Линктер

Жогорку Кеңештеги төрт фракция Конституцияны өзгөртүү үчүн ушул күздө референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрдү.

Спикер Чыныбай Турсунбеков тиешелүү мыйзам долбоорлорду коомдук талкууга чыгарууга тапшырма берди.

Демилгечилер эң ириде Баш мыйзам аркылуу премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү зарылдыгын айтышууда. Бул өз кезегинде Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин өкмөт башчы болуп келишине даярдык көрүлүүдө деген талкууну күчөттү.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү парламенттеги Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары сунуштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов билдирди. Ал тиешелүү мыйзам долбоорлор жакында коомдук талкууга коюларын, Конституцияга өзгөртүү киргизүү президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси экенин бышыктады:

- Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча талкууларга ар бир жаран ачык-айкын катышууга, пикирин айтууга толук мүмкүнчүлүк болот. Бул президенттин демилгеси. Сот реформасын өткөрүүнү тездетүү, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана башка өзгөртүүлөр каралган.

Эгер бул мыйзам долбоорлор коомдук талкууга коюлса, Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан келери менен каралат жана көпкө созулбай эле кабыл алынат деген божомол бар.

Коалициялык көпчүлүккө кирген “Ата Мекен” фракциясы Конституциянын өзгөртүү боюнча азырынча бир чечимге келе элек. Фракция лидери, азыркы Баш мыйзамдын атасы аталган Өмүрбек Текебаев коомдук талкуудан кийин гана сунуш-пикир айтыларын билдирди:

- Төрт фракция сунуштап жаткан мыйзам долбоорлор менен биздин фракция азырынча тааныш эмес. Бул алардын сунушу. Мыйзамга ылайык, бир ай коомдук талкуудан өтөт. Ошол коомдук талкуулардан кийин коомдук пикирлерди эске алуу менен долбоордун акыркы варианты Жогорку Кеңешке киргизилиши мүмкүн. Биз ошол коомдук талкуунун, сунушталган варианттын жыйынтыгын карап, анан сентябрь айында бир чечимге келебиз. Азыркы Конституцияга ылайык, Баш мыйзамды 2020-жылга чейин референдум жолу менен гана өзгөртүүгө болот. Ошондуктан өзгөртүү сунушталса анда ал сөзсүз референдумга чыгышы керек. Күзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот. Ошондуктан акча, уюштуруу жагынан ашыкча чыгым болбошу үчүн референдумду шайлоолор менен чогуу өткөрөлү деп жатышы мүмкүн.

Кеп Конституцияда эмес, кеп бир адамда болуп жатат. Кеп бир адамдын бийликтен кетпей, ошол бийликти кармап турайын деген ниетинде болуп жатат.

Баш мыйзамды өзгөртүүдөгү башкы маселе - президент менен премьер-министрдин ыйгарым укуктарын тактоо болуп жатат. “Республика - Ата Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев Конституция азыркы кырдаал-жагдайды эмес, келечекти эске алуу менен жазылышы керек деп эсептейт. Ал сунушталып жаткан мыйзам долбоорлордо талаш-тартыштуу жоболор бар экенине да токтолду:

- Мисалы, азыркы Баш мыйзамда тышкы саясатты ким аныктары белгисиз болгон. Аны Жогорку Кеңеш президент тышкы саясатты аныктайт деп конституциялык мыйзам менен эле аныктап койбодубу. Бул туура эмес. Сөзсүз референдум менен оңдолушу керек. Долбоордо эгер депутат премьер-министр же анын орун басары болуп дайындалса, мандатын сактап калат деген жобо бар деп угуп жатам. Бул абдан чоң ката. Анткени аткаруу менен мыйзам чыгаруу бийлигин эч убакта аралаштырбаш керек. Эгер андай боло турган болсо оңдолбой эле кайра башаламан болот. Эң өкүнүчтүүсү, кандай гана бийлик келбесин Баш мыйзамды кол жоолукка айлантып өзгөртүүгө киришет. Конституция ошол бийликке жараша жазылып калып жатат. Эгер ушинтип учурдун Баш мыйзамын жаза бере турган болсок өмүр бою аны өзгөртүп жүрө беребиз. Ошон үчүн Конституция келечекке жазылышы керек.

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулованын пикиринде, парламенттик башкарууну бекемдөө максатында Баш мыйзамды өзгөртүү керек деген жүйө кайсы бир саясий күчтөрдүн шылтоосу. Ал парламентти алсыздыгынан президент өз бийлигин күчөтүп алды деп сындады. Болочоктогу премьерди күчтөндүрүү аракеттери тууралуу Сооронкулова мындай пикирде:

- Парламенттик республикага өтүү үчүн Баш мыйзамды өзгөртүүгө эч кандай негизи жок. Ушул Конституция иштеп кетсе, сопсонун эле парламенттик республика болуп калмак. Бул жерден парламент өзүнүн милдеттерин так аткарбай, президент өзүнө таандык эмес ыйгарым укуктарды ээлеп алган. Мисалы, азыр президент мамлекеттик кызматты толугу менен көзөмөлдөп, жөнгө салып атат. Баш мыйзамда болсо анын андай ыйгарым укугу жок. Парламенттин алсыздыгынан президент күчөп жатат, баарын бийлеп жатат. Баш мыйзамды сопсонун кылып жазып койгон күндө деле, премьер-министрди күчөтүп, президенттин кайсы бир ыйгарым укуктарын алып койгон күндө деле азыркы саясий күчтөрдүн түзүлүшү боюнча дагы деле бир партия, ошол партиянын лидери бийлейт, кайра эле ошол бойдон калат, эч нерсе өзгөрбөйт. Азыр Атамбаев мөөнөтү бүткөндөн кийин премьер болгусу келет деп айтып жатышпайбы. Президенттиктен кеткенден кийин партиясы көрсөтсө, парламент шайласа премьер боло алат. Ага эч кандай жолтоо жок. Бирок келерки президентке каршы премьердин ыйгарым укуктарын күчөткүсү келип жатат. Кеп Конституцияда эмес, кеп бир адамда болуп жатат. Кеп бир адамдын бийликтен кетпей, ошол бийликти кармап турайын деген ниетинде болуп жатат.

Азыркы Конституцияга ылайык, Баш мыйзамды 2020-жылга чейин референдум жолу менен гана өзгөртүүгө болот

Азыркы Конституцияга ылайык, Баш мыйзамды 2020-жылга чейин референдум жолу менен гана өзгөртүүгө болот

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев азыркы Баш мыйзамда өлкө эгемендигине жана улуттук коопсуздукка шек келтирген нормалар бар экенин айтып, чукул арада өзгөртүү зарылдыгын көтөрүп чыккан. Буга Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча чечимин мисал келтирген.

Атап айтканда талаш-талкуу азыркы Конституциянын Адам укуктары жана эркиндиктери деп аталган экинчи главасындагы 41-берененин экинчи бөлүмүнө байланыштуу чыгып жатат. Ал жерде “Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргызстан аларды калыбына келтирүү же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт” деп жазылган.

Андан сырткары Баш мыйзамга балдарды зордуктоо өңдүү оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү керек деп, демилге көтөрүп жүргөндөр да бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG