Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Кыргызстан-Татарстан: үйрөнө турганыбыз көп


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргыз-татар экономикалык форумунда. 3-март
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргыз-татар экономикалык форумунда. 3-март

3-мартта Бишкекте кыргыз-татар экономикалык кызматташуусу боюнча форум өттү. Ага Татарстандын президенти Рустам Минниханов жана кыргыз өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев катышты.

Татарстан Орусиянын эң динамикалуу өнүгүп келаткан региондорунун катарында турат. Кыргызстан менен Татарстандын кызматташуусун өнүктүрүү акыркы кезде көбүрөөк күн тартибине коюлуп, ага Кыргызстандын биринчи айымы, татар кызы Раиса Атамбаеванын да оң таасири тийип жатканы байкалат. Атамбаеванын буга чейин Казанга болгон сапарлары белгилүү.

Кыргызстанга жумуш сапар менен келген Татарстан президенти Рустам Минниханов 3-мартта өкмөт үйүндө премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланды. Андан кийин Минниханов жана Оторбаев кыргыз-татар ишкер форумуна катышы.

Кыргыз өкмөт башчысынын маалымат катчысы Чолпон Сулайманованын билдирүүсүнө караганда, форумда эки тарап өз мүмкүнчүлүктөрүн ортого салышты. Кыргыз тараптын сунуштары тууралуу Сулайманова буларды айтты:

- Өнөр жай, энергетика боюнча кызматташуу сунушталды. Туризм боюнча Татарстандын жетишкендиги боюнча маалымат берилди. Айыл чарбасы боюнча Кыргызстандын министринин орун басары маалымат берди.

Татарстан президенти Рустам Минниханов 3-мартта өкмөт үйүндө премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушту.
Татарстан президенти Рустам Минниханов 3-мартта өкмөт үйүндө премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушту.

Кыргызстандын айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев өлкөнүн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жагына инвестиция салууга үндөгөн. Бул үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп жатканын экономика министри Темир Сариев да кошумчалады.

Белгилүү болгондой учурда Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түптөлүп, андан айыл чарба чийки заттарын кайра иштетүүгө көбүрөөк каражат бөлүнөрү күтүлүүдө.

Кыргыз өкмөтү май айында Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болору менен Казакстан чек арасындагы чектөөлөр алынып, Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө экспортко жол ачыларын билдирген. Ошондуктан өндүрүш тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда салыктардын төмөндүгү, электр энергиясынын арзандыгы жана башка шарттар ыңгайлуу экени айтылды.

Татар тарап өз кезегинде Кыргызстандын тигүүчүлүк тармагынын өнүгүү тажрыйбасына кызыккан. Алар Кыргызстанда тигилген кийимдердин сапаты жогору болуп, жалпы эле Орусияга экспорттолуп жатканын белгилешкен.

Кыргыз-татар достук коомунун төрагасы Хабибула Газизовдун айтымында, эки тарап бардык тармактар боюнча кызматташса болот.

- Өнөр жайдан тартып, спортко чейин кызматташуу жалаң гана пайда алып келет. Аларда бардык тармак боюнча алдыга жылыш бар. Кыргызстанда да ал багыттарды көтөрүш керек.

Белгилеп кете турган нерсе, Бишкекте өткөн кыргыз-татар ишкер форумуна Татарстанда жайгашкан жүк ташуучу унаа чыгарган "Камаз", тик учактарды жасаган заводдордун өкүлдөрү да келген.

Татарстандын президенти Рустам Минниханов
Татарстандын президенти Рустам Минниханов

Кыргызстан менен Татарстан өз ара кызматташууну өнүктүрүү үчүн өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү чечишти.

Белгилүү болгондой учурда Кыргызстан менен Татарстандын соода-экономикалык кызматташуусу өтө өнүгүп кеткен деп айтуу кыйын. Эки ортодогу сооданын көлөмү 25 млн. доллардан ашуун сумманы түзөт.

Кыргызстанда татарлар СССРдин мезгилинде көбөйүп, алардын саны 50 миңден ашык болчу. Кыргыз-татар достук коомунун төрагасы Хабибула Газизовдун айтымында, акыркы мезгилде миграция агымы күчөп, Кыргызстанда 30 миңге жетпеген татар калган.

- Бул жердеги татарлар тилин сактап калууга муктаж. Бул үчүн татар тилин үйрөтүүчү класстардын ачылышы максатка ылайыктуу.

3-мартта Бишкекте татар диаспорасы менен жолугушууда президент Рустам Минниханов татар тилин жана маданиятын сактап калуу жана өнүктүрүү боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле жаштарды Татарстандын жогорку окуу жайларында билим алууга чакырды.

3-мартта кечке жуук татар президентин президент Алмазбек Атамбаев дагы кабыл алды. Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга ошондой эле Орусиянын федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов жана тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин да катышканы маалым болду.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG