Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Оңдолуп жатып өрт чалган тарых музейи


Учурда оңдолуп жаткан Тарых музейинин эскизи. Музей оңдоп-түзөө үчүн 25-мартта жабылган. Ремонт 31-августта бүтүшү керек.

Учурда оңдолуп жаткан Тарых музейинин эскизи. Музей оңдоп-түзөө үчүн 25-мартта жабылган. Ремонт 31-августта бүтүшү керек.

Бишкектеги Тарых музейиндеги өрттүн себебин жана зыянын иликтөө үчүн өкмөт мекемелер аралык комиссия түздү.

Өрткө каршы күрөш агенттиги экспертизанын жыйынтыгын азырынча жарыялай элек.

22-июлда кечинде тутанып, дээрлик 7-8 саттан кийин гана өчүрүлгөн өрттүн зыяны тууралуу эки ача пикир айтылган эле. Мындан улам уурдалып-тонолуп кеткен айрым бир баалуу тарыхый табылгалардын изин жазгыруу үчүн кимдир бирөөлөр атайын өрттөшү ыктымал деген да жоромол чыккан.

Адистер музейдеги коопсуздукка жакшы көңүл бурулбай келгенин белгилешет. Тарых музейи оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу ушул жылдын март айынан бери жабык турат.

Тарых музейинде өрт 22-июлда кечки саат ондордо тутанган жана таңкы саат алтыларда гана өчүрүлгөн. Азыр бул факт боюнча материалдарды шаардык милиция чогултуп, иликтеп жатат. Өрткө каршы күрөш агенттигинин жетекчиси Нуржан Осмоналиев экспертизанын жыйынтыгы бериле электигин “Азаттыкка” маалымдады:

- Бир ай мөөнөтү бар. Биз негизи экспертизанын алдын ала жыйынтыгын чыгарганбыз. Азыр болсо мамлекеттик-соттук экспертизада каралып жатат. Бул боюнча кылмыш иш козголгон да.

Чукул кырдаалдар министрлиги музейдин 300 чарчы метри күйдү, өчүрүүгө жалпысынан 150дөй адам катышты деп кабарлаган. Өрт өчүрүүчүлөр музейдин ичинде баш аламан, аркы-терки коюлган буюм-тайымдар тоскоол болгонун айтып беришкен. Алдын ала маалымат боюнча өрт музейдин кино залындагы зымдардан улам тутанган.

Бирок андан көп өтпөй өкмөттүн маалымат кызматы кырсык болгондон кийин имараттын аз эле жерин өрт чалды, убагында өчүрүлдү, экспонаттар зыянга учурган жок деп билдирген. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекмабетовдун бышыкташынча, өрт чыккан бөлмөдө кийиз, чүпүрөк буюмдар турган:

- Башкы деректирдин айтканы боюнча баалуу буюмдардын баарын башка жакка ташышкан экен. Боз үй өңдүү эски буюмдар турган жай жабыркады деп айтып жатат. Боз үй, дагы башка майда-чүйдө буюмдар өрттөнүп кетти деп айтып жатат.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердива 6-августта Тарых музейинин абалынан кабар алды. Анда өрттүн себеп-кесепетин иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлөрүн билдирди. Кудайбердиева “Азаттыкка” комиссия тууралуу буларды айтып берди:

- Комиссия иштеп чыккандан кийин маалымат берет. Андан башка дагы бир-эки маселе бар. Тергөө да корутунду чыгарышы керек. Мекемелер аралык комиссиянын курамына өкмөттүн аппаратынын, Маданият министрлигинин өкүлдөрү жана бир-эки музейдин жетекчилиги кирет.

Тарых музейинде 20 жылга жакын убактан бери этнограф болуп иштеген Назира Момунбаева өрттө бир канча жылдан бери көздүн карегиндей сакталып келген баалуу тарыхый буюмдар күйүп кеткенин кейип, айтып берген эле. Коопсуздук жагына көңүл бурулбай калганын билдирген.

- Мен атайын өзүм барып көрдүм. Аябай эле жаман болуптур. Кинозалга экспонаттар жайгаштырылган да. Эски боз үй, чий, ала кийиз өңдүү буюм-тайымдарыбыз баалуу да. Бир канча сааттан кийин гана өчкөн өрт оңой эмес да. Экспонаттарды туура сакташ керек эле. Өрт, суу өңдүү нерселерден сактоо чаралары болушу керек эле. Бир боз үй эле күйүп кетти деген эми болбогон сөз. Министрлик бир имарат таап берип, күзөт коюп койсо болмок да. Мен билгенден ошол жерде ширетүү иштери жасалып жаткан. Ошондон зымдарга күч келип, катуу кулпуланган ал жер каралбай, көңүл бурулбай турса керек. Эч ким кирген эмес, эч ким караган эмес. Балким эртерээк карап турса жытынан деле билип алдын алса болмок. Ал жерге музейдеги башкы сактоочу гана кире алат, ачкыч ошонун гана колунда. Ал ачкычты күзөтчүлөргө деле таштабаптыр. Анан өрт чыкканда ал чакырышса Бишкекте эмес экен, кеч келген экен. Анан эшиктерди талкалап киргиче баары өрттөнүп кетиптир.

Азыр оңдолуп жаткан Тарых музейинин эскизи

Азыр оңдолуп жаткан Тарых музейинин эскизи

Тарых музейи Советтер союзунун тушунда азыркы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жайгашкан жерде болчу. Ленин музейине 1991-жылы көчүрүлгөн. Ошол учурда музейде иштеген этнограф, доцент Сынару Алымкулова Ленин музейин тарых музейине айлантууга кызматкерлер, илимпоздор тарыхый буюм-тайымдарды сактап, кармап турууга мүмкүн эместигин айтып каршы болушканын, андан кийин деле көңүл бурулбаганын “Азаттыкка” кеп салды:

- Ленин музейинин имараты тарых музейине ылайыктуу эмес, анын талабына туура келбеген музей эле. Себеби ал жакта жалаң көчүрмөлөр, документтер болгон, гипстен жасалган эстеликтер турган. Ал эми тарыхый, баалуу буюмдар, мисалы ошол эле мумияны алалы, алар атайын температураны, атайын нымдуулукту талап кылат, ошондой шартта сакталышы керек. Биз ушундай болушу керек дегенибизде “силерге ушундай чоң имаратты берип жатсак, эмнеге нааразы болосуңар, жарабайт дейсиңер”, деп коюшкан. Ошол жердеги сакталып жаткан буюмдун баалуулугун, анын экинчи кайталанбасын айтканыбызга көп көңүл бурушкан эмес. Ошол эле мумияны сактоо тууралуу нечен жолу айтылган. Ал эми алтын фондду сакташ үчүн грант жазып атып, чет өлкөдөн акча алып сигнализация койгонбуз. Антпесе ага чейин алтынды эч кимге көрсөтпөй, жер төлөдө аябай бекем сактап, катып отурчу элек. Сигнализация койгондон кийин кээде кирип карап чыкса болот.

- Мен атайын өзүм барып көрдүм. Аябай эле жаман болуптур. Кинозалга экспонаттар жайгаштырылган да. Эски боз үй, чий, ала кийиз өңдүү буюм-тайымдарыбыз баалуу да. Бир канча сааттан кийин гана өчкөн өрт оңой эмес да.

Сынару Алымкулова музейдин кызматкерлеринин абалы, аларга жасалган мамиле тууралуу да учкай айтып өттү,

- Фонддо иштеп жаткан эжекелер буюмдарды алып чыгып күүп, чаңын аарчып, күбө жеп кетпесин деп сактап, кайра ташып кечке эле кылган жумуштары ошол болчу. Илимий жагынан иликтегенге кол деле жетчү эмес. Мен мисалы кандидаттык ишимди жазып жатканда окумуштуу Антипинанын алып келген буюмдарына эч кимдин колу тийбей, ошону карап-сактап жүрүп жазгам. Ошондой буюмдарды караганга негизи жакшы айлык төлөнгөн, керектүү илим-билими бар адамдар керек болчу. Андай деңгээлде өкмөт камкордукту камсыз кыла алган жок.

Чатырынан суу аккан, шарты жок Тарых музейин оңдоп-түзөө тууралуу батыл иш-аракеттер 2013-жылы башталган. Ошол учурдагы маданият министри болуп турган, азыр Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын жетекчиси Султан Раевдин айтымында, жумушчу топ түзүлүп, концепция жазылган. Музейдин жаңыртуу боюнча макет даярдалган.

2014-жылы президент Алмазбек Атамбаев тарыхчылардын демилгесин колдогон жана Түркияга барганда акча таап келген. Натыйжада Түркия өкмөтүнүн Кызматташтык жана координация агенттиги, башкача айтканда ТИКА уюму каражаттан каралашары маалым болгон жана жалпысынан музейди оңдоп-түзөөгө 250 миллион сом жумшалат деп айтылган. Султан Раев Тарых музейи жаңылангандан кийин Борбор Азиядагы көрүнүктүү улут казынасы сакталган көрүнүктүү жайга айланат деп ишендирди:

Султан Раев

Султан Раев

- Музей жаңылангандан кийин экспонаттар спираль түрүндө жайгаштырылат. Биринчи кабатта байыркы доордогу буюм-тайымардан башталат, акыркы кабаты азыркы учур. Соңку доорду чагылдырган буюм-тайымдар коюлат. Ошондой эле жаңы музейдик технологиялар пайдаланылат. Бир кабаттан экинчи кабатка чыга турган эстакада болот. Лифттер коюлат. Эң башкысы экспонаттардын бардыгына, майда-чоңуна карабай көңүл бурулат. Концепцияда ушундай деп жазылган. Тарых музейи өзүнүн экспонаттары менен эң көрүнүктүү музейлердин катарына кирет. Бизде уникалдуу архив, табылгалар, алтын буюмдар бар. Бүткүл адамзат басып өткөн цивилизациянын буюм-тайымдары бар. Ошондуктан Тарых музейи жаңыланып ачылса, өтө чоң саамалык болот. Азыркыга чейин тарыхый табылгалардын, экспонаттардын 35 пайызы гана коюлуп келген. Бизде эле көрө элек нерселер көп.

Азыр Тарых музейинде 135 миңден ашык буюм-тайым турат. Музей оңдоп-түзөө үчүн 25-мартта жабылган. Маданият министрлиги музейди жаңылоо эки этап менен жүрөрүн кабарлаган. Быйыл, тактап айтканда 31-августка чейин музейдин алды түп-тамырынан берип өзгөрүп жаңыланат, эмдиги жылы болсо ичи толугу менен өзгөрүп оңдолмокчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG