Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Кыргызстанда бир нече жылдан бери турукташып калган ундун баасы кайра кымбаттай баштады.

Былтыр парламент бааны туруктуу кармоо жана атамекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн аларды буудайдан жана андан өндүрүлгөн ундан алынчу кошумча нарк салыгынан бошоткон мыйзам кабыл алган.

Ошондой эле жалпы салык жеңилдиги катары сатуудан түшкөн салык дагы алынып салынган. Мына ушуга окшогон жеңилдиктерден улам быйыл мамлекеттик бюджетке 6 миллиард сомдон ашуун акча түшпөй калды.

Буга чейин Эл аралык валюта кору өкмөттү мындай салык жеңилдиктерин киргизүүдөн баш тартууга чакырган болчу.

Ундун баасы туруктуу боло элек

Былтыр 2015-жылдын аягында өкмөт Жогорку Кеңешке сырттан буудай ташып келип, ун өндүргөн ишкерлерди кошумча нарк салыгынан жана сатыктан түшчү салыктан бошотуу боюнча мыйзам долбоорун киргизген.

Бул мыйзам долбоору өкмөттүн түшүндүрмөсү боюнча дан азыктарынын баасын туруктуу кармоого жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого багытталган. Ошол эле кезде Экономика министрлигинин маалыматы боюнча мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатканда бир эле буудайдан эмес, андан өндүрүлгөн унду дагы салыктан бошотуу сунушу киргизилип калган. Бирок учурда ун пайдалануучу ишкерлер мына ошондой салыктык жеңилдиктерге карабастан анын наркы күндөн-күнгө көтөрүлүп жатканын айтышууда.

Жеке ишкер Келдибек Жээнбеков бул жагдай боюнча буларга токтолду:

- Мен дагы унду компаниялардан дүңүнөн сатып алып, нан бышырып чыгарган цех иштетем. Ундун баасынын жогорулашы соңку бир айдан бери катуу байкалып жатат. Акыркы бир жумада эле бир кап ундун баасы жүз сомго көтөрүлдү. Буга чейин 1250 сомдон, анан 1300 сомдон алган бир кап унду азыр 1400 сомдон дүң баада алып жатабыз. Кардарларды качырып албайлы деп нандын баасын кармап турабыз. Бирок ун дагы кымбаттаса, анда нандын баасын да көтөргөнгө туура келет. Буга карапайым калк нааразы болушу мүмкүн. Ундун баасы кымбаттаган сайын башка азык-түлүктүн баасы да сааттай болуп улам жогорулап жатат.

Ун базар

Ун базар

Салыкты кайра кайтаруу далалаты

“Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев былтыр кабыл алынган салыктык жеңилдиктер кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн гана киргизилген деп сынга алды. Анын айтымында, миллиондогон сом олчойгон салыктык жеңилдиктер берилгенине карабастан, өлкөдө буудайдын жана ундун баасы арзандаган эмес. Учурда, тескерисинче, ундун жана ун азыктарынын баасы кымбаттап жатканын айткан депутат Кенжебек Бокоев мына ошол салыктан бошоткон мыйзамды кайра жокко чыгаруу демилгесин көтөрүүдө:

- Башкы прокуратура бул маселени териштириши керек. Бул жерде ун чыгаруучулардын кызыкчылыгына карата коррупциялык лобби болгон. Мына ошол миллиард үч-төрт адамдын чөнтөгүнө кирип кетти. Азыр мен сырттан ташылган буудайга кошумча нарк салыгын кайра кайтарып келе турган мыйзам долбоорун иштеп чыктым. Биз башында муну ката кетиргенсиңер, ошону оңдойлу деп, өкмөткө жардам берип жатабыз. Бирок өкмөт өзү биринчи бул боюнча маселе көтөрүшү керек эле. Азыр ал мыйзам долбоору коомдук угуудан чыгып, комитеттин кароосуна түштү.

Кенжебек Бокоев.

Кенжебек Бокоев.

Өкмөт өз сунушунун “барымтасында” калды

Ошол эле кезде “Республика - Ата-Журт” фракциясынын жыйынында өкмөт келерки жылга бюджет таңкыстыгы 21 миллиард сомго чейин жете турганын айтып, каржылык божомолун жарыялады. Мунун ичинен алты миллиард сомдон ашуун каражат былтыр киргизилген салыктык жеңилдиктердин кесепетинен улам келип чыккан.

Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев салыктык жеңилдиктерден улам учурда казына каржалып калганын ырастап, төмөндөгүдөй маалымат берди:

- Сатуудан түшкөн салыкты алып салуудан улам 4 миллиард сомго чейин салык түшпөй калышы мүмкүн экенин Мамлекеттик салык кызматы болжолдоп жатат. Каржы министрлиги менен Экономика министрлиги бул салыктын түрү боюнча 2,5 миллиард сомдун айланасында кыскаруу болорун белгилешти. Мындан сырткары буудайга жана унга кошумча нарк салыгы алынгандан улам 700 миллион сомго чейин акча түшпөй кала турган болду. Импорттолуп, сырттан ташылган буудай менен унду кошуп алганда, ошондо 1 миллиард 900 миллион сомдон ашуун мамлекеттик казынага зыян келтирилди. Мына ошол жеңилдик берилген жалпы төрт салык түрүнүн кыскарышынан улам жалпысынан алты жарым миллиард сомдон кол жууп отурабыз.

Эске алынбай калган ЭВКнын сунушу

Бирок Эл аралык валюта кору буудай ташып келип, андан ун өндүрүүчүлөрдү салыктан бошотуудан баш тартууну сунуштаган. Фонддун быйыл жаздагы алдын ала маалыматы боюнча эле Кыргызстандын бюджети 600 миллион сомдон ашуун зыян тарта турганы эскертилген.

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

Эл аралык Валюта корунун миссиясынын Кыргызстандагы өкүлү Яхья Саид бул маселе тууралуу мындай деди:

- Буга окшогон айырмачылыктар берилген учурда адатта ал салык мыйзамдарынын аткарылышын татаалдаштырып, адилетсиздикти жаратат. Мындай жагдай башка адамдарды салык төлөөдөн качууга өбөлгө түзүшү мүмкүн. Негизи жаратылышынан эле кайсы бир тарапка артыкчылык берип, Салык кодексине мамлекеттик казынага зыян келтире турган өзгөртүү киргизүү жакшы көрүнүш эмес. Бул жерде буудайды жана унду салыктан бошотуу кайсы бир тараптын пайдасын гана көздөп, андан казына жабыркап, башка өндүрүшчүлөргө карата тең эмес шартты түзүшү мүмкүн. Ошондуктан биз мындай салыктык жеңилдиктерден баш тартууну сунуштаган болчубуз.

Былтыр күчүнө кирген мыйзамга ылайык, сырттан ташылган эле буудай эмес, андан чыгарылган ундан да кошумча нарк салыгы 2018-жылга чейин бошотулган болчу. Муну менен өкмөт ундун наркын арзандатууга жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн казакстандык өндүрүшчүлөр менен атаандашуусуна шарт түзүүнү көздөгөн. Буга президент Атамбаев быйыл январь айында кол коюп, мыйзам күчүнө кирген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG