Линктер

Түркиядагы акыркы күндөрдөгү окуялар Кыргызстанда талкууларды жаратууда. Түрк бийлиги аскерий төңкөрүш уюштурууга шектенип жаткан Фетхуллах Гүлендин кыймылынын Борбор Азия өлкөлөрүндө тарапкерлери бар болгону жана таасири күч экени айтылып келет. Бирок айрымдар акыркы окуяларга Гүлендин “Кызмат” кыймылын айыптоо туура эмес экенин айтууда.

Түрк бийлиги соңку окуяларды АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы уюштурду деп айыптап чыккан соң Кыргызстандагы талкуулар күчөдү.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Гүлендин “Кызмат” кыймылын террорчул уюм катары сыпатташын айрымдар колдосо, башкалары макул эмес.

Бул тууралуу Кыргызстан жана Түркиянын өкмөттөр ортосундагы келишимдин негизинде ачылган кыргыз-түрк “Манас” университетинде өткөн жыйында да сөз болду. Анда окуу жайдын жамааты аскерлердин бийликти басып алуу аракетин айыптаган билдирүү таратышты.

"Манас" университетиндеги жыйын

"Манас" университетиндеги жыйын

Окуу жай ректору Себахаттин Балжы расмий бийлик билдиргендей, Гүлендин тарапкерлерин террорчул кыймыл деп атап, анын тарапкерлери Кыргызстанда да бар экенин билдирди. Ошондуктан Балжы кыргыз бийлиги Анкара жана Стамбулда болгон окуялардан сабак алышы керектигин белгиледи:

- Менин пикиримде, Түркиядагы окуяны биздин бир тууган кыргыз эли, боордош Кыргызстандын бийлиги терең карап, ойлонгон чечим чыгарыш керек. Өз мекенине, өз элине мындай жаман иштерди кылгандар Кыргызстан үчүн канчалык жаман иштерди кыларын эсине алыш керек. Анан сөзсүз түрдө чечим кабыл алышы керек.

Жыйында университет жамааты президент Режеп Тайып Эрдоганды колдогон билдирүү кабыл алышты.

Негизи дүйнөдөгү 100дөн ашык өлкөдөгү түрк окуу жайларынын көбүн диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы каржылары айтылып келет.

Кыргызстанда эл аралык "Себат" билим берүү мекемесине таандык 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жаатта иш алып барган уюмдар бар. Аталган уюм өкүлдөрү билим берүү, кайрымдуулук жаатында иш алпаруу идеясы Фетхуллах Гүленге таандык экенин жашырбайт.

Ошондуктан бул уюмдар түрк бийлигинин акыркы айыптоолору жалаа экенин айтышууда. Алардын бири Фетхуллах Гүленди изилдеп, анын эмгектерин кыргыз тилине которуп жүргөн публицист Абдыкерим Муратов:

- Гүлендин уюмунун террорчул максатты көздөгөнү боюнча эч кандай далил жок. Өз кезегинде АКШнын мамкатчысы, башка органдары Гүлендин айыбы болсо өткөрүп берүүгө даярбыз деп жатат. Ал күч колдонуу эч качан туура эместигин билдирип, тынчтыкка, диалогго чакырып келет. Бул адамдын тарапкерлери дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө иштеп келет. Эгер ушундай жаман ойлору байкалса, ушунча өлкөнүн жетекчилери жөн карап турмак беле? Ошондуктан, негизсиз деп айтсак болот.

Ошондой эле Муратов бул кыймыл өкүлдөрү саясатка түздөн-түз кийлигишүүгө кызыкдар эместигин кошумчалады.

Ошол эле учурда Түркиядагы соңку окуялардан соң Кыргызстандагы Гүлендин тарапкерлерине кандай таасири тийиши мүмкүн деген суроолор көтөрүлүүдө.

Режеп Тайып Эрдоган жана Фетхуллах Гүлен

Режеп Тайып Эрдоган жана Фетхуллах Гүлен

Мындан эки жыл мурун Эрдоган менен Фетхуллах Гүлендин кыймылынын мамилесине жарака кеткенде Азербайжан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө бул кыймылга тилектеш мектептерге бут тосуулар болгон эле.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов бул окуялардан соң түрк бийлиги Кыргызстанга бул кыймылга тыюу салуу боюнча өтүнүч келтириши мүмкүн дейт:

- Биз башка өлкөлөрдө көргөндөй кандайдыр бир талап коюлушу мүмкүн. Азыр деле кандайдыр бир катуу талап коюлушу мүмкүн. Биз муну таразалаганда, биздин билим берүү тармагыбызда өтө чоң орду бар, жетишкендиктери бар мекемени кимдир бирөөгө жагынабыз деп, бир күндүк алкыш үчүн тамырынан балталап салууга барбаш керек жана мамлекеттик жетекчилик бул кадамга барбайт. Бирок көзөмөл жагынан чараларды көрсө туура эле болот.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Түркиядагы окуяларды белгилүү бир топко байлабастан, анын тереңинде жаткан себептерди талдоо керектигин билдирүүдө:

- Бул окуяларга Түркиядагы демократиянын кысымга алынышы, сөз эркиндигинин, адам укугунун корголбой калганы себеп болду деп ойлойм. Мындай кырдаалда шишик бир жагынан жарылышы керек болчу. Ал аскер тарабынан жарылды. Ошондуктан Эрдоганга сес көрсөтүштү окшойт.

Буга чейин кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдоорун билдирип чыккан. Ал ишемби күнү тараткан билдирүүсүндө бул өлкөдө тынчтыкты, мыйзамдуулукту жана тартипти тезирээк орнотууга чакырган.

Түркияда аскерий төңкөрүш аракети деп сыпатталган окуяларда акыркы маалымат боюнча, 290 адам набыт болду, 1400гө жакын киши жараат алды. Өлгөндөрдүн 100дөн ашууну козголоңчулар экенин расмий бийлик кабарлады.

Мамлекеттик төңкөрүш жасоого шектелгендерди кармоо операциясында 6 миңден ашуун аскер жана судьялар кармалды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG