Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Оппозиция өкүлү суракка чакырылганын айтып чыкты


Конституцияны өзгөртүүгө каршы уюшкан оппозициялык топтун айрым мүчөлөрүнө карата саясий куугунтук башталганы айтылууда.

“Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков ошондон улам Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгы жана Башкы тергөө башкармалыгы аны суракка чакырганын айтып чыкты.

Ички иштер министрлиги Мавлян Аскарбеков анын “президент өзү коомдук-саясий кырдаалды курчутуп жатат” деп тараткан маалыматын териштирүү үчүн гана чакыртылганын билдирди.

Коргонуу кеңешинин көрсөтмөсү

2-августта Бишкекте оппозициялык саясатчылар жана жарандык коом өкүлдөрү бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин талкуулаган болчу. Аталган жыйын “Конституция. Кайда баратабыз?” деген аталыш менен өткөн. Ошол жыйындын аягында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө каршы жети адамдан турган коомдук жумушчу топ түзүлүп, аны жарандык кыймылга айлантуу максаты коюлган.

Бул жумушчу топко мүчө болгон Мавлян Аскарбеков коргонуу кеңешинин көрсөтмөсү менен куугунтукка дуушар болгонун айтып чыкты:

- Мен ал жыйында эл аралык уюмдар менен чет элдик элчиликтерге кайрылууну сунуштап, Кыргызстанга бөлүнүп жаткан гранттык жана насыялык каржы берүүнү токтотууну талап кылышыбыз керек деген элем. Анткени бийлик мыйзамдарды жана Баш мыйзамды одоно бузуу аракети жүрүп жатканын биз ал жактарга түшүндүрүшүбүз зарыл экенин айткан элем. Бийлик эл менен кеңешейин дебестен Конституцияны өзгөртүүгө кадам таштап жаткандыктан биз бул абалды талкуулоо үчүн элдик курултай чакыруу маселесин көтөрдүк. Мына ушуга окшогон кадамдан уламбы, айтор мага карата куугунтук башталды. ИИМдин 10-башкармалыгынан чалып, “Коргоо кеңешинин көргөзмөсүнүн негизинде сизди суракка чакырабыз” дешти.

Анткен менен Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Мавлян Аскарбековдун билдирүүсүн көбүртүп-жабыртуу катары кабыл алды. Анткени Мавлян Аскарбеков 19-июлда айрым интернет сайттарга жарыяланган маегинде “президент туруктуулуктун кепилдиги болбой, өзү кайра кырдаалды курчутуп жатат” деп айыптаган билдирүүсүнө түшүндүрмө берүү үчүн гана чакыртылганы айтылды.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Медет Иманакунов мындай дейт:

- Аскарбеков президенттин сөзү боюнча сайттарга аны айыптаган комментарий берген экен. Анан Коргоо кеңешинен “ошого укуктук баа бергиле” деген кагаз келген экен. Аскарбеков айткандай, "президенттин сөзүнөн бүлүк салган жагдайды сиз каяктан уктуңуз, кайсы жери ошондой экенин көргөзүп бере аласызбы?" деп суроо үчүн эле ага телефон чалышкан. Анын бул тууралуу айткан сөзүн териштирип жатышат. Чакырып эле камап салайын деген эч ким жок.

Эске алынбаган эски сабактар

Оппозиция өкүлдөрү болсо Мавлян Аскарбековду милицияга чакыртууну жана анын жарыяланган оюна укуктук баа берүү аракетин басым көрсөтүү катары карашууда.

Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы жумушчу топко кирген саясатчылардын бири Адахан Мадумаров бийликтин күч көрсөтүү аракеттери дайыма тескери жыйынтык берип келген учурларды эске салды:

- Ошондой басым көрсөтүүлөрдүн акыр аягы эмнеге алып келгенин билебиз. Буга чейинки эки жолу эл толкуган учур дагы аны көргөздү. Кайра-кайра чаба бергенден көз чыкпайт. Ошондуктан бийлигин сактап калам дегендер да, бийликке барам дегендер да акыл-эс менен иш алып барганы дурус.

КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси мажбурлоо жана күч колдонуу менен жүрбөй турганын айткан. Иса Өмүркулов оппозиция бул демилгени бурмалап, бийликти курулай каралап жатат деп белгилеген болчу:

- Авторитардык башкарууга кетип баратат деген айыптоолорду мен түшүнбөйм. Биз сунуштаган өзгөртүүлөргө эч кандай бийликти күчөтүүгө негиз жок. Президент Алмазбек Атамбаев да бийликте калбайм, өз мөөнөтүндө кетем деп ачык эле айтып жатат. Экинчиден, депутаттарды бирөө мажбурласа, алардын оозу, тили бар. Бизде сөз эркиндиги бар, массалык маалымат каражаттары турат. Депутат катары парламенттин трибунасынан айтып чыгышсын. Андай болбогон соң негизсиз сөздөрдү айтууга болбойт.

Өткөн жыйында оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр жарандык коом өкүлдөрү менен бирге "бийликти узурпациялоого жол бербөө" ураанын көтөрүп, өз ара кызматташууну макулдашкан болчу. Саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик оппозициянын биригүүсүнөн чочулаган үчүн ачык коркутууга өттү деп эсептейт:

- Айрыкча Конституция боюнча, референдум өткөрүү демилгесине карата бир катар саясатчылар, жарандык коом жана адам укугун коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн биригип, каяша айтканы бийликти бир топ сестентип койду. Алар мындай каршылыкты күтпөстөн, референдумду оңой эле өткөрүп кетүүнү көздөшкөн да. Ошондон улам эми коркутууга өтүп, алгач Мавлян Аскарбековго басым жасай баштады. Башка саясатчыларга да белги берип, “чектен чыксаңар отургузуп койгонго даярбыз” деп жатышат. Бул - бийликтин кетердеги жеңилүү ызаасы жана акыркы “агониясы”.

Ошол эле кезде бийлик азыр оппозиция өкүлдөрүнө карата мурункудай саясий куугунтук жок экенин, анын бардыгы мурдагы режимдердин тушунда болгонун жүйө келтирген жайы бар. Бирок анткен менен быйыл жаздан бери бир топ саясатчы мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданган деген негиз менен кармалып, камакка алынган болчу.

XS
SM
MD
LG