Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

Апта: Өкмөт жаңылоонун “өзгөчөлүгү”


Башкаруучу коалицияга кирген үч фракциянын башчылары: Кулов, Турсунбеков жана Текебаев жаңы коалициялык келишимге кол коюуда. 3-сентябрь, 2012.

Башкаруучу коалицияга кирген үч фракциянын башчылары: Кулов, Турсунбеков жана Текебаев жаңы коалициялык келишимге кол коюуда. 3-сентябрь, 2012.

“Ата Мекен” фракциясы башкаруучу коалициядан чыгуу менен өкмөттүн кызматтан кетишин шартташы аптанын башкы саясий окуясы болду.

Президент парламенттеги жаңы коалицияны куроо укугун КСДП фракциясына тапшырды. Муну оппозициячыл күчтөр бийликке карата коомдогу нааразылыкты басаңдатуу үчүн жасалган саясий жүрүш катары сыпатташууда. Ал арада оппозициялык “Ата-Журт” партиясы кыргыз бийлигине токтоосуз түрдө Орусиянын Крым боюнча саясатын колдоо талабын койгон саясий билдирүү менен чыкты. Ошол эле убакта тышкы иштер министрлиги Крымдын Украинадан ажыратылышын ачык колдобогону менен референдумдун жыйынтыгын андагы элдин эрки катары сыпаттаган билдирүү таратты. Муну талдоочулар оппозициялык партиянын мамлекеттин тышкы саясатын курал катары колдонгон саясий шантаж катары мүнөздөшүүдө.

Күтүлгөн күтүүсүздүк

“Ата Мекен” фракциясынын башкаруучу коалициядан чыгышы парламенттик көпчүлүктүн таркашына алып келди. Парламенттеги башка фракциялардын өкүлдөрү “Ата Мекендин” мындай чечимин күтүүсүз кадам катары кабыл алышты. Жогорку Кеңеште өкмөттү кызматтан кетирүү демилгеси буга чейин деле бир нече курдай көтөрүлүп келгени менен талдоочулардын баамында, өз ара соодалашунун жыйынтыгы менен бул маселе күн тартибинен улам кайра алынып турган.

Буга чейин парламент Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун караган. Анда мурда аталган дирекцияны жетектеген өкмөт башчысы Сатыбалдиевди тергөө иши бүткөнгө чейин кызматынан убактылуу кетирип туруу шарты да ишке ашпай калган болчу. Өкмөт башчысын кызматынан кетирүү боюнча 47 депутат кол топтоп, бирок бул демилге да суу кечкен эмес. Өкмөт башчы Сатыбалдиев аны кетирүүгө негиз жоктугун айтып, бул аракеттин бардыгын саясий оюн катары мүнөздөгөн болчу.

Көпчүлүк саясий күчтөр үчүн күтүлбөгөн бул окуядан - коалициянын кулашынан кийин президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Саясат талдоочулар “Ата Мекен” фракциясынын бул чечими президент менен макулдашылганбы же чын эле күтүүсүз кадам болдубу деген суроонун үстүнөн баш катырып бүтө элек. Эгерде бул чечим мамлекет башчысы менен макулдашылган болсо, анда ал кандай максатты көздөйт деген суроо ачык бойдон турат.

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери, депутат Равшан Жээнбеков муну коомчулуктагы бийликке карата нааразылыкты жайгарууга жасалган саясий жүрүш катары мүнөздөдү:

Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков

- Бул алдын-ала даярдалган "спектакль". Режиссеру Атамбаев менен Текебаев. Булар абалдын кыйын экенин көрүштү. Эгер өкмөттү кетирип, элдин бугун чыгарбай турган болсок, анда абал оорлойт да, Кыргызстанда дестабилдүүлүк болуп кетет деп алдын-ала өкмөттү гана кетирип атышат. Коалиция ошол бойдон эле калат. Мүмкүн бирөөнү кошуп алышат. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев болот. Бу кишинин “Ата Мекенден” деген эле аты бар, өзү Атамбаевдин кишиси.

Үңүлө берип үзүлгөн үмүт

Ошол эле кезде “Ата Мекен” фракциясы мындай доомат менен макул эмес. Аталган фракция өкүлдөрү коалицияны кулатуу жана өкмөттү кетирүү ишин парламентаризмдин табиятындагы ыңгайына ылайык, боло келчү кадимки көрүнүш катары баалашат. Мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов кызматтан кеткен соң, бул орунга Сатыбалдиевди кезинде “Ата Мекен” фракциясы жылдырганын фракция жетекчиси деле жашырбайт.

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев аталган чечимди Сатыбалдиев жетектеген өкмөткө карата ишеним ресурсунун түгөнгөнү менен байланыштырды:

- Бул өкмөт жаман эмес иштеди. Өткөн жылы ички дүң өнүм 11 пайызга чейин өскөнү белгилүү болду. Тилекке каршы, өкмөттүн терс иштери да белгилүү болуп калды. Бул Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекциянын ишин парламент иликтеген, талкуулаган учурда айгинеленди. 11 миллиард сомдун 6 миллиардынын дайыны жок. Өкмөт мокоп калды. Анткени бийлик бул мыйзамдуулук гана эмес, ишенимге байланышкан легитимдүүлүккө ээ болушу керек. Ошондуктан биз өкмөт өзүнүн моралдык-саясий ресурсун түгөттү, өзүнө жүктөлгөн маанилүү ишти аткара албайт деп чечип, коалициядан чыгуу жолу менен өкмөттү алмаштырууга бардык.

Бирок ошол эле кезде “Ата Мекен” фракциясы “Кумтөр” келишимин кайра түзүмдөштүрүү маселеси жана Батукаев чатагы боюнча буга чейин өкмөткө коюп келген кинелерин бул ирет көтөргөн жок. Мунун өзү “Ата Мекен” фракциясынын демилгеси “де-факто - бийлик туткасы” саналган өлкөнүн биринчи адамынын өзүнөн чыккан жокбу деген суроого жетелейт. Саясат талдоочулар президент коалицияны кайра түзүү аркылуу саясий позициясын бекемдөөнү көздөйт деп божомолдошот. Анткени саясий технология ыкмалары боюнча өкмөт кетип, коалицияны кайра түзүү иштери коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, оппозициянын чыңалуусун азайтат. Муну менен бийлик өкмөт башчы Сатыбалдиев боюнча жыйынтык чыгарганын коомчулукка далилдейт дешет саясий эксперттер.

Юстиция министринин милдетин аткаруучу Алманбет Шыкмаматов болсо өкмөттү кетирүүнүн себебин анын жалпы курамынын аракети менен байланыштырууга болбойт деп эсептейт:

Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов

- Учурдагы өкмөттүн мүчөсү катары өкмөттүн ишин канааттандыраарлык деп эсептейм. Анткени, фракция деле өкмөт жакшы иштеди деп баалады. Бирок фракциянын чечими премьер-министрдин айланасындагы иштерге байланыштуу кабыл алынды.

Мына ошондуктан жаңы коалиция куралса, азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү жаңы өкмөттүн курамына кайра кириши мүмкүн экени айтылууда.

“Ата-Журттун” геосаясий “шантажы”

Апта ичиндеги дагы бир маанилүү окуя - оппозициячыл “Ата-Журт” партиясы Крымдын Орусияга кошулушун колдоп чыгышы болду. Анда “Ата-Журт” партиясы Кыргызстандын бийлиги токтоосуз түрдө Орусиянын Крымдагы саясатын колдошу керек деп талап кылды.

​Буга удаа эле тышкы иштер министрлиги Крымдагы референдумдун жыйынтыгын таанууга боюнча билдирүүсүн жарыялады. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Турдакун Сыдыков анын мазмунун мындайча окуп берди:

-16-мартта өткөн Крымдагы референдумдун жыйынтыктары автономдуу республиканын калкынын басымдуу көпчүлүгүнүн эрки экендигин аныктады. Аталган референдумга кандай гана карама-каршы баа берилбесин, бул дагы объективдүү чындык экенин көрсөтүп турат. Кыргыз Республикасы мурдагыдай эле Украинанын мурунку бийлигинин ойлонулбаган иш-аракеттери жана коррупциялангандыгы бүгүнкү күндөгү кризиске жана ондогон күнөөсүз адамдардын өлүмүнө алып келди деген пикирде.

Кыргызстандын дипломаттары өз кезегинде Украина маселеси боюнча бейтарап маанайда болууну туура көрүшкөн. Ошондуктан тышкы иштер министрлиги Украинаны азыркы абалга кептеп, Орусияга качкан Януковичти айыптаган билдирүү менен чектелген. Бул эл аралык коомчулук Орусиянын Крымга жасаган аннексиясын айыптап жаткан шартта расмий Бишкектин көп векторду тышкы саясатты сактап калууга жасаган аракети болчу дешет талдоочулар.

Тышкы иштер министрлиги Крымды Орусия өзүнө каратып алганын түздөн-түз тааныбаган менен референдумдун жыйынтыгы андагы элдин көпчүлүгүнүн эркин аныктады деген билдирүү жасаганга аргасыз болду.

21-мартта чукул чакырылган маалымат жыйынында Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько айрым саясий партиялардын лидерлери менен жолугушканын айткан болчу:

- Өткөн ишембиде жана кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөр болду. Мындан сырткары өлкөдөгү бир катар партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдүм. Алар кайсы партиялар экени жашыруун калсын. Бирок жолугушууларда Украинадагы саясий кризисти талкууладык.

Таңуулана баштаган саясий эрк...

Орусиянын элчисинин тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуусу кандай маанайда өткөнү белгисиз. Бирок элчинин Крымдагы референдум боюнча улам-улам түшүндүрмөсүнө караганда расмий Бишкекти дипломатиялык тилде эскерткендей элес калтырат. Анткени тышкы иштер министрлигинин Януковичти айыптаган мурдагы билдирүүсүнөн кийин айрым маалыматтар боюнча, Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Георгий Карасин Кыргызстандын элчиси Болот Жунусовду чакырып, билдирүү боюнча нааразылыгын жолдогон.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов Москва расмий Бишкекти анын саясатын колдоого ачык эле мажбурлаганы байкалып калды деп эсептейт:

Өмүрбек Абдрахманов

Өмүрбек Абдрахманов

-Биздин Тышкы иштер министрлиги менен президентке Украина боюнча биринчи билдирүүдөн соң Орусия өз басымынын күчөттү окшойт. Ошондуктан экинчи билдирүүнү таратканга мажбур болду. Бул бизди тышкы саясатты жүргүзүүдөгү Орусияга көз каранды болгонубуздун белгиси болду.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Крым маселеси боюнча өз позициясын билдирген экинчи мамлекет болду. Буга чейин Казакстан Орусия тарабынан аннексияланган Крымдагы референдумдун жыйынтыгын тааный турганын билдирген. Буга Украинанын жаңы бийлиги нааразылыгын билдирген эле. Ошол эле кезде Өзбекстан Орусия каратып алган Крымдагы референдумдун жыйынтыгы боюнча өзүнүн пикирин билдире элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG