Линктер

Апта: Бийлик Конституцияны өзгөртүүнү кайра көтөрдү


Президент Алмазбек Атамбаев былтыркы парламенттик шайлоодо.

Президент Алмазбек Атамбаев былтыркы парламенттик шайлоодо.

Узап бараткан жумада Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча кезектеги референдум өтө турганы маалым болду.

Түркиядагы төңкөрүш аракетинин таасири кыргыз-түрк мамилесине тие баштады. Кыргыз өкмөтүндө өз статистикасына ишенбөөчүлүк бар.

Президенттин конституциялык реформа демилгеси

Кыргызстанда кезектеги референдум жарыяланганы турат. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө караганда, президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча күзүндө референдум даярдалууда.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун макулдашты.

Ошол эле Иса Өмүркуловдун сөзү боюнча, Конституцияны өзгөртүүнүн максаты - сот системасын реформалоону тездетүү жана өкмөт башчынын ыйгарым-укуктарын кеңейтүү:

- Бул президенттин демилгеси. Сот реформасын өткөрүү, өкмөткө кошумча ыйгарым укук берүү жана башка кошумчаларды киргизүү сунушталат. Төрт фракциянын өкүлдөрү катышып жатат. Булар КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары.

Добуш берүүгө кезек күткөн жоокерлер, 4-октябрь, 2015

Добуш берүүгө кезек күткөн жоокерлер, 4-октябрь, 2015

Мына ушундай мазмунда Конституцияга өзгөртүү демилгеси 2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары тарабынан көтөрүлгөн. Бирок коомчулуктагы нааразылыктарга байланыштуу деген жүйө менен президент Алмазбек Атамбаев тарабынан токтотулган.

Бирок парламенттик шайлоодон кийин 6-ноябрда президент Атамбаев өзү конституциялык реформа жөнүндө маселе көтөрүп чыккан. Анда Атамбаев масштабдуу өзгөртүүлөргө барууну - таза парламенттик системага өтүүнү сунуштаган.

Парламенттик шайлоодогу айрым партиялардын ийгилигин көргөн президент Атамбаев, азыркы Конституцияны пайдаланып, “чыйрак балдар” мурунку системаны калыбына алып келет деп эскерткен. Бирок ал сөздөн кийин реформаны жүргүзүү боюнча эч кандай аракеттер жасалган эмес. Эми президенттик шайлоо жакындаган мезгилде Конституциялык реформа маселеси кайрадан көтөрүлүп, аны турмушка ашыруунун мезгили аталды.

Булардын баары бийликке, өздөрүнө шарт түзүү. Экономикада, социалдык турмушта, мамлекеттин жалпы саясатын өзгөртүү булардын биринин да оюнда жок.

Конституцияны өзгөртүү боюнча долбоор жарыялана электиктен анын масштабы жана тереңдиги жөнүндө айтуу кыйын. Бирок Конституциялык реформаны мөөнөтү бүтүп бараткан президент жана анын айлана-чөйрөсү демилгелеп жаткандыктан, анын максаты алардын бийлигин жана таасирин сактап калуу амалы катары кароого болот. Ал аракеттер ыйгарым укуктары күчөтүлгөн өкмөт башчылык орунду Алмазбек Атамбаевге даярдоодон тартып, орчундуу мамлекеттик кызматтарда президенттин адамдарын узак мөөнөткө калтыруу менен коштолушу күтүлөт.

Оппозиция Конституциялык реформага каршы чыкты. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидерлери Адахан Мадумаров бийлик аракетине каршылык болорун билдирди. Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “бийликти узурпациялоону” токтотуу талабы менен чыкты:

- Чынында айланып келип эле президенттин ыйгарым укуктарын бекемдөө, өздөрүнө жайлуу шарт түзүүнү көздөшүүдө. Өздөрүнө шарт түзүү дегенде премьер-министр, вице-премьер-министр болгондо депутаттык мандатты сактап калууну атайбыз. Булардын баары бийликке, өздөрүнө шарт түзүү. Экономикада, социалдык турмушта, мамлекеттин жалпы саясатын өзгөртүү булардын биринин да оюнда жок.

Равшан Жээнбеков конституциялык реформа аркылуу Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башына келишине даярдык көрүү аракети болуп жатышын четке каккан жок.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдирасулова жарандык коомдун өкүлдөрү демилгеленип жаткан конституциялык реформага өз пикирин билдирерин, жеке өзү Конституцияны өзгөртүү натыйжа алып келбейт деген пикирде экенин айтты:

- Конституцияны өзгөрткөндө эле тартип коргоо органдары, сот системасы реформа болуп калбайт. Азыркы Конституция менен деле көп жакшы иштерди жасаса болмок. Бул деген шайлоонун алдындагы саясий аракет.

31-июлда Чолпон-Атада Социал-демократтар партиясынын курултайы өттү. Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков да катышты. Курултайдын күн тартибине өлкөдөгү коомдук-саясий абал, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, КСДПнын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана партиянын саясий кеңешин кароо сыяктуу маселелер киргизилген.

Курултайда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Атамбаев кийинки президенттик шайлоого барбайт, өкмөт башчы да болбойт деп билдирди. Анын айтуусунда, Социал-демократтар партиясы президенттик шайлоого башка талапкер көрсөтөт. Чыныбай Турсунбеков коомчулукта Конституцияны өзгөртүүгө президенттин кызыкчылыгы бар деген сөздөр суу кечпесин белгилеп, референдум күч структураларындагы жана башка бир катар тармактардагы реформаларды жүргүзүү үчүн зарыл болуп жатканын билдирди.

Азыркы Конституциянын “атасы” аталган Өмүрбек Текебаев өзгөртүү жөнүндөгү долбоор менен тааныш эместигин билдирди. Анын айтымында, долбоор коомдук талкууга коюлуп, андан кийин сентябрь айында парламентте каралышы күтүлөт. Азыркы Конституцияга өзгөртүү киргизүү референдум аркылуу гана мүмкүн болгондуктан күзүндө референдум жарыяланат.

Жарандык активисттер бул бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонууда. Алар социалдык тармактарда “Конституцияны өзгөртүүгө каршы” кол топтоо акциясын башташкан.

Кимдин статистикасы туура?

Республиканын экономикасында абал жакшы болбой жатканда, Конституциянын айланасындагы талаш-тартыштар күзүндө калкты алагды кылуунун бирден-бир айласы болчудай.

Быйылкы жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча республиканын ички дүң продукциясы -2,3%, өнөр жайы дээрлик -20%, электр энергиясын өндүрүү -12% төмөндөгөн.

Жакынкы мезгилде экономиканын кандай өнүгүшүн жана инвестициянын көлөмүн көрсөткөн негизги капиталга салым эмеспи. Бул тарапта да көрсөткүчтөр өтө төмөн бойдон калууда. Ал алты айдын жыйынтыгы боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 2% өсүш берген. Бул республиканын Улуттук статистика комитети берген маалыматтар.

Бирок бул маалыматтарга экономикалык эксперттердин ишеними өтө төмөн экени белгилүү. Ал шектер 29-июлда өкмөттүн жыйынында тастыкталды. Экономика министри Арзыбек Кожошев Орусия Кыргызстандын статистикасына ишенбейт деген пикирин айта салып, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдон кагуу жеди.

Арзыбек Кожошевдин айтымында, "Кумтөр", Кадамжай сурьма комбинаты, Токмоктогу “Интергласс”, “Жунда” сыяктуу ишканалардын токтоосу же начар иштөөсү, ошондой эле тигүү, курулуш материалдарын өндүрүүнүн төмөндөөсү жалпы экономикалык көрсөткүчтөргө терс таасирин тийгизүүдө.

Сооронбай Жээнбеков өкмөт жыйынында экономиканы көтөрүүнүн аргасын ишкерликке жол ачуу жана бюрократияны алып салуудан көрүп жатканын билдирди. Бул сөз дайым айтылат, бирок экономика өлбөс-талбастан өйдө боло албай келатат.

Эксперттер болсо ишкерлерге мыйзамдык жеңилдик эле эмес, инфраструктуралык жактан жардамдар берилгенде гана абал өзгөрүүсү мүмкүн экенин эскертип келет. Бул деген кайсы бир курулушка же ишкердин обьектисин жол, суу, газ, электр энергия жана канализацияга туташуусун өкмөттүн камсыз кылып берүүсүнө жетишүү. АКШ, Батыш Европаны айтпаганда да, Кытай, Орусия жана башка өлкөлөр мына ушундай жол менен экономикалык ийгиликтерге жетишип жатканы маалым. Кыргызстанда болсо коммуникацияга туташуу үчүн үй куруучулар жана башка ишкерлер тийиштүү жерлерге пара берүүгө аргасыз.

Геосаясий олку-солкулук

Дүйнөлүк саясатта Түркиядагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийин олуттуу геосаясий өзгөрүүлөр жүргөнү байкалууда. Анын биринчи белгиси Вашингтон менен Анкаранын мамилеси салкындап, тескерисинче, Анкара менен Москванын мамилесинин жакындашуусунан көрүнөт.

15-июлдагы төңкөрүш боюнча түрк бийлиги АКШда баш паанек алган Фетхуллах Гүленди айыптап, Вашингтондон аны Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылган. Кошмо Штаттар аны өткөрүп берүү үчүн жетиштүү далилдерди талап кылып, натыйжада Гүлендин маселеси эки мамлекеттин араздашуусунун жана келишпестигинин булагына айланды.

Камакка алынган жоокерлер

Камакка алынган жоокерлер

Андан сырткары түрк маалымат каражаттары Түркия төңкөрүшүнө Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн башкы командачысы болгон генерал Жон Кемпбелдин жана Борбордук чалгындоо кызматынын аралашканын жазууда. Кэмпбелл ал маалыматтарды төгүнгө чыгарып жатат. Бирок Түркия ага Ооганстанда жана Инжирлик базасында америкалыктар менен тыгыз кызматташкан түрк генералдарын камакка алуу менен жооп берди.

Президент Барак Обама андай маалыматтар чындыкка дал келбесин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга айтканын билдирген:

- Мамлекеттик төңкөрүш аракетине Американын тиешеси бар деген ар кандай маалыматтардын баары калп. Биз Түркиядагы демократияны толук колдойбуз. Андан башкасы жалган экенин президент Эрдоганга айткам. Президент Эрдоган жана анын өкмөтү ал маалыматтардын баары калп экенин түшүнүш керек, анткени анын айланасындагы имиштердин, уу-дуу кептердин күчөшү Түркиядагы биздин жарандардын коопсуздугуна, Кошмо Штаттар менен Түркиянын өзгөчө маанилүү союздаштыгына жана өнөктөштүгүнө коркунуч алып келет.

Барак Обама Фетхуллах Гүленге байланыштуу маалыматтарды Түркия жиберсе, Америка ал боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл аларын кошумчалаган.

15-июлдагы төңкөрүш аракети Түркия менен Орусиянын жакындашуусун тездетти. Анын себеби катары төңкөрүш жөнүндө түрк бийлигин Орусия эскертүүсү аталууда. Түрк гезиттеринин жазуусуна караганда, түрк президенти Эрдоган төңкөрүш мезгилинде эс алып жаткан мейманканага кол салынарын орус атайын кызматтары эскерткен. Мына ошол эскертүү Эрдогандын өмүрүн сактап калган. Анткени президент мейманканадан чыгып кеткенден көп узабай тик учак менен келген төңкөрүшчүлөр мейманканага чабуул коюшкан.

Мына ошонун таасириби, айтор ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин Түркия менен Орусиянын жакындашуусу күч алып, кызматташууну мурунку калыбына келтирүүгө интенсивдүү аракеттер жүрүүдө.

Бул эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн тынымсыз жолугушуулары, мурун токтоп калган Түркияда Орусиянын атомдук электр станциясын куруу, Кара деңиздин түбү менен газ куурун тартуу сыяктуу ири долбоорлорду улантуу макулдашылганы менен тастыкталууда. Бул жакындашуулардын туу чокусу 9-августта Санкт-Петербургда Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу болуп калмакчы.

Режеп Тайып Эрдоган

Режеп Тайып Эрдоган

Төңкөрүш аракети Түркия менен АКШнын эле эмес, Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилеге да зыян келтирүүдө. Батыш Европа төңкөрүштөн кийинки камакка алууларга тынчсыздануусун билдирип, жазалоодо аша чаап кетпөөнү эскертүүдө. Түркиянын өлүм жазасын кайра киргизүү аракети да Батыштын нааразылыгын пайда кылууда.

Президент Эрдоган батыштын тынчсызданууларына кескин каршы пикирин айтты:

- Алар биз келечекке камтама болуп жатабыз дейт. Бул мырзалар эмнеден камтама болуп жатышат? Кармалгандардын саны дагы өсөбү? Эгерде күнөөлүүлөр болсо өсөт. Силер төңкөрүштү токтотуп калган мамлекетке рахмат айтпай, тескерисинче, төңкөрүшчүлөр менен бир болуп жатасыңар. Ошол кутумду уюштургандар силердин өлкөңөргө барып баш калкалады.

Эки ортодогу мамиленин чыңалуусунун дагы бир эпкини 29-июлда пайда болду. Бул күнү АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Жозев Вотел түрк бийлиги камакка алган генералдын айрымдары менен НАТО кызматташып келгенин, алардын камалышы "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшкө таасирин тийгизет деген чочулоосун билдирген.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган генералга кескин “Сен кимсиң? Өз ордуңду билгин!” деп жооп берди.

Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы бул өсүп бараткан чыңалуунун аягы эмне менен аяктайт? Ал Түркиянын НАТОдон чыгуусуна алып келиши ыктымал деген пикирлер да айтылууда. Кыязы, көп нерсе 9-августтагы Санкт-Петербургда Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусунан кийин айкын болчудай.

Фетхуллах Гүлен

Фетхуллах Гүлен

Бул арада Түркия менен Кыргызстандын мамилеси чыңалууга өттү. Ал Кыргызстанда Фетхуллах Гүленге таандык делген окуу жайлардын көптүгүнө, ошого жараша "гүленчилер" арбын деген Анкаранын пикирине байланыштуу келип чыкты. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кыргыз бийлигине кайрылып, “Гүленчилерге мамилени өзгөртүүнү талап кылганын, эгерде аларга мамиле өзгөрбөсө Анкаранын Бишкекке мамилеси өзгөрөрүн эскерткенин” билдирди.

Бул Кыргызстанда кескин каршылыкты пайда кылып, республиканын Тышкы иштер министрлиги ал өлкөнүн ички иши экенин, Түркиянын ага аралашуусуна жол берилбейт деп жооп берди.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Гүленге жакын делген “Себат” лицейлери, “Ата Түрк” университети жана башка окуу жайлары бар. “Себат” лицейлеринде окутуунун жогорку сапаты анын эл ичинде популярдуулугунун артуусуна жол ачкан.

Окутуу баасынын кымбаттыгына карабай колунда бар кыргызстандыктар балдарын ошол лицейлерге берип келет. Ал жерде миңдеген балдар окуп жатат. Ошондуктан бул лицейлерди, окуу жайларды Түркиянын талабы менен жаап коюш Кыргызстан үчүн жеңил эмес.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG