Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Бийлик депутаттын "илинчегин" эстеди


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Бишкек шаардык прокуратурасы “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиевдин үлүшү бар “Эркин-Тоо” басмаканасына байланыштуу мурун токтотулган кылмыш ишин кайрадан иликтөөгө көрсөтмө берди.

Каныбек Иманалиев анда жашыра турган жагдай жоктугун айтып, азыркы иликтөө деле мындан он жыл мурункудай нукта башталганын баса белгиледи. “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Алмамбет Шыкмаматов бардык менчиктештирилген мүлктөрдү карап чыгууну сунуштап, жабылган иштин кайрадан козголгонун саясатчыга карата бийликтин басымы катары баалады.

Он жылдан кийин “ойгонгон” прокуратура

Бишкек шаардык прокуратурасы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына “Эркин-Тоо” басмаканасын менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугуна байланыштуу иштин жагдайларын иликтөө боюнча көрсөтмө берди.

Басма үйүнүн 40 пайыз үлүшүн 2001-жылы менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 2005-жылы кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу “Эркин-Тоо” жана “РИФ обозрение” гезиттеринин баш редакторлорунун орун басарлары Мырзакат Тыналиев менен Ильяс Исаковго 2007-жылы айып коюлуп, бирок алар соттон акталып чыккан эле. Жогорку Сот кийин ал өкүмдү күчүндө калтырган.

Ага чейин 2006-жылы 26-февралда “Учкундун” мурдагы жетекчиси Каныбек Иманалиевге, Маммүлк фондунун мурдагы башчысы Садриддин Жээнбековго, «ЭНиК» ишканасынын мурдагы директору Кубатбек Болоткан уулуна жана негиздөөчү Данияр Шабдановго байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп салынган.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

Бул иш эбак эле жабылган болчу деп эсептеген парламент депутаты Каныбек Иманалиев анын кайрадан козголушун он жыл мурунку саясий куугунтукка байланыштырууда:

- 2006-жылы биз “Реформа үчүн” оппозициялык кыймылын уюштуруп чыкканда Жаныш Бакиевдин буйругу менен мага каршы кылмыш ишин табабыз деген себеп менен ошол кылмыш ишин козгоп, бирок үч жыл бою иликтеп эч нерсе табышкан эмес. Анткени мен ал жакта сатуучу же сатып алуучу эмесмин. Биз анын 17 пайыздан ашык үлүшүн жеке колдон үчүнчү тараптан алганбыз. Эгерде чындап эле анын менчиктештирүү процессин түп орду менен текшергиси келсе, анда неге 1997-жылдагы анын кайсы бир үлүшү сатылган учурду текшербейт? 40 пайыз үлүштү менчиктөөнү текшерсин деген Жаныш Бакиев берген көрсөтмө азыр кайра кайталанып жатат. Эгерде мен аны мыйзамсыз алсам, башка бир фамилиясы бөлөк адамга жаздырып койсом болмок. Бирок мен анын мыйзамдуулугуна ынанган үчүн аны декларацияда көрсөтүп, салыгын төлөп, ал тууралуу ачык айтып келе жатам.

Башкы прокуратура: жагдайлар жаңыдан гана ачылды

2009-жылы бул иш боюнча кылмыш жообуна тарта турган тарап аныкталбаганына байланыштуу деген негизде кылмыш ишин иликтөө токтотулган.​

“Хаят” мейманканасынын текейден арзан кеткенин текшерели. Дагы толгон-токой мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүнүн жыйынтыгын карап чыгалы. Анткени мыйзам бардыгы үчүн бирдей болушу керек.
Алмамбет Шыкмаматов

Бирок депутат мурда да, азыр да иликтөө басма үйүн менчиктештирүүнүн үч этабы боюнча эмес, 2001-жылкы учуруна гана байланыштуу болгонун бир жактуулук катары кабыл алды. Анткени анын айтымында, басмакананы менчиктештирүү 1997-жылы эле башталган. Бирок парламент мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү программасын 2002-жылы гана бекиткен.

Башкы прокуратуранын өкүлү Алмамбет Абдраманов бул кылмыш ишинде толук иликтенбей калып кеткен жагдайлар бар экенин белгиледи:

- Ал жерде жаңы ачылган жагдайлар болуп жатпайбы. Туура, кылмыш иши козголуп, ал боюнча соттун чечими чыккан. Бирок мына ошол эле кылмыш ишинен иликтенбей калган башка бир өзүнчө бир материалдар башка бир ишке негиз катары чыгып жатпайбы. Мына ошол материалдарды кайрадан иликтеп чыгуу жана кылмыш ишин козгоо үчүн көрсөтмө берилди. Аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тергеп чыгып, анын жыйынтыгы боюнча кийин маалымат берет.

“Ормон опуза” оркоюп чыкканда

Ошол эле кезде мурдагы президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы, андан соң “Учкун” акционердик коомунун башкы директору жана учурда “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиевге байланыштуу бул иш бир канча жылдан бери дымып жатып, анан эмнеге эми гана кайрадан ушул кезде көтөрүлүп жатканы белгисиз. Белгилей кетүүчү жагдай, Каныбек Иманалиев Нарымбаевдин ишин бурмалоонун бетин ачкан депутаттык топту жетектеп, өчүрүлгөн тасма тууралуу айтып чыккан жайы бар. Андыктан “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов муну саясий куугунтук деп атап, бийлик ушундай жол менен саясатчынын оозун басууну көздөп жатканын белгиледи:

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

- Эгерде менчиктештириле турган имараттардын таржымалын кайра карай турган болсок, анда бардыгын карап, текшерип чыгалы. “Айчүрөк” ЦУМдун кимге кандай баага сатылып кеткенин иликтеп чыгалы, “Хаят” мейманканасынын текейден арзан кеткенин текшерели. Дагы толгон-токой мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүнүн жыйынтыгын карап чыгалы. Анткени мыйзам бардыгы үчүн бирдей болушу керек. Мыйзамды кайсы бирөөнө гана карата тандап колдонуу өтө коркунучтуу. Анан эле бийликке каяша айтып койгон адамды баса калуу туура эмес. Муну “Ормон опуза” деп коёт. “Мына ушундай жол менен коркутуп коюш керек, анан оозун басуу керек” деген саясий куугунтук экени оркоюп эле көрүнүп турбайбы. Ага саясий себеп дегенде эми ал Нарымбаевдин ишинен башка деле бир топ курч маселелерди көтөрө коюп жүрбөйбү. Мына ошондон улам болушу мүмкүн. Бирок азыр заман өзгөргөн. Эл өзгөрдү. Бирөөнү ушинтип сындырабыз, тилин кыскартабыз деген фокустар азыр өтпөйт.

“Эркин-Тоо” басмаканасын менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу боюнча маселе 2015-жылы 29-сентябрда өкмөттүн анын имаратын тарыхый эстеликтердин тизмесинен чыгаруу чечимине байланыштуу кайрадан калкып чыккан болчу. “Эркин-Тоо” басмаканасы учурда алты адамга караштуу. Алардын арасынан ал акционердик коомдун эң көп пайыздык үлүшү депутат Каныбек Иманалиев менен Кара-Балтанын мэри Данияр Шабдановдун жубайларына жазылган.

XS
SM
MD
LG