Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:54

Музейдеги кыңыр иштер


Тарых музейинин ичиндеги мамылар.
Тарых музейинин ичиндеги мамылар.

Алдын ала маалымат боюнча Мамлекеттик тарых музейин оңдоого кеткен чыгымдарды иликтөөдө казынага 118 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталды.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында бул көрсөткүч аудиттин алдын ала жыйынтыгы экенин белгиледи. Толук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бул сан мындан дагы жогорулашы мүмкүн экенин айтты.

Териштирүүдө буга чейин Германиядан алынып келинип, тарых музейге коюлган жыгач аттын ар биринин баасы 14 миң евро эмес, 22 миң еврого ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталган. Фракциянын депутаттары жыйында кылмыш иши козголуп, зыян аныкталганы менен үч айдан бери кылмышка шектүүлөргө айыбы угузулбай келе жатканын сынга алышты.

Кылмыш иши бар, кылмышкерлер аныктала элек

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 14-сентябрдагы жыйынында Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинин курулушундагы коррупциялык иштер тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын укту.

Анда музейдин сыртынан сыйрылган гранит жана мрамор таштардын кайда жоголгону, музейге сатылып алынган курулуш материалдарынын, эмеректердин жана экспонаттардын баасы ашыкча көрсөтүлгөн фактылар аныкталганы белгилүү болду.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев бул боюнча кылмыш иши козголуп, аны тергөө иши УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилгенин айтты. Фракция жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов иш козголгонуна эки ай болсо да негизги күнөөлүүлөр аныкталбай жатканын сынга алды:

- Кылмыш иши качан козголду эле? Факты боюнча эле кылмыш ишин козгоп, ушул күнгө чейин бул иштин фигуранттары аныктала элек. Кылмыш ишин үч ай мурда козгоп, бирок конкреттүү иш-аракеттер жүрбөй, коомчулуктун көзүнө эле "чаң" чачып жибергендей болуп жатат. Кимдер акчаны жеген, кимдер аны бөлүшкөн, кимдер жанагы имараттан сыйрылган таш плиталарды ташып кеткенин таппай жатасыңарбы? Гранит жана мрамор таштарды СМУ-3 деген компанияга эмнеге жооптуу сактоого койдуңар? Андан башка бул ишти ишке ашыра турган компания жок беле? Анткени атмайданын курган дагы мына ушул компания, УКМК сыяктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн көп кабат үйлөрдү курган дагы мына ушул компания. Бул курулуш компаниясы жалаң гана шектүү делген мамлекеттик ири долбоорлорду алыптыр. Аны дагы текшерүү керек. Жоголду деген таш плиталар анын кампасында эмес. Алар башка жактан чыгат.

Музейдин каражаты туура эмес жумшалган
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын директорунун орун басары Талант Кожонов кылмыш иши факты боюнча козголгонун айтып, жалпысынан музейден 14 027 чарчы метр гранит жана 4 миң чарчы метр мрамор сыйрылганы аныкталганын билдирди. Учурда бул таш плиталардын каякка жумшалганы териштирилип жатканы айтылды. Буга чейин музейди жаңылоодо анын жасалгалары ашкере кымбат баада көрсөтүлгөнү боюнча маалыматтар "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйынында каралган.

22 миң евролук жыгач ат

Көчмө жыйында ачыкка чыккан фактыларды тергөө органдары текшерген учурда музейге сатылып алынган материалдык баалуулуктардын баасы бир топ жогору көрсөтүлгөнү аныкталган. Азырынча келтирилген зыяндын өлчөмү 118 миллион сомдон ашуун. Бирок УКМКнын тергөө башкармалыгы бул көрсөткүч аудитордук текшерүүлөрдүн толук жыйынтыгы менен дагы өсүшү мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

Тарых музейи.
Тарых музейи.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын директорунун орун басары Талант Кожонов тарых музейи үчүн сатылып алынган буюмдардын баалары ашкере көрсөтүлгөн мисалдарды келтирди:

- Музейдин концепциясына туура келбеген жалпы баасы 3 миллион 503 миң 449 сом турган эки жасалма жыгач атты сатып алып келишкен. Мына ошол ар бир жыгач аттын баасын эсептеп, бөлгөндө 1 миллион 751 миң сом же болбосо 22 миң евро турганы аныкталды. Ошондой эле 6 миллион 603 миң 793 сомго стул, 147 миң 413 сомго бир даана кофе кайнатуучу жабдуу сатылып алынган. 97 миң 812 сомго муз даярдоочу аппарат алынып келинген. Инсталляция катары музейге коюу үчүн алынган дарак-бутагынын ар биринин баасы 148 миң турган.

"Ата Мекен" фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов атайын жасалга үчүн сатылып алынган жыгач аттын баасы чет өлкөлөрдө канча турганы боюнча суроо-талап жиберип, териштирүү учурунда белгилүү болгонун айтып берди. Анын айтымында, эксперттер анын наркын териштире келгенде музейге алынган жыгач аттын наркынан бир нече эсе төмөн баада экени көрсөтүлгөн:

- Биздин эксперттер Украина менен байланышканда, алардагы музейге инсталляция үчүн коюла турган мына ошондой эле жасалма жыгач аттардын баасы 2 миң евро экени аныкталган. Бул жерде болсо биз башында алардын баасынын 14 миң евро турганы тууралуу маалымат алдык эле. Көрсө тергөө органдары териштире келгенде анын баасы 22 миң евродон ашып кеткени аныкталып отурат. Ортодогу айырмачылыкты салыштырып көрүңүздөр.

Коомчулуктун талабы эмнеде?

Тарых музейин оңдоп-түздөөгө мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 400 миллион сомдон ашуун каражат чыгымдалганы териштирүү учурунда белгиленген. Мындан сырткары Түркиянын ТИКА уюму тарабынан музейдин сыртын оңдоого 4,5 миллион доллар бөлүнүп, өздөштүрүлгөн. Буга чейин бюджеттик каражатты туура эмес пайдаланууга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштеринин долбоордук сүрөтү.
Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштеринин долбоордук сүрөтү.

Бирок анын жыйынтыгы боюнча мына ушул күнгө чейин тиешелүү кызмат адамдарынын арасынан кимдер жоопко тартылып жатканы жарыялана элек. Парламенттин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов тергөө органдары бул ишке тез арада чекит коюшу керектигин айтты:

- Азыр коомчулук кулагын түрүп, бул ишке байкоо салып турат. Буга байланыштуу эл ичинде өтө чоң кыжырдануу бар. Азыр эми бир эле салыштырмалуу анча чоң эмес имартты оңдоого кеткен каражаттан 100 миллион сомдон ашык акча уурдалып жатса, башкасы эмне болот? Эгерде биз Казакстанга окшоп Астана сыяктуу шаар сала турган болсок, анда коррупциянын масштабы кандай болорун элестетип көрө бериңиздер. Мына ошондуктан укук коргоо органдары бул ишти кылдат иликтеп, жооптуу адамдардын айыбын угузуп, аларга чара көрүп, ишти аягына чыгаруу маселеси - бул сиздердин абийириңиздердеги иш. Ошондуктан бул ишти тездетип, ага катышы бар кызмат адамдарынын айыбын аныктап, ишти сотко өткөрүп беришиңиздер зарыл.

Бул маселе боюнча "Ата Мекен" фракциясы тиешелүү укук коргоо органдарына батыл чара көрүп, козголгон кылмыш ишин аягына чыгаруу боюнча көрсөтмө берди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG