Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 04:31

Тарых музейин оңдоодо консультативдик-дизайнерлик кызматка 394 миң евро сарпталган


"Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйыны. (Солдон оңго) финансы министринин орун басары Улугбек Карымшаков, Улуттук тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүков, Мамлекеттик курулуш агенттигинин төрагасынын орун басары Урмат Бокочоров.

Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулайманов фракциянын көчмө жыйынында билдирди. Анын айтымында, тарых музейин оңдоп-түзөөгө конкурс жарыяланган учурда эч кандай долбоордук-сметалык документация болгон эмес. Ал эми консультативдик-дизайнердик кызмат көрсөтүүгө эле 394 миң евро сарпталган.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин төрагасынын орун басары Урмат Бокочоров депутат Каныбек Иманалиевдин суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айтты:

- Конкурска беш жергиликтүү фирма катышкан. Алар сунуш кылган суммасына эмес, иштөө тажрыйбасына, техникалык базасына карап тандалган. Тендердик комиссиянын төрагасы Жайчиев Кушбак Жайчиевич болчу. Аны Мамлекеттик курулуш агенттиги өкмөттүн токтомуна ылайык көрсөткөн. Конкурс жарыяланган учурда реконструкцияга сарптала турган сумма белгисиз болгон.​

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев сумма белгисиз болгонуна карабастан, тендер жарыялабастан сынак жарыяланганына укук коргоо органдары көңүл буруш керек экенин айтып, бул одоно мыйзам бузуу деп билдирди. (KR)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG