Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Бишкектеги түрк элчиси Метин Кылычтын Түркия Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы мүчөлүк акысын төлөп келатканы боюнча айткандары талкууга түштү.

Элчинин мындай билдирүүсү Түркиядагы төңкөрүшкө байланыштуу ансыз да чыңалып турган кыргыз-түрк мамилесин ого бетер курчуткандай.

Диний аалым Фетхуллах Гүленге тиешелүү билим берүү мекемелерин жабуу тууралуу Анкаранын өтүнүчүнө Кыргызстандын кесе жооп кайтарганы кыргыз-түрк алакасына терс таасир тийгизгендей болду. Буга удаа эле түрк элчиси Метин Кылыч Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп таанып, БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы мүчөлүк акысын гранттын эсебинен төлөп келатканын эске салды.

Мындан тышкары ал Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чавушоглунун сөзүнө дипломатиялык жол менен эмес, шашылыш жооп кайтарып жибергенин да белгиледи. Түрк элчисинин өз министринин айткандары Кыргызстанга түз багытталган эмес деген билдирүүсү коомчулукта акыркы учурда ыдырай баштаган кыргыз-түрк мамилесин жайгаруу аракети катары бааланууда.

Алмазбек Атамбаев жана Режеп Тайып Эрдоган, Анкара, 1-октябрь, 2012

Алмазбек Атамбаев жана Режеп Тайып Эрдоган, Анкара, 1-октябрь, 2012

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 24-июлда башка өлкөлөрдөй болуп Кыргызстан да түрк бийлигин колдоп “гүленчилерге” мамилесин өзгөртпөсө, эки өлкөнүн алака-катышына терс таасири тиет деп эскерткен болчу. Аны улай эле “Хабертүрк” каналына курган маегинде Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин кыймылынын таасири күчөп баратканын расмий Бишкекке эскерткенин кайталаган.

25-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга мамлекеттин ички ишине кийлигишүү аракети деген таризде жооп берген.

Эми түрк элчиси Метин Кылычтын төлөмдөр жөнүндөгү маалыматты ачыкка чыгарганы түрдүүчө жоромолдоно баштады. Ал Түркия кайсы жылдан баштап Кыргызстан үчүн акы төлөп келатканын ачыктаган эмес. Элчиликтен бул багытта маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Аликбек Жекшенкулов

Аликбек Жекшенкулов

Бирок Кыргызстан өзү мүчө болуп туруп, Түркияга төлөм милдетин берип койгонун “уят иш” катары баалагандар четтен табылат. Алардын бири мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кыргыз бийлигин Түркиянын алдындагы карызын кайтарууга чакырды:

- Алар өз ыктыяры менен жардам берели деп төлөп жаткандыр. Азыр болсо мындай билдирүүлөрдү жасаганы - ачык айтканда коркутуп-үркүтүү. Буга тезинен жооп кайтарып, акыркы жылдарда төлөгөн акчасын кайра берүү зарыл. Менин билишимче, мүчөлүк төлөм 100 миң доллардын тегерегинде болуш керек. Бул мамлекет үчүн көп деле акча эмес.

Ошол эле маалда Аликбек Жекшенкулов түрк элчиси бул маселени козгоо менен кыргыз бийлигинин "гүленчилерди тазалоо" суранычына кош көңүл мамиле жасаганына чычалап жатат деген оюн кошумчалады.

2014-жылы ошол кездеги каржы министри Ольга Лаврова парламентте маалымат берип жатып Түркия Кыргызстандын ТҮРКСОЙ уюмундагы мүчөлүк төлөмүн төлөп жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, 2013-жыл үчүн 202 миң доллардан ашык каражат Түркия Кыргызстанга бөлгөн 6 миллион доллар грант жана 100 миллион доллар насыянын эсебинен берилген. Ушундай жол менен Анкара 2016-жылга чейин аны төлөөнү улантары, 2017-жылдан тарта Кыргызстан республикалык бюджеттен бере баштары маалымдалган.

Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов өзү иштеп жүргөн кезде ТҮРКСОЙ уюмундагы мүчөлүк төлөмдү берүүгө чама жетпей жүргөнүн бышыктады:

- Биз аталган уюмга өзүбүз кирип алып, төлөмдү төлөбөй, бирөөдөн сураганыбыз туура эмес, уят. Кол коюлуп жатканда "мен мүчө болуп кирейин, анан төлөмдү түрктөр берсин" деген келишим болгон эмес да.

Түрк элчисинин төлөмдөр тууралуу билдирүүсүн Түркиянын Кыргызстанга карата дагы бир эскертүүсү катары баалагандар да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов эч бир мамлекет жөн, кайтарымсыз жардам бербейт деген пикирде. Эгерде Кыргызстан каржылык көз карандылыктан арылбаса, Түркия сыяктуу өлкөлөр зарылдык туулган учурда өз кызыкчылыгын таңуулоону уланта берерин айтат:

- Муну мен эки жыл мурун эле айткам. Булар азыр төлөгөнү менен, кийин биз акча берип жатабыз, ордуна силер да муну жасашыңар керек деп сурайт дегем. Мына бүгүн учур келди, Түркия бул теманы козгой баштады. Муну менен эле чектелип калбай, дагы көтөрүшү мүмкүн.

Кыргыз өкмөтү, Тышкы иштер министрлиги Түркия Кыргызстандын кайсы эл аралык уюмдардагы төлөмдөрүн берип келатканы, анын жалпы суммасы канча экени тууралуу үн ката элек. Маалымат такталып жатканын кабарлашты. Анткен менен түрк элчиси Метин Кылычтын айткандары Түркиядагы соңку саясий кырдаалга дал келип, Кыргызстанга карата кезектеги ишарат катары сыпатталып жаткан кези. Байкоочулардын баамында, ТҮРКСОЙдогу, БУУдагы өлкөнүн жылдык мүчөлүк төлөмү кымбат баалуу эки автоунаанын баасына гана тете. БУУнун сайтындагы маалыматка таянсак, 2015-жылы Кыргызстандын атынан 54 271 доллар берилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG