технология менен шайлоодо жеңишти камсыздайбыз десеңер терең жаңылышып каласыңар. Анткени шайлоо таза өтпөсө, анда тынччылык болбойт.

Жоопкерчиликтин жолу

"Республика - Ата-Журт" саясий партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев шайлоо күрөөсүн 500 миң сомдон 5 миллион сомго чейин көтөрүүнү колдой турганын билдирди. Ошондой эле ал беш пайыздык босогону он пайызга чейин жогорулатуу саясий партиялардын ирилешүүсүн жана өкмөттүн туруктуулугун камсыздай турганын белгиледи.

"Республика-Ата-Журт" партиясынын лидерлери.

"Республика-Ата-Журт" партиясынын лидерлери.

Бирок парламент депутаты Равшан Жээнбеков мындай демилгеге каршылыгын айтып, маселе шайлоону таза өткөрүү менен байланыштуу деп билдирди:

- Босогону он пайызга көтөрүүнүн кереги жок. Баш мыйзамда бийлик элге таандык деп турат. Демек, элдин кеңири катмары өзүнүн өкүлдөрүн парламентке алып барууга акысы бар. Индияда деле 50 партия парламентте отурат. Алар ынтымакташып эле, иш алып барышууда. Бул жерде маселе жок. Өкмөттүн туруктуулугу жана көпчүлүк коалиция куроонун кыйынчылыгы андан көз каранды эмес. Келишип алып иштесе болот. Маселе башкада. Мында таза шайлоону камсыздоого бийлик өзү кызыкдар болууга тийиш. Болбосо кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан мына ушуга көңүл буруубуз керек.

Талкуу учурунда саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоону акыйкат уюштуруу саясий туруктуулукту кепилдейт деген жыйынтыкка келишти. Мына ошондуктан шайлоо жараянынын ачык-айкындуулугун камсыздоо жагы көтөрүлдү. “Бир бол” саясий партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев саясий жоопкерчилик маселесине басым жасады:

- Мында негизи бийлик дагы, саясий күчтөр дагы жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Эгерде бийлик шайлоону ачык-айкын уюштурса, анда маселе болбойт. Анан көшөгө артында көп нерсе чечиле турган болсо, оппозиция дагы ошого карата өзүнүн ыкмасына өтө баштайт. Мына ошондуктан эки тарап тең бул маселеде өтө жоопкерчиликтүү болууга тийиш.

Президенттик аппараттын алдындагы жумушчу топко талкууда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу жагы тапшырылды. Ошондой эле айрым бир түйүндүү маселелер боюнча саясий күчтөр, бийлик жана жарандык коомдун ортосунда байланышты күчөтүү демилгеси көтөрүлдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG