Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:52

Улуу курултай бийликти алгысы келет


Кыймылдын өкүлдөрү эгерде конституциялык реформа демилгесин парламент колдобосо, референдум жолун тандап алаарын айтышты.
Кыймылдын өкүлдөрү эгерде конституциялык реформа демилгесин парламент колдобосо, референдум жолун тандап алаарын айтышты.

Кыргызстанда Конституцияны реформалоо маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул ирет демилгени “Элдик курултай” кыймылы көтөрүп, долбоор жазды. Коомчулукта бул бийликтен четтеги саясий күчтөрдүн жаңы күрөш ыкмасы катары бааланууда.

Чыныгы элдик бийлик орнотобуз деген "Элдик курултай" кыймылы Конституциянын 40 беренеден турган жаңы долбоорун даярдап, “Учкун” гезитине жарыялады.

Анда мамлекеттик түзүлүш түп-тамырынан бери өзгөртүлүп, мамлекеттик саясий партиялар эмес, курултайлар институту башкарары белгиленген. Башкача айтканда президент баштаган бардык бийлик бутактарынын башчылары Улуу элдик курултайдын делегаттарынын ичинен шайланат жана калган мамлекеттик жетекчилердин бардыгы делегаттардын макулдугуна ылайык дайындалат.

Ушундай мазмундагы долбоорду 29-майда өткөн кыймылдын "Улуттук экинчи улуу курултай" жыйыны жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын лидери, долбоордун авторлорунун бири Кадыр Кошалиев билдирди. Анын айтымында эгер конституциялык реформа демилгесин парламент колдобосо, кыймыл референдум жолун тандап алат.

Долбоор референдумга коюлса, эл колдойт деген ишенимин курултай институтунун тарапкерлеринин бири, Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Курманбек Осмонов билдирди:

- Референдумга чыгарылса, жалпы эл колдоп кетет деген ойдомун. Референдумга алып чыгыш үчүн демилгелүү топ түзүп, Юстиция министрлигинен каттоодон өтүш керек. Андан кийин БШКдан кол топтоо баракчасын бекиттирип алып, кол топтой (300 миң кол - ред.) баштайт.

Топчубек Тургуналиев
Топчубек Тургуналиев
Элдик курултай кыймылынын бул аракеттери коомчулукта радикалдуу маанайга жетелеген кубулуш катары бааланып жатат. Коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиев - Курултайды коомдук институт катары тааныгандардын бири.

29-майдагы курултайга байкоочу катары катышкан саясатчы конституциялык реформа демилгесин аша чапкандык деп баалады. Ага бул курултай эгемен жылдардан бери бийликтен бийликке сүрүлүп жүргөн көптөгөн саясатчылар, саясий партиялар коомдук пикирди жеке кызыкчылыктарына пайдаланып жаткандай пикир калтырганын айтты:

- Булардын бири романтикалык түшүнүктө, башкасы чала түшүнүктө же дегеле түшүнбөгөн адамдар экен. Көзү ачыктар жүрүшөт. Тээ 15-20 жылдан бери кыйкырып жүргөндөрдүн далайын ошо жерден көрдүм. Айрымдары түздөн-түз бийликке умтулуп атышат. Бул жакшылыкка алып келбейт. Анда Кыргызстандын шорун биротоло шорподой кайнатып салабыз.

Мындай көз карашта жүйө бар деп эсептеген аналитиктердин бири - Марс Сариев. Анткени саясий элитанын бийликтен сыртта калган бөлүгү азыр элдин сезимине курултай, түпкү каада-салт сыяктуу ураандар көбүрөөк таасир этерин жакшы түшүнүп турат деп эсептейт:

- Азыркы абалда элитанын жарымы ушул күчтөрдү пайдаланып бийликке келели деп атат. Себеби “түштүк-түндүк” долбоору иштебей калды. Эми башка технология аркылуу бийликти сүрүп чыгуу аракети башталды. Ал кандай? Азыр Европанын жолоюндагы бийлик да, Конституция да иштебейт, кыргызчылык, каада-салт керек деген пикирлер элге жагат. Ошону пайдаланган саясий оюн башталды. Бул атайын долбоор деп ойлоп атам.

Чынында саясий күрөшкө аттангандардын артында геосаясий кызыкчылыктары бар тышкы күчтөр турушу мүмкүн деген жоромолдор да коомдук-саясий чөйрөдө талкууланып жатат. Марс Сариев муну да төгүндөгөн жок:

- Кытай, АКШ же Орусия да болушу мүмкүн. Бирок ким экенин айта албайбыз. Анткени кызыкчылык баарында бар.

Кооптондурган кесепеттер

Курултайчылар болсо кандайдыр бир жашыруун тышкы-ички саясий күчтөр жөнүндөгү жоромолдорду караманча төгүндөп, нукура улуттун нарк-салттарынан келип чыккан элдик бийликти орнотуу үчүн күрөшкө чыгышканын айтып жатышат. Кадыр Кошалиев:

- Мыйзамдуу иштеп атабыз деп ойлойбуз. Элдик бийликти орнотуу үчүн баратабыз. Кыймылдын башындагы беш-алты кишинин бийлигин орнотолу деп бараткан жокпуз.

Кыймылдын башындабыз дегендердин арасынан эгемендик алгандан бери саясий күрөштөргө күжүрмөн катышып, таанылган саясатчылар да, саясий күчтөр да байкалбайт. Бирок Кошалиевдин билдиргенине караганда курултайчылардын аракеттерин коомдук уюмдардан тышкары “Ата Журт” партиясынын, анын парламенттеги фракциясынын бир топ өкүлдөрү, “Асаба” улуттук партиясы колдоп жатат.

Саясат таануучу Сариев бийлик элге жакындабаса, социалдык талаптар, саясатка айланып, анын кесепети оор болуп калышы мүмкүн деп эскертет:

- Айылда эмне болуп атат, жашоо кантип атат, баалар кантип өсүп атат билесиңер. Мындайда элдин ар кандай кыймылдарга кошулуп кетүү коркунучу чоң. Ошон үчүн эл бийликке жакын болуш керек. Антпесе азыркылар пайдаланып кетишет, кыргызчылык десе эл кошулуп кетет, араң эле турат.
Домино принциби аркылуу мунун артынан радикал исламчылар да экинчи долбоор катары чыгышы мүмкүн. Аравиядан бүтүп келген жаштар кыймылдары күчөп баратат, алардын пайдубалы уруучулуктан да күчтүү. Алар буларды сүрүп кетет, анан арты эмне менен бүтөрү белгилүү.


“Элдик курултайлар” кыймылы 29-майдагы курултайында бийликке бир нече талаптарды, анын ичинде Конституциялык реформа жүргүзүү талабын койду. Кыймылдын лидери Кадыр Кошалиевдин айтымында, эгер талаптар аткарылбаса, курултайчылар 10-июндан баштап бийликке ишенбөө акциясын башташат. Бул жүрүшкө расмий жооп боло элек. Экинчи улуу курултай деп аталган жыйындын алдында алардын жоон топ талапкерлери Биринчи улуу курултай талаптарын аткарбай жатасыңар деп, парламентке барышкан.

Жогорку Кеңештин кароосунда учурда “Курултайлар жөнүндө” мыйзам долбоору турат. Долбоордун авторлорунун бири Дастан Бекешовдун билдиргенине караганда, курултайлардын макамына байланыштуу пикир келишпестиктер бар. Депутаттардын бир бөлүгү курултайлар институту коомдук уюм катары иш алып барышы керек дешсе, курултайчылар жана аларды колдогон депутаттар болсо бул институт бардык бийлик бутактарын көзөмөлдөшү жана бюджеттен каржыланышы керек деп талашып жатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG