Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Курттаган ундун чатагы ырбады


Ун базар. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Ун базар. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кампадагы курттаган унду сатканы аныкталганын парламент депутаты билдирип чыкты.

Атайын жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялаган парламент депутаты Жыргалбек Турускулов өкмөттүн ал боюнча чара көрбөй жатканын сынга алды. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчиси Жоомартбек Жумабеков муну өзүнө каршы уюштурулган кутум катары кабыл алып, курттаган ундун сатылышы боюнча фактыны четке какты.

Депутат өкмөттү жоопкерчиликке чакырды

Депутат Жыргалбек Турускулов буга чейин бир нече жолу курттаган ундун сатылып жатканы боюнча парламенттен айткан билдирүүсүнө өкмөт көңүлкош мамиле жасаганын айтып өттү. Мына ошондон кийин депутат Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук кампасынан сатылып алынган ун боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзө баштаган. Парламент депутаты Жыргалбек Турускулов курттаган ун боюнча лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады:

- Курттаган ундун карылар, балдар үйүнө, мектептерге, бала бакчаларга, орто кесиптик окуу жайларга сатып жатканы маалым болгон. Бирок биз парламенттен бир нече курдай маселе көтөрүп, өкмөткө тапшырма бергенден эч кандай жыйынтык чыккан жок. Биз өз алдыбызча бул ишти иликтегенге аргасыз болдук. Биз мына ошол сатылган ун иштетилип жаткан жайга барып, материалдык резервдер фондунун белгиси коюлган каптардан унду алып чыгып текшерген учурубузда тирүү курттар чыкты. Жаңыдан алынып келген каптардагы унду элетип, текшергенибизде курттардын майда личинкалары табылды. Мына ошол унду, андан жасалган нанды Санитардык эпидемилогиялык көзөмөл кызматынын лабораториясына алып барып, экспертизага тапшырдык. Ал жактан бул ун колдонууга жараксыз деген корутунду алдык. Муну элдин саламаттыгы менен ойногон бул мекеме жетекчилигинин кыянатчылыгы катары карадык. Буга жоопкерчилик сөзсүз болушу керек.

Матрезервдики делген шектүү ундар.
Матрезервдики делген шектүү ундар.

Ошол эле кезде Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кампада сакталган унду химиялык изилдөөгө тапшырган. Анын берген анализинин жыйынтыгы боюнча ун таптаза болуп чыккан. Буга чейин мекемелер аралык комиссия да бул мамлекеттик ишкананы текшерип, мыйзам бузуулар табылган жок деген корутунду чыгарган. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Жоомартбек Жумабеков курттаган ундун сатылышы боюнча фактыны төмөндөгүчө четке какты:

- Биздин мекемеге доомат койгонго эч кандай негиз жок. Анткени буга чейин эле парламент депутаттарынын талабы менен текшерген тиешелүү кызматтардын биргелешкен комиссиясынын аныктамасы колдо турат. Биз негизи өзүбүздүн кампаларда турган материалдык баалуулуктардын тазалыгына жооп беребиз. Бирок бизден алып чыгып кеткенден кийин аны кандай шартта, кандай жерде жана канча мөөнөт сактаганы үчүн биз жооптуу эмеспиз. Мына ошол курт чыкты деген каптардагы ундун биздин ун экенине дагы далил жок. Биздин мекеменин белгилери коюлган каптар көптөн бери эле базарларда сатылып жүрөт.

Журналист “казып чыккан” окуянын башаты

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы да муну иликтөөгө алып, кампада сакталган курттаган унду элетип, тазалатып жаткан учурларды видео тасмага тартып чыккан. Бирок бул иш ордунан жылбай, оперативдүү кызматкер Жоомарт Артыков иликтөөдөн четтетилгени маалым болду. Каржы полициясы бул боюнча кылмыш ишин азырынча козгой элек.

Матрезервдики делген шектүү ундар.
Матрезервдики делген шектүү ундар.

Башында кампада курттаган ундун сатылышы боюнча бул окуяны журналист Айбек Шамшыкеев иликтеп, гезитине жарыялаган. Журналист Айбек Шамшыкеев өкмөт мекеме жетекчисин жоопко тартуунун ордуна сөгүш берүү менен чектелгенине таң калды:

- Менин маалыматым боюнча мурдагы жылы Казакстандан 400 тонна буудай келген. Буга кошумча элден 100 тонна буудай сатып алып, ошонун бардыгын Кара-Балтадагы тегирменден өткөрүп, ун кылышкан экен. Бирок башында буга ал жактагы адистер каршы болуп, ун көпкө сакталбайт деп, аны буудай түрүндө сактоону сунушташкан. Бирок жетекчилик аны четке кагып, тез арада пайда көрүүнү эңсеп, буудайды тарттырып, аны Бишкектеги кампага алып келип сактаган. Бирок андагы сактоо шарттары талаптагыдай болгон эмес. Ошондуктан ун курттап кеткен. Анан аны байкатпастан сата башташкан. Бирок муну жазып чыга баштаганда кампаларды тазалай башташкан. Бирок өкмөт муну билип туруп, мекеме жетекчилигине сөгүш берип гана койду.

Депутаттык иликтөөнүн жүрүшүндө кампада сакталган унду зыянкечтер аралап, унду курт басып кеткени атайын видео тасмага алынган. Анда Бишкектеги №5-кесиптик техникалык лицейдин ашканасында "Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан" деген жазуусу бар каптардагы унду элеп, текшерүү учурлары тартылган. Учурда бул ишти териштирүү боюнча өкмөттүн жумушчу тобу мамлекеттик Материалдык резервдер фондунун кампаларында текшерүү баштаганы маалым болду. ​

Матрезервдики делген шектүү ундар.
Матрезервдики делген шектүү ундар.

XS
SM
MD
LG