Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Фракция лидерлери Жээнбековду жарга такашты


Жогорку Кеңеште өкмөттү мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү боюнча кол топтоо процесси башталды.

Парламентте 2-февралда Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийинки абал тууралуу өкмөттүк саатта премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун иши боюнча нааразылык айтылды. Чыгып сүйлөгөн, суроо берген депутаттардын дээрлик баары өкмөт өзүнө жүктөлгөн милдет-тапшырманы аткара албай жатат деп сынга алышты. Ал арада кийинки премьер болот деген талапкерлердин аттары атала баштады.

Өкмөттүк саатта айрым фракция лидерлерин өкмөт башчынын парламенттин түштөн кийинки жыйынына катышуудан баш тартканы нааразы кылды. Атүгүл Өмүрбек Текебаев менен Сооронбай Жээнбеков кайым айтышканга чейин барды.

“Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаев өкмөт ЕАЭБге киргенден кийинки абалды жөндөй албай жатканын кескин сынга алып, ишенбестик көрсөтпөө боюнча кол топтоо башталганын маалымдады:

- Биз, депутаттар, Кыргызстандын экономикасына бирдей баа берет экенбиз. Бүгүнкү өкмөттүн кудурети, ресурсу аларга жүктөлгөн миссияны аткарууга жетпей турганы белгилүү болду. Парламент өз оюбузду айталы десек, “жок, түштөн кийин бөлүм башчыларым менен жыйын өткөрөм”, деп отурат. Телефонду алып, Сталиндей болуп иштебейби, кызматкерлерине саат сегизде келгиле десе келет да. Керек болсо түнкү саат онго чейин иштебейби. Азыр тоё түштөнүп, ныксырап отура турган заманбы? Президенттин аппаратынын кызматкери чакырса чуркап келет, ал эми бүтүндөй парламентти тоготпой жатат. Евразиялык экономикалык биримдиктин идеясын дискредитация кылганы үчүн биз бүгүнкү өкмөттүн курамын ишенбестик көрсөтпөө процессин баштап, добуш топтойбуз.

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Сооронбай Жээнбеков былтыр жазында өкмөт башчы болуп шайланган эле. Аны Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция сунуштаган. Коалициялык көпчүлүк премьер-министрге ишенбестик көрсөтүү демилгесине азырынча үн ката элек.

“Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов азыркы өкмөттүн тагдыры боюнча 3-февралда фракция жыйынында чечим кабыл алынарын маалымдады. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн түшүп кеткени боюнча өкмөттү айыптады:

- Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин биздин товар жүгүртүүбүз 19 пайызга азайыптыр. Экспортубуз болсо, валюта түшө турган жагыбыз тогуз пайызга азайыптыр. Орусия менен товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард 280 миллион доллар болсо, ошонун 120 миллион доллардык товар жөнөтөт экенбиз. Калганынын баары Орусиядан келет экен. Орусия менен да, Казакстан менен да тескери сальдо. Өкмөт кандай чара көрүп жатат? Соода-сатыкта эмнеге мындай кемчилик болуп жатат. Сооронбай Шарипович, сизге бир топ жолу кайрылгам. Сиз жана өкмөт мүчөлөрү чечим кабыл албай жатат.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев өкмөт башчы азыркыдай оор абалды оңдоп кете аларына ишенбей турганын билдирди. Сооронбай Жээнбековду саясий жоопкерчиликти алып өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды:

-Биз азыр Казакстан менен Орусияны күнөөлөп жатабыз. Санкция деген шылтоолорду айтып жатабыз. Чек араны тосуп жатат деп жатабыз. Биз бул биримдикке кирип жатканда мен биздин техникалык регламентибиз даяр эмес деп айткам. Буга өкмөт күнөөлүү. Анткени керектүү иш-чараларды толук, жүз пайыз аткарган жок.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБге киргенден кийин айрым бир жылыштар болгону менен кемчиликтер бар экенин мойнуна алды. Депутаттарда келечекте баары ордуна келет деп ишендиргенге аракет кылды:

-Буюрса, кудай кааласа иштеп жатабыз. Көп проблеманы чечип жатабыз. Эми каражаттын айынан чечилбей жаткан маселелерибиз деле бар. Евразиялык экономикалык биримдиктен биз пландаган каражаттан 2 миллиард 800 миллион сом түшпөй калды.

"Шайлоо алдындагы жүрүштөр"

Ал арада азыркы өкмөт башчынын отставкасы тууралуу талкуу күчөдү жана кийинки премьер болот деген адамдардын аттары да атала баштады. Талдоочу Бакыт Бакетаевдин баамында, өкмөт башчынын ыйгарым укуктары чектелүү болгондуктан өзүнө жүктөлгөн милдетти толук аткара албай жатат:

- Мындай ыйгарым укуктар менен ким премьер-министр болсо деле жакшы экономикалык көрсөткүчтөрдү камсыздай албайт, экономикалык реформа жүргүзө албайт. Жаңы Баш мыйзамдагы кошумча ыйгарым укуктар премьерге өткөндө гана кандайдыр бир жылыштарды күтсо болот. Азыр Сооронбай Жээнбековду кетирип, анын ордуна башканы койгон күндө деле абал ушундай эле болот. Өкмөт башчынын ыйгарым укуктары аз. Азыр премьер-министр президенттик администрациянын бир эле бөлүмү сыяктуу болуп калды. Муну элдин баары көрүп жатат. Ошондуктан алты жылда алты премьер-министр алмашып жатат. Канаты кыска болсо алыска уча албайт дегендей эле кеп.

Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиевдин божомолунда, өкмөттү кетирүү демилгесинин саясий өңүтү да бар:

- ЕАЭБге кирүү терең ойлонуштурулбаган чечим болгон. Мисалы, бизге чейин кирген Армениянын экономикалык көрсөткүчтөрү биздикинен алда канча жакшы. Кирүү тууралуу саясий чечим болгон, бирок өкмөт экономикалык эсеп-кысабын жакшы талдаган эмес, анализ жасалган эмес. Өкмөттүн кемчилиги бар. Азыркы премьер эми салыштырмалуу жаңы эле келди. Өкмөттүн иштери системага салынган жок, башаламан. Анан бул жерде саясий жагы да бар. Мына президенттик шайлоо жакындап калды. Ар кандай саясий оюндар да башталды. Ошондуктан өкмөттү отставкага кетирүү демилгеси көтөрүлгөнү тереңирээк ойлонуштуруу керек. Албетте бул маселенин экономика менен байланышы бар, өкмөт Жогорку Кеңеште жакшы баяндама жасай алган жок. Экинчиден, саясат болуп жатат. Оппозициялык күчтөр учурду пайдаланып калалы деп да жатышат.

Сооронбай Жээнбеков эгемен Кыргызстандын тарыхындагы 28-өкмөт башчы. Апрель ыңкылабынан бери эле коррупциялык чатак, Кумтөр, жол куруу боюнча тендерге байланыштуу чырлуу иштердин айынан сегиз жолу өкмөт алмашты.

ЖК: Фракция лидерлери өкмөт башчыга нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:30 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG