Линктер

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы белекке деп алынган сааттар, акчалай сыйлык жана эс алууга кеткен чыгымдар боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин парламентте жети миллион сомдон ашык акча сый акыга (премия) жумшалганы, бир миллиондой сомго белекке берилчү кол саат алынганы, дагы ушунча суммадагы акча жайкы эс алууга коротулганы маалымдалган.

Парламенттин алтынчы чакырылышы чыгымдарын кыскартуу боюнча бир катар убадаларды берген. Бирок иштегенине бир жыл боло элек депутаттарга коомчулукта доомат, сындар көп айтыла баштады.

Жогорку Кеңеш жайында 1 миллиондон ашык сомду кол сааттарга короткон. Парламенттин иш башкаруучусу Алмаз Кожомкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, ал акчага белекке берилчү 75 кол саат сатып алынган. Кожомкулов анын баары мыйзамдуу экенин, бул ашыкча чыгым болбогонун айтууда:

- Жогорку Кеңеш үчүн кабыл алынып берилген бюджеттен бир да тыйын ашыкча сарптабайбыз. Тескерисинче, акыркы төрт-беш жылдан бери чыгымды жыл сайын кыскартып келе жатабыз. Эгер 2011-жылы бюджетибиз 1 миллиард сомдон ашык болсо, быйыл болсо 770 миллион сом. Анын 87 пайызга жакыны эмгек акыны төлөөгө кетет. Калганы болсо башка чыгымдарга жумшалат. Бир миллиондон ашыгыраак сомго саат алыптыр деп жазышыптыр. Ооба, саат алынган. Бул белекке бериле турган сааттар. Жогорку Кеңештин атынан чет мамлекетке чыгат. Башка өлкөнүн парламенттеринде болушат. Ошондо пайдаланылат. Андан сырткары Кыргызстанга эмгеги сиңген жарандарыбызга аларды сыйлоо, сый-урмат көрсөтүү үчүн берилет. Бирок бул буюмдарын эсеп-кысабы бар. Жөндөн-жөн берилбейт. Сааттарды бир жылда эле баарын таратып берип салбайбыз, бир топ жылга жеткиребиз. Анан биз ар бир сатып алган буюмдарыбызды мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталга жарыялап, тендер менен сатып алабыз.

Жогорку Кеңеш депутаттары.

Жогорку Кеңеш депутаттары.

Парламентте депутаттардын чыгымдарынан сырткары алардын ишине карата мамилеси да талкууга түштү. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти комитети 13-сентябрда жалпы жыйындарга депутаттардын катышуусун көзөмөлдөө жагын карады.

Анда аталган комитеттин төрага орун басары, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов баяндама жасады. Баяндамада айтылгандай, июнь айында жыйырмадан ашык депутат жыйындарга келбей койгон жана муну үй-бүлөлүк себеп менен байланыштырган:

Алмамбет Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов.

- Ошолорду регламентте айлыгын кыскартуу, “мобул азаматтар шайлоодо берген убадаларын аткармак түгүл, Жогорку Кеңештин ишине катышпай жүрөт” дегендей кылып коомчулукка, шайлоочуларга билдирүү деген нормалар каралган. Июнь айында жыйынга катышпаган депутаттардын бардыгы үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу келе албай калдык деген мазмундагы түшүндүрмө беришти. Мыйзам менен үй-бүлөлүк себеп дегенди түшүндүрүү өтө кыйын да. Куран окутуу, бирөөнү акыркы сапарга узатуу же той берүү деп түшүнсө болот да. Жумушка келбегенин үй-бүлөлүк себеп менен актануу ошол депутаттардын өзүнүн абийиринде. Парламент көп ишти өзү үлгү болуп, мыйзамдан эмес, өзүнүн абийиринен коркуп жасашы керек.

Анткен менен Социал-демократтар фракциясынын депутаты Азамат Арапбаевдин пикиринде, жалпы парламенттин ишине, депутаттарга болгон доомат-сын негизсиз:

- Эми бизде сөз эркиндиги, ачыктык бар да. Бирөө бирөөгө жакса, башка бирөөгө жакпайт. Ал сөздү эч ким тыя албайт. Бирок бул боюнча жалпы коомчулуктун пикири деле болбосо керек. Негизи бир топ депутаттар көп убактысын иш сапарларда, шайлоочулар менен жолугушууларда өткөрүшөт. Фракция лидерине кошулуп биз да жолугушууларга бардык. Жер-жерлерде чоң, көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Алардын кээ бирин мыйзамды өзгөртүп чечүү керек, айрымдары боюнча өкмөткө, жергиликтүү бийликке тапшырма берилет.

Азамат Арапбаев.

Азамат Арапбаев.

Жогорку Кеңештин ишине “Салык төлөөчүлөр парламентаризм үчүн” деп аталган жарандык кыймыл байкоо салып келет. Аталган кыймылдын мүчөсү Рита Карасартованын билдиришинче, талдап-иликтөөдө айрым бир кызыктуу тенденциялар аныкталган. Карасартова маселен парламентте оппозициялык азчылык менен коалициялык көпчүлүк камыр-жумур болуп алганын кейип айтып берди:

- Былтыр күзүндө шайланып келген Жогорку Кеңеш жаңы иштей баштаганда кабыл алынган чечимдерге карап бири-бирине карама –каршы, оппозициялык азчылык жана коалициялык көпчүлүк экени байкалып турган. Эки айдан кийин эле ошол пикирлер бири-бирине үндөшө баштаган. Ал эми жазында болсо кимиси коалиция, кимиси оппозиция экени таптакыр эле билинбей калыптыр. Жай айларына жакын оппозиция менен коалиция биригип алып, кайсы бир демилгелерди чогуу алып чыга башташыптыр. Биздин парламенттик башкарууга өткөн башкы себебибиз оппозиция көчөдө эмес, парламентте болсун, түрдүү пикирлер талкууланып, Кыргызстанга пайдалуу чечимдер кабыл алынсын, парламенттеги күчтөр бири-бирин көзөмөлдөп турсун деген себептер болгон да. Тилекке каршы азыр парламентте оппозиция жок калды. Бул жакшы эмес көрүнүш. Анткени ушинтип кете берсе коом бир тарапта, бийлик, парламент экинчи тарапта болуп бөлүнүп, арты ажырымга алып келет.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын иштей баштаганына бир жыл толо элек. Ушул айдын башында жайкы эки айлык тыныгуудан келер замат Дүйнөлүк көчмөндөр оюну деген шылтоо менен жалпы жыйынга чогулбай койгону коомчулукта нааразылык жараткан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG