Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Түрк бийлигинин колу "Себатка" жетеби?


"Себат" билим берүү мекемесинин "Айчүрөк" кыздар лицейи

"Себат" билим берүү мекемесинин "Айчүрөк" кыздар лицейи

Түрк бийлиги аскердик төңкөрүш аракетине диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап, анын тарапкерлери негиздеген бардык мекеме-уюмдарды, окуу жайларды жабууда.

Түркиядагы окуялардын Гүлен башында турган “Хизмет” (Кызмат) кыймылына таандык делген Кыргызстандагы окуу жайларга кандай таасири болушу мүмкүн?

Түркиядагы окуялардын Кыргызстандагы жаңырыгы

22 жаштагы Елена Романенко Бишкектеги “Себат” билим берүү мекемесине караштуу "Ататүрк-Ала-Тоо" университетин быйыл аяктады. Ал бул жеке менчик окуу жайда билим алып, ийгиликтүү бүтүргөнүнө ыраазы. Еленанын айтымында, Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу өзү окуган университеттин түрк бийликтери террорчу катары шектенип жаткан динаятчы Фетхуллах Гүленге байланыштыргандарды көп угуп жатат.

- Фетхуллах Гүлен учурда көпчүлүк күндө айтып, талкуулаган адам болууда. Чынын айтканда, ал түзгөн кыймыл бар экенин уксам да, терең билген эмесмин. Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу билип отурам. Мен ушул университетте беш жыл окуп, бул кыймылга мүчө бол, мунун принциптерин аткар дегенди деле уккан эмесмин. Башка окуу жайлар сыяктуу эле жакшынакай, светтик мүнөздө билим алып келгенбиз.

Макалабыздын дагы бир каарманы 22 жаштагы Фарида Бишкектеги Кыргыз-түрк “Манас” университетин бүтүрдү. Бул университет Кыргызстан жана Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин негизинде ачылган мамлекеттик окуу жай.

Фетхуллах Гүлен (оңдо) жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Фетхуллах Гүлен (оңдо) жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Фарида да Түркиядагы соңку окуяларга кызыгуу менен көз салып жаткан чагы. Анын айтымында, көпчүлүк тааныштары сөз кылып келген диниятчы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылынын Түркияда оор кылмыштарга айыпталып жатканы таң калыштуу болууда.

- Мен "Ататүрк" университети, "Себаттын" лицейлери жеке менчик болгондондуктан "Хизмет" кыймылына таандык деп уккам. Алар Гүлендин идеологиясын карманышат деп айтып жүрүшөт. Акыркы окуялар да алар бийликти басып алууга аракеттенишкен деп айтып жатышат. Чынын айтсам, бул чынбы же жалганбы, кандай экенин билбей атам.

Ошентип, эл арасында жалпысынан түрк университеттери деп атап койгон эки окуу жайдын студенттерине Түркиядагы акыркы окуялар эки башкача таасирин тийгизди.

Кыргызстандагы "Себат"

Түрк бийлиги 15-июлдагы аскердик төңкөрүштүн артында АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы турат деп айыптап, аны террорчул уюм деп атагандан бери бул талкуулар дагы күчөдү.

"Себат" Кыргызстанда сапаттуу билим берген окуу жай катары белгилүү. Анын окуучулары жасаган робот.

"Себат" Кыргызстанда сапаттуу билим берген окуу жай катары белгилүү. Анын окуучулары жасаган робот.

Анткени, Кыргызстанда Гүлендин кыймылынын жолдоочулары түздү делген окуу жайлар, маданий жана кайрымдуулук жаатында иш алып барган уюмдар бар. Алардын эң ириси “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси. Бул мекеме 1993-жылдан тарта иш алып барат. Учурда өлкө боюнча 15 лицейи жана бир университети бар болсо, аларда 10 миңге жакын окуучу жана студент билим алат.

“Себат” билим берүү мекемесинин лицейлери сапаттуу билим берген окуу жай катары белгилүү.

Түрк бийлиги Түркиядагы Гүлендин жолдоочуларын камакка алып, жумуштан бошотуп, аларга таандык делген маалымат каражаттарын, мектептерди жаап жаткан чакта Кыргызстандагы окуу жайлар эмне болушу мүмкүн деген суроо коюлуп жаткан чак.

Балжынын чакырыгы

Бул талкууларды кыргыз-түрк өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн “Манас” университетиндеги жыйында айтылган сөздөр да ырбаткандай болду.

Ал жыйында Түркиядагы акыркы окуялар тууралуу сөз болуп, окуу жай жамааты бийликти басып алуу аракетин айыптаган билдирүү кабыл алды.

Университеттин ректору Себахаттин Балжы расмий түрк бийлиги сыяктуу эле окуяларга Гүлендин тарапкерлерин айыптап, бул окуялардан кыргыз бийлиги тиешелүү сабак алышы керектигин билдирген:

- Менин пикиримде, Түркиядагы окуяны биздин бир тууган кыргыз эли, боордош Кыргызстандын бийлиги терең карап, ойлонгон чечим чыгарыш керек. Өз мекенине, өз элине мындай жаман иштерди кылгандар Кыргызстан үчүн канчалык жаман иштерди кыларын эсине туюшу зарыл. Анан сөзсүз түрдө чечим кабыл алышы керек. Эгер дүйнөнүн 16-өлкөсү болгон, 79 миллион калкы бар өлкөдө ушундай окуялардын болушу мүмкүн болсо, анда 6 миллион калк жашаган Кыргызстаныбызда мындай иштер болбойт деп айталбайбыз, аларга дүйнөнүн башка жактарынан жолдоштору келип, күч болушу мүмкүн деген көз карашты да айтышыбыз керек.

Кыргыз-түрк "Манас" университети

Кыргыз-түрк "Манас" университети

Ал эми университеттин Гуманитардык факультетинин окутуучусу Фахри Үнан бул кыймылдын мүчөлөрүнө таандык делген билим берүү мекемелерине тыюу салуу зарылдыгын белгиледи:

- Бул кыймылга таандык бардык билим берүү мекемелерин алып, башка университеттерге өткөрүп берсе болот деген ойдомун. Эгер мындай чара көрүлбөсө, уулуу идеяларын коомго жайылтууну улантышат. Бизнестен толугу менен сүрүп чыгаруу зарыл деп ойлойм.

Түркия мамлекетине таандык болгон окуу жай өкүлдөрүнүн Кыргызстандагы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлеринин коркунучу боюнча сөз кыйытканын көпчүлүк түрк бийлигинин позициясы катары кабыл алды.

Гүлен - гуманист

Ошондуктан, эртеби-кечпи кыргыз бийликтерине “Хизмет” кыймылынын тизгинин тарттыруу өтүнүчү менен кайрылышы мүмкүн деген пикирлер айтылып келе жатат.

Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемесинин өкүлдөрү бул окуу жайларды ачуу идеясы Фетхуллах Гүленге таандык экенин жашырбаганы менен, акыркы окуяларга байланыштуу айтылган прикирлер боюнча макул эмес.

Маселен, “Себатка” караштуу “Ататүрк-Ала-Тоо” университетине барып, мугалимдер жана студенттер менен баарлашканыбызда алар бул окуу жайларды кандайдыр бир деструктивдүү күчтөргө кошуу тууралуу сөздөргө нааразы экенин билдиришти.

Университеттин Менеджмент бөлүмүнүн окутуучусу Нурдин Капаровдун айтымында, окуу жайды түздөн-түз Гүленге байлоо туура эмес:

- Биринчиден, Фетхуллах Гүлен “Себатка” окшогон мекемелерге пикирин айтып кеткен. Ал бул мектептин ээси же биздин мектептин мүчөсү эмес. Ал билим алуу керек деген пикирин гана айткан. Түркияда өткөн кылымдын 70-80-жылдары анын ой-пикирин кабыл алып, билим берүү жаатында иштей башташкан. Чынында биздин университет менен Гүлендин түздөн-түз байланышы жок. Айрым учурда туура эмес пикирлер айтылып жатат.

Капаров Гүлендин гуманисттик идеяларын колдоорун, анын эч кандай терс жактары жок экенин кошумчалады:

- Анын принципттери деген эмне? Ал ар дайым ынтымакты, достукту жогору коюп, билим берүүнү өнүктүрүү керек деп айтып келет. Так илимдерди: математика, химия, биология сыяктуу предметтерди өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп келет. Жакырчылыктан чыгуу үчүн билим берүүнүн маанисин айтып, улут аралык ынтымакты бекемдөө зарылдыгын айтат. Бул эми жалпы адамзаттын баалуулуктары деп эсептесек болот.

Анкара - Бишкек мамилеси

Коомдук ишмер Эдил Байсалов бул окуялардан соң түрк бийлиги Кыргызстанга бул кыймылга тыюу салуу боюнча өтүнүч келтириши мүмкүн деген ойдо:

- Биз башка өлкөлөрдө көргөндөй кандайдыр бир талап коюлушу мүмкүн. Биз муну таразалаганда, биздин билим берүү тармагыбызда өтө чоң орду, жетишкендиктери бар мекемени кимдир бирөөгө жагынабыз деп, бир күндүк алкыш үчүн тамырынан балталап салууга барбаш керек жана мамлекеттик жетекчилик бул кадамга барбайт деп ойлойм. Бирок көзөмөл жагынан чараларды көрсө туура эле болот.

Эдил Байсалов

Эдил Байсалов

Саясат таануучу Эмил Жураев кыргыз бийликтерине кайрылуу болушу ыктымалдыгын четке какпайт.

- Эрдоган биздин жетекчилерден Гүленге тиешеси болгон уюмдарга чара көргүлө деп суранышы толук мүмкүн. Бирок ар бир мамлекет өз аймагында иштер боюнча өзү чечим кабыл алышы керек. Анын үстүнө биздин мамлекеттик орган деле бул мектептерге урмат-сый менен мамиле кылат. Жабабыз деген күндө деле бир күндө эле жаап салуу оңойго турбайт.

Айрым маалыматтарда "Себаттын" жетекчилери Түркияда Эрдоган менен мамиле бузулганда эле алдын-алуу иштерин башташкан. Атап айтканда, кыргыз-түрк лицейлери катары аталып келген окуу жайлар 2014-жылы уставын өзгөрткөн жана Кыргызстанда кайрадан каттоодон өтүшүүдө. Окуу жайлардын Камкорчулар кеңеши мындан ары жалаң кыргыз жарандарынан куралат.

Ошол эле кезде башка өлкөнүн кайрылуусу менен мекеменин ишине кийлигишүү туура эмес болоорун “Себаттын” жетекчилиги эскертип келет.

Негизи "Себат" билим берүү мекемесине кыргыз бийликтеринин көзү түз деген пикирлер арбын. Алтургай бул мектептерге балдарын берген бийликтин ар кандай бутагында турган жетекчилер да көп. Ошондуктан, бийликтин дароо эле кандайдыр бир кадамга барышы мүмкүн эмес экенин айтышат.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетинин эртеси эле кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдоорун билдирип чыккан. Ал ишемби күнү тараткан билдирүүсүндө бул өлкөдө тынчтыкты, мыйзамдуулукту жана тартипти тезирээк орнотууга чакырган.

Фетхуллах Гүлендин жолдоочулары негиздеди делген мектептер дүйнөнүн 130дан ашык өлкөсүндө иш алып барат. Мисалы, Казакстанда 20дан ашуун Фетхуллах Гүлендин жолдоочулары түптөгөн "Катев" деп аталган мектеп-лицейлер бар. Өзбекстанда мындай лицейлер 1990-жылдары ачылган, бирок өзбек бийликтери бир аздан соң кайра жаап салган. Орусиянын Татарстан жумуриятында, Африканын, Чыгыш Азиянын бир катар өлкөлөрүндө Гүлендин мектептери иштеп келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG