Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Президенттин партиясы кадрдан аксайбы?


Президент Алмазбек Атамбаев жана КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков.
Президент Алмазбек Атамбаев жана КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы тарабынан дайындалган министрлерге коомчулукта көп сын-пикир айтылып келет.

Учурда аталган фракция өз энчисиндеги саламаттыкты сактоо министри кызматына талапкер тандай элек. Ошондой эле энергетика министринин милдетин аткаруучуну президенттин көрсөтмөсү менен премьер-министр дайындады. Мурдагы министр Осмонбек Артыкбаев болсо президенттин катуу сынынан кийин кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган.

Дегеле КСДП фракциясынан келген министрлер ишин жөндөй албайт, мындан улам алар жетектеген тармак кризиске батты деген сөздөр айтылууда.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн өкмөттөгү орундарды бөлүшүп алышы да коомчулукта бир топ сын-талкуу жаратып келет.

"КСДПнын кадрлары таза"

Саламаттыкты сактоо министрлигин дээрлик үч жылдай башкарган Динара Сагынбаева кызматынан 24-сентярбда өз эрки менен кеткен эле. Ага чейин анын дарегине бир топ доомат айтылып жаткан. Бул министрлик Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын энчисинде. Аталган фракциянын төрагасы Чыныбай Турсунбеков Сагынбаеванын ордуна жаңы министр өкмөт башчы менен кеңешип тандаларын маалымдады:

- Өкмөт башчы талапкерин сунуштаса биз макул болобуз, же болбосо жалпы талкуулап, бир талапкерге токтолуп, чечим кабыл алабыз. Азыр эми премьер-министр эки күнгө чет өлкөгө иш сапар менен кетти. Келсе талкуулап чечебиз.

КСДПга Саламаттыкты сактоо министрлигинен сырткары, Энергетика, Экономика, Билим берүү, ошондой эле Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги карайт. Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев ишин кескин сынга алгандан кийин энергетика министри Осмонбек Артыкбаев отставкага кетти. Бул өз кезегинде КСДП көрсөткөн кадрлар боюнча сынды күчөттү. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кызматтан кеткен министрлер ишин жөндөй алган жок деген дооматты негизсиз деп эсептейт. Анын пикиринче, коомчулук күткөн жыйынтыктын болбой калышынын бир катар объективдүү себептери бар:

- Мурун ар дайым жеп-ичмей, коррупция тууралуу сөз болуп келген. Артыкбаев да, Сагынбаева да жеп-ичип алды деген факт жок. Алар таза иштеп, өздөрү жетектеген тармакты жакшыртууга аракет кылган. Бирок тилекке каршы, бузулган системаны оңдой албай калды. Колдорунан келбей калды. Аппаратында ар кандай адамдар бар, илгертен түзүлүп калган схеманы жүргүзгөндөр отурат. Алар менен күрөшүү оңой эмес. Балким жалгыз болуп калышты, балким биз да жакшы жардам бере албай калдык. Биз кимдир бирөөнү мокочо кылып көрсөткөндү жакшы көрөбүз. Кимдин ким болгонун убакыт көрсөтөт.

Осмонбек Артыкбаевдин ордуна энергетика министринин милдетин аткаруучу кызматка Кубанычбек Турдубаевди президенттин көрсөтмөсү менен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев дайындады. Эми анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырышы керек. КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева бардык министрлерди өкмөт башчы өзү көрсөтүшү керек деген демилгени жактап жатат:

- Бул азыркы учурдун талабы болуп жатат. Көпчүлүк элдин да талабы ошол. 2011-жылы жаңы парламент шайланып, коалициялык көпчүлүктү түзгөн фракцияларга министрлик бөлүнгөндө бул элге да жаккан эмес. Өкмөттү “устукандап-жиликтеп алды” деген сөздөр чыккан. Бул туура эмес экенин турмуш көрсөтпөдүбү. Ушул тажрыйбаны эске алып туруп, министрликтердин баарын фракциялар эмес, премьер-министрдин тандаганы эле туура болот. Мүмкүнчүлүктөрдү дагы, жоопкерчиликти дагы өкмөт башчыга берсе жакшы болмок.

Президенттин партиясында жоопкерчилик чоң

Социал-демократтар фракциясы президент Алмазбек Атамбаевдин партиясы экени белгилүү. Ал 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо партияны баштап, кийин президент болуп шайланып кеткенден соң мыйзам талап кылган шартта анын мүчөлүгүнөн чыккан. Бирок азыр парламенттеги КСДПнын депутаттары фракцияга бөлүнгөн министрлик орундарга талапкерлерди өздөрү гана тандап же чечип койот деген да туура эмес. Талдоочулардын оюнча, бардык талапкерлер президенттин көрсөтмөсү менен болбосо да, макулдугу менен сунушталат. Андыктан КСДПга айтылган сындын үлүшү президентке да тиешелүү. Саясат таануучу Аалыбек Акуновдун баамында, өкмөттөгү орундарды бөлүштүрүү коалициялык көпчүлүктү түзгөн партиялардын кадыр-баркына көлөкө түшүрдү. Ал президенттин партиясынын жоопкерчилигине мындайча токтолду.

- Айрыкча коалициялык көпчүлүктү түзгөн беш партиянын кадыр-баркы абдан эле төмөндөп кетти. Анткени жоопкерчилик баарына эле тиешелүү. Анын ичинде гегемондуу абалды ээлеп келген КСДПнын жоопкерчилиги башка партияларга салыштырганда андан да көбүрөөк болуп жатат. Негизи ушул партиянын кадр жактан көйгөйү бар. Кадрлар резерви жок. Тандай келгенде эле жарамдуу кадрлары чыкпай калып жатат. Койгон адамдарына болсо эл нааразы. Мисалы Артыкбаев дайындалганда эле “баягы эле кайра келди”, дегендей нааразылыктар айтылган. Ал кеткенден кийин анын ордуна орун басарынын дайындалышы таптакыр эле түшүнүксүз. Министр ошол орун басарлары менен чогуу иштеп, ушул кризиске чогуу алып келди да.

Оштогу “Адам укуктары жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков министрлердин фракциялардан шайланышы өкмөттүн ишине кедергисин тийгизип жатат деп эсептейт:

- Фракцияларда, саясий партияларда кадрларды тандоонун критерийи жакшы жолго коюлган эмес. Кайсы бир белгилүү адамдардын таасири менен, же болбосо жогору жактан келген көрсөтмө менен кадрлар тандалып калып жатат. Премьер-министрди жөнөкөй министр укпаган учурлар болду. Мындай шартта экономикалык да, социалдык да өнүгүү болбойт. Ал министрлер деле иштей албайт, иштесе деле ийгилик жарата албайт.

Коалициялык көпчүлүктү түзгөн фракциялар губернаторлук кызматтарды да өз ара бөлүшүп алган. Алтургай мындай ыкма жергиликтүү деңгэлдеги дээрлик бардык жетекчилик кызматтарга чейин жеткен.

XS
SM
MD
LG