Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:16

Сот реформасы ишке ашпаганын Алмазбек Атамбаев 6-ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө белгиледи. Президент бул алтынчы чакырылыштагы депутаттардын негизги маселеси экенин эскертти.

Президент сот тармагын оңдоо боюнча кандайдыр бир иштер жүрүп жатканын, анын үстүнө бул тармактын бюджети акыркы жылдары кескин көтөрүлүп, 1,1 млрд. сомдон ашканын белгиледи. Буга карабастан, соттор эл ишенимине ээ боло электигине токтолду:

- Соттордун акыйкаттыгы менен тазалыгы мурдагыдай эле курч маселе бойдон калууда. Сотторду тандоо кеңеши аркылуу маселени чечүү ушу тапта өзүн толук актаган жок. Соттордун өзүнөн куралган Соттор кеңешинде да жетишерлик системалуу иш жүрбөй жатат. Сотту соттордун өзү жазага тарткан принцип абсурд сыяктанат. Сот системасы теңдештирилген эмес. Көпчүлүк соттор эркиндикти өз чечимдери үчүн жазасыз калуу, жоопкерчиликсиздик деп түшүнүп алышты.

Муну айткан президент өткөн чакырылыштын депутаттары биринчи окууда кабыл алган сот системасын жакшыртуу боюнча мыйзамдар топтому бул парламенттин жүгү экенин эскертти.

Президент Атамбаевдин 6-ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзү

Парламенттин өткөн жыйынында сот реформасы орто жолдо калганын спикер Асылбек Жээнбеков да моюнга алган эле:

- Болору болду, боёсу канды. Жакшы болсун дедик эле, азыр кандай болсо ошондой болуп калды. Ал реформаны Жогорку Кеңеш жүргүздү. Мыйзамдарды биз кабыл алганбыз. Жоопкерчиликтен качпайбыз. Жеке мен реформанын кээ бир негиздерине каршы болчумун. Менимче, Сотторду тандоо кеңешин тандоо негиздерин өзгөртүү керек. Жаңы чакырылыш бул маселени дагы карайбыз.

Сотторду тандоо кеңешинин курамынын негизги бөлүгү парламенттен көрсөтүлөт. Талдоочулар мындан улам алар парламентке көз каранды экенин белгилешүүдө. Ошол эле кезде Сотторду тандоо кеңеши президенттин, анын аппаратынын ыгы менен болот деген дооматтар да арбын.

Сот реформасын ишке ашырууга президенттик аппарат, анын мурдагы жетекчиси, коррупциялык иштер боюнча айыпталык соттолуп жаткан Данияр Нарымбаев да кол кабыш кылып, аны жүргүзүп келгени маалым.

Клара Сооронкулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы

Клара Сооронкулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова реформага бийлик кийлигишип, натыйжада алар каалаган, көз каранды соттор кайра эле кызматына келип калганына токтолуп, ушул байланышты үзүү керек деп эсептейт:

- Сотторду тандоо кеңешине партиялар каалаган киши эмес, абройлуу, коом ишене турган, жарандык коомдон, илимий чөйрөдөн келиши керек. Азыркысында жарымынан көбү юрист эмес. Өздөрү билбеген суроолорду берген киши кантип сотторду тандай алат? Бул - бир. Экинчиден, реформаны жүзөгө ашырыш үчүн бийликтин өзүнүн саясий эрки болушу керек. Бийлик сот системасына кийлигишкенин, өзүнө жакпаган адамдарды соттотуп ийгенди токтотушу кажет.

Сооронкулова маселени чечүүнүн бир жолу катары люстрация жолун сунуштайт. Андай болгондо соттордун мал-мүлкү текшерилип, эгер алар айлыкка шайкеш келбесе, же соттор байлыгынын кайдан келгенин түшүндүрүп бере албаса, бул тармактан кетирүү керек. Бирок, парламент мындай радикалдуу кадамга барары күмөн. Ымга көнбөгөн, бийликтен чочубаган сотторду гана тандоого бийликтин эрки жетиши да чоң маселе.

Канткен күндө да жаңы депутаттар реформаны жүзөгө ашыруучу системаны өзгөртүүгө туура келчүдөй. Андай болсо Конституцияга да өзгөртүүлөр киргизилиши керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG