Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Кыргызстандыктар арасында диний ишеним менен жарандык жоопкерчиликти айкалыштырууну калыптандыруу, билим менен саясий маданияттын деңгээлин жогорулатуу зарылдыгы бышып жетилди. Мындай аракет тезинен көрүлүшү керектигин жума намаз окуу үчүн түшкү эс алуу убактысын узартуу мыйзам долбооруна байланыштуу социалдык тармактардагы кайым айтышуулар айгинеледи.

Ар түрдүү динди тутунган гана жарандар эмес, жалпы коомдо диний сабырдуулук менен чыдамдуулукту, бири-биринин ишенимин сыйлоо маданиятын тарбиялоо үчүн эмне кылуу керек? Мындай маданиятты жаш муунга бала бакчадан баштап сиңирүү керекпи же мамлекеттин коопсуздугу менен бекемдигин биринчи даражага койгон идеологияны күчөтүү зарылбы?

“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселе талкууланды. Ага Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери Нурбек Шамралиев катышты.

“Азаттык”: Нурбек мырза, жума намазды окуу үчүн түштөнүү убактысын узартуу жөнүндө мыйзам долбооруна байланыштуу Чубак ажынын билдирүүсү кыргыз коомунда буга чейин эле бышып жетилген бир көрүнүштү ачыкка чыгарганын эксперттер баса белгилешүүдө. Чубак ажы менен депутат Жанар Акаевдин кайым айтышуусу абалдын андан да опурталдуу экендигин бышыктады көрүнөт. Ушундан улам коомдо диний ишеним менен бирге Кыргызстандын жараны катары жоопкерчиликти, милдетти билүү, сезүү маданиятын калыптандыруу аракетин тезинен көрүү зарыл болуп калдыбы?

Нурбек Шамралиев: Кыргызстандын “Дин жана дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү” мыйзамында диний кызматкерлер мамлекеттик саясатка кийлигишпөө принциби бар. Ушундан улам дин боюнча айрым агартуу иштерин элге жеткирүү биздин милдетибиз. Жарандар ар бир учурда өз ой-пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок диний кызматкерлердин мамлекеттик саясатка аралашып, сын айтышы мыйзамга карама-каршы көрүнүш болуп эсептелет.

Демократия заманында жашап жаткандан кийин турмуштагы бардык көрүнүштөрдү туура кабыл алып, ага толеранттуу мамиле жасашыбыз керек.

“Азаттык”: Кеңешбек мырза, сиз Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетин жетектеген, вице-премьер-министр болгон адам катары айтсаңыз, социалдык тармактарда кайым айтышкан адамдар бири-бирин жазалап, жок кылууга чейин баруу керек деп жазып жатышат. Тынч күндө жашаган жаштарга мынчалык жаал кайдан келген? Бири-бирин тааныбай туруп, мынчалык карама-каршы болуунун тамыры эмнеде?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Албетте, бүгүнкү күндө биз диний багыттагы маселелердин баары чечилди дегенден алыспыз. Бул тармакта чече турган олуттуу маселелер бар экенин социалдык тармактарда, эл арасында, ММКларда болуп жаткан талкуулар ырастап жатат. Ошондуктан мен ириде жалпы атуулдарды сабырдуулукка чакырат элем. Албетте, ар кимдин өз пикирин айтууга укугу бар, бирок айтылган пикирлер коомду кандай көйгөйгө дуушар кыла турганын салмакташыбыз керек. Чубак ажы өз пикирин айтты, аны биз дароо тескери жакка бурбай, тескерисинче ушундай маселе бар экен деп, жалпы коомдук талкууга алып, аны чечүүнүн жолдорун биргелешип, салмактап туруп табышыбыз керектигин көрсөтүүдө. Албетте, биз демократия заманында жашап жаткандан кийин турмуштагы бардык көрүнүштөрдү туура кабыл алып, ага толеранттуу мамиле жасашыбыз керек. Бирок Конституция боюнча дин мамлекеттен сырткары деп эле динди толук бойдон сыртка калтырып, таптакыр эле светтик мамлекет боло албайбыз. Анткени, ал динди тутуу бизде салтка айланып калган. Ушундан улам мамлекеттик бийлик динден толук бойдон четтеп калбай, ага мамлекеттик бир багыттуу комплекстүү аракет жасашыбыз зарыл болуп турат. Көп жагдайлар боюнча муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия коомдогу жалпы жүрүм-турум мамилелери, аракеттер боюнча биргелешип жалпы жоболорду иштеп чыгып, элге түшүндүрүп, аларды ишке ашыруу, курч маселелердин алдын алуу боюнча ырааттуу иштерди алып баруусу зарыл. Бул жагынан биз аксап жатабыз. Тактап айтканда, оюндун эрежелери так болушу керек. Оюндун эрежелери так болсо, анын чегинен чыккандарга чара көрүү да жеңил болот. Андан тышкары ар бир бийлик, министрлик, мекеме жана жооптуу адамдар жоопкерчиликти сезиши зарыл. Мындай чараларды тезинен көрүү керек. Эгер азыр мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу, түшүндүрүү иштерин колго албасак, өкмөт, президент, парламент тарабынан бирдиктүү аракет болбосо бара-бара акыбал мындан да кыйын болуп калышы толук мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG