Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Партиялык тизме: акчаң болсо алдыга...


Кыргызстанда саясий партиялардын алдыңкы сабына илиниш үчүн ири өлчөмдөгү каражат керектиги мурдатан айтылып келген.
Кыргызстанда саясий партиялардын алдыңкы сабына илиниш үчүн ири өлчөмдөгү каражат керектиги мурдатан айтылып келген.

Бир жылдан кийин Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору партиянын алдыңкы сабына туруу үчүн талапкерлер 50 миң доллардан 1 миллион долларга чейин төлөшү мүмкүн.

Бул тууралуу депутат Данияр Тербишалиев Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө айтып чыкты.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо айрым партиялар ага жумшаган акчасына карап, талапкерлер арасында орундарды бөлүштүргөн.

Куну кымбат “алтын ондук”

Парламенттик шайлоого али толук бир жыл бар экендигине карабастан, партиялар жанданып, ал боюнча талкуулар башталууда. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиевдин айтымында, шайлоодо партиянын алдыңкы он тизмесине кирүү үчүн 50 миң доллардан 1 миллион долларга чейин төлөөгө туура келет. Ал партиядагы алдыңкы он орунду “алтын ондук” деп атады.

- Эмне үчүн “алтын ондук” деп айтышат. Ошол ондукка кирүү үчүн сөзсүз кандайдыр бир акча берет. Өтө элге таанымал адам болбосоң ушундай акча беришиң керек. Эми шайлоодо ушундай болорун баары эле билет. Эгер азыр Шайлоо кодексин өзгөртүп, преференциялык шайлоону киргизе турган болсок, анда буга чекит коюлмак.

Тербишалиев мындай коррупциялык аракеттерге жол берген учурдагы Шайлоо мыйзамынан баш тартууга чакырууда.

“Шайтан оюнга” бай шайлоо

Негизи мыйзам боюнча, шайлоо учурунда партиянын шайлоо фонду түзүлүп, ага талапкерлер мүмкүнчүлүгүнө карап, акча салат. Бирок аталган фондго көбүрөөк суммадагы акча салгандар шайлоодо партиянын алдыңкы тизмесине кирүүгө мүмкүнчүлүк алганы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо белгилүү болгон. 2010-жылдагы шайлоодо партиянын фондуна канча каражат салганын ачык айтып келе жаткан жалгыз депутат - Өмүрбек Абдрахманов. Ал шайлоого “Ата Мекен” партиясынын атынан тизмеде 13-болуп катышкан.

- “Ата Мекен” партиясына шайлоо өнөктүгү үчүн 100 миң доллар кошком. Ал акчаны шайлоо өнөктүгүнө пайдаланганбыз. Башка партияларды айтпаганда да, КСДПга партияда жок адамдар, олигархтар кирген. Мисалы, фракция башчысы Чыныбай Турсунбеков, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов. Менин оюмча, шайлоодо акча берүү 300-500 миң долларга чейин болушу мүмкүн. Ошол эле “Ата Мекен” партиясына азыркы Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов сырттан келип кошулган. Ал эч качан “Ата Мекенде”, саясатта болгон эмес.

2010-жылдагы шайлоодо утуп чыгып, парламентке кирген “Республика” партиясы шайлоо компаниясына салган акчасына карата талапкерлер ортосунда орун бөлүштүргөнү да белгилүү. Атап айтканда, тизмеде 50-болуп болуп шайлоого катышкан “Аю” фирмасынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов алдыга жылдырылып, Жогорку Кеңешке депутат болгон. Бул окуя шайлоого катышкан партиялык тизмени бузууга болорун айгинелеген.

Партиялык тизмедеги коррупция кантип жоюлат?

Окумуштуу, серепчи Алмаз Акматалиев партиялардын шайлоо фондулары тыкыр көзөмөлгө алынмайынча, партиялык тизмени түзүүдөгү коррупция улана берет деп эсептейт.

- Бишкек шаардык кеңешине болгон акыркы шайлоодо алдыңкы он орунга кирүү үчүн 10 миң доллардан беришкен. Эми ал партиянын атын атабай эле коеюн. Ал эми кечээ болсо депутат Данияр Тербишалиев парламенттик шайлоодо алдыңкы беш же он орунга кирүү үчүн 50 миң доллардан 1 миллион долларга чейинки сумманы айтты. Ушундан улам бул жерде аябагандай көп акча тегеренерин билсек болот. Кээ бир адамдар үчүн бул саясий бизнес.

Ошол эле кезде учурда Кыргызстанда саясий партияларды сырттан каржылоого тыюу салуу сунушталууда. Юстиция министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, “Саясий партиялар тууралуу” мыйзамга толуктоо киргизилмекчи. Анда Кыргызстандын ички саясий турмушун сырткы күчтөрдөн коргоо керектиги айтылат.

2015-жылдын күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоо жакындаганы Жогорку Кеңештеги жана ага кирбеген партиялар ортосунда ар кандай деңгээлде сүйлөшүүлөр башталды. Бирок убакыт жакындаганы менен шайлоо кандай тартипте өтөөрү али белгисиз. Анткени, Шайлоо кодексин өзгөртүү боюнча парламентте орток пикир табылбай, учурда кызуу талаш-тартыштар жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG