Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Тарых музейиндеги “таңданткан” жаңылануу


Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы "Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоодо бюджеттен бөлүнгөн каражат ыксыз пайдаланылган" деп жарыялады. Бул маселе фракциянын музейдеги көчмө жыйынында талкууланды.

Оппозициячыл депутаттар "музейди оңдоо өтө кымбат бааланып, аны жүргүзгөн компаниялар мыйзамсыз тандалган" деп билдирип жатышат. Мамлекеттик органдар музейди оңдоо эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлгөнүн, искусствону каражат менен баалоо туура болбой тургандыгын жүйө келтирүүдө.

Жаңыдан оңдолуп бүтүп, музей сүйүүчүлөргө эшигин ача элек Бишкектеги Улуттук тарых музейи журналисттер менен коомчулуктун назарында болду. Оппозициядагы "Ата Мекен" фракциясы бул музейде көчмө жыйын өткөрүп, аны оңдоодо мыйзамсыз иштер болгонун билдирип чыкты.

"Атамекенчилердин" жүйөсүндө, музейди оңдоодо өлкө бюджетинен бөлүнгөн 1 миллиард 559 миллион сом "сарамжалсыз жумшалып", ага эмерек менен экспонаттар абдан кымбат баада алынган.

Фракциянын мүчөсү Каныбек Иманалиев буга жаңыланган музейдин кире беришиндеги "Барсбек" аттуу инсталляциянын баасын мисал келтирди. Анын айтымында, ак түстөгү 58 мамычанын ар биринин баасы 600 долларга бааланган:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Кадимки эле отургучтун ар бири 100 миң сомдон алынган экен. Музейдеги кароолчудан баштап келген кишиге чейин отура турган отургуч. Кыргызстандын бардык базарларын кыдырсаңыз, 15 миңден кымбат отургучту сатып алуу кыйын. Алар анын онун эмес, жүзүн эмес, миңдегенин алып жатышпайбы. Өтө кымбат сатып алынган витринаны көрүп жатасыздар. Кире бериштеги "инсталляцияга" деп коюлган жыгачтарды көрүп жатасыздар. Жөнөкөй эле жыгач. Айылда аны менен "уй, кой кирбесин" деп короо курчайт. "Ар бири 600 доллар" деп, бир жылкынын баасын көрсөтүптүр. Бул бюджеттен, сиздин, биздин чөнтөгүбүздөн коротулган каражат.

Иманалиев ушул сыяктуу өтө кымбат алынган эмерек абдан көп экенин белгилеп жатат. Маселен, ал курулуш иштерин көзөмөлдөгөн Курулуш жана архитектура боюнча агенттик берген документтерге таянып, музейди оңдоодо консультативдик-дизайнерлик кызмат көрсөтүүгө 394 миң евро төлөнгөнүн билдирди.

Мындан тышкары, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөлөрү музей ичиндеги кафе үчүн алынган эмерек Германиядан 224 миң еврого же жыгачтан жасалган аттын калыбы 14 миң еврого алынганын айтып чыгышты.

Музейдин директору Кеңешбек Алмакүчүков "Барсбек" инсталляциясын интеллектуалдык эмгек катары сыпаттап, ал конкурстук негизинде тандалып алынганын билдирди:

Кеңешбек Алмакүчүков.
Кеңешбек Алмакүчүков.

- Мунун өзгөчөлүгү - павильонго атайын экран керек болчу. Ал эми коюлган тал-теректер концепция боюнча мултимедиалык материалдарды көрүш үчүн колдонулат. Башкача айтканда, өзгөчө экрандын ордуна коюлат. Анын канча акчага сатып алынганына, баасына музей кызматкерлеринин тиешеси жок. Бирок бул интеллектуалдык эмгек экенин да белгилеп коюш керек.

Негизи Улуттук тарых музейин оңдоо эки жыл мурда башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону мойнуна алган.

Бирок музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик алгач 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Тарых музейине алынган орундуктар
Тарых музейине алынган орундуктар

"Ата Мекен" фракциясы "өкмөт Түркиянын бекер акчасын чанып, бюджеттен Кыргызстан үчүн оңбогондой каражатты жумшаган" деген маселе коюуда.

Экинчиден, өкмөткө караштуу Курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматы боюнча, тарых музейи бюджеттин каражатына оңдоло баштаганда аны аткарыш үчүн квалификациялык конкурс өткөн.

Анын жыйынтыгында музейдеги курулуш иштерин жүргүзүүгө СМУ-3 деп аталган жергиликтүү ишкана, ал эми экспонаттар менен толтуруп, мазмундук иштерди аткарууга германиялык REIER аттуу компания тандалган. Кымбат баадагы инсталляцияларды дал ушул компания сатып алган.

Оппозициячыл депутаттар өкмөт музейди оңдош үчүн каражатты бөлүүдөн мурда анын долбоору иштелип чыкпаганын жана мыйзамга ылайык тендер өткөрүлбөгөнүн билдиришти.

Бахадыр Сулайманов.
Бахадыр Сулайманов.

- Тендери жок, долбоорлоо-сметалык документациясы жок туруп музейди кантип реконструкциялоого болсун? Муну Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы дароо текшериши керек. Экинчиден, "эмеректин 95 пайызы алынып келип, коюлган" деп маалымат берилди. Бирок бул жакта анчалык эмеректи көргөн жокпуз. Буга кошумча консультативдик-дизайнерлик кызмат көрсөтүүгө 394 миң евро төлөнгөнү көрсөтүлүптүр. Мынчалык көп акчага эмне жасалды?, - деп собол таштады "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов.

Ошол эле депутаттар "бул ишти баштан-аяк көзөмөлдөгөн" деп мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сындашууда. Исаков мындай сын пикирлерге комментарий бере элек.

Тарых музейиндеги жыгач аттар
Тарых музейиндеги жыгач аттар

​Музейдеги курулуш иштерин жүргүзүүгө жоопкер Курулуш жана архитектура агенттигинин төрагасынын орун басары Урмат Кокочаровдун айтымында, бардык иштер өкмөттүн токтомунун негизинде аткарылган. Кокочаров музейди оңдолуп бүтө электигин, анын жыйынтыгы текшерилерин кошумчалады:

- Бул иштерди аткарыш үчүн өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анда "мекеме аралык комиссия түзүлсүн жана конкурстук негизде аныкталсын" деп жазылган. Анын негизинде конкурс өтүп, беш компаниянын ичинен курулуш иштерин жүргүзүүгө СМУ-3 деген ишкана тандалган. Экспонаттарды кандай сатып алганы боюнча жооп бере албайбыз. Анткени биз өткөрүп ала элекпиз. Азырынча бажыдагы көрсөтүлгөн инвойс боюнча маалыматтарды каалагандарга берип жатабыз.

"Ата Мекен" фракциясы Улуттук тарых музейин оңдоодогу жагдайды иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды. Ал эми башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев фракция жыйынында айтылган бардык маалымат текшерилерине убада берди.

Бишкектеги Улуттук тарых музейи 1984-жылы курулган. Музейде жалпысынан 135 миңден ашык экспонаттар сакталат. Бирок акыркы учурда андан 500дөн ашуун тарыхый экспонат уурдалганы кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG