Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:35

Кыргыз коомчулугунда бийликтеги, жогорку мамлекеттик кызматтагы үй-бүлөлүк, туугандык байланыш тууралуу талкуу жанданды.

Уулу апасын текшере алабы?

Буга БШКнын мүчөсү, партиялардын эсеп-кысабын текшерген жумушчу топтун жетекчи орун басары Адилет Сатыгулов менен анын Социал-демократтар партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген апасы Надира Сатыгул кызы себеп болду.

Мындан улам “уулу апасын текшере алабы?”, “кызыкчылыктар кагылышы болбойбу?” деген суроолор чыкты.

Кыргызстанда таасирлүү аткаминерлердин жакын-алыс тууганын, тааныш-билишин кызматка койгон, кызматтан көтөргөн көрүнүштөр тыйыла элек.

БШКнын мүчөсү Адилет Сатыгулов шайлоого катышып жаткан партиялардын үгүт маалындагы эсеп-кысабын текшере турган жумушчу топтун жетекчи орун басары болуп дайындалгандан кийин анын апасы Надира Сатыгул кызы КСДП партиясынын жана референдум өткөрүүнү колдоо боюнча түзүлгөн топтордун биринин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү экени белгилүү болду. Мындан улам туугандык байланыштар тууралуу талаш-талкуу жаралды.

Адилет Сатыгулов кызыкчылыктар кагылышат деген дооматтарды четке кагат. Ал апасы Алмазбек Атамбаевдин катчысы эмес, референти болуп иштегенин бышыктады:

- БШКнын Көзөмөлдөөчү-ревизиялык тобуна мен эле кирбейм да, топ жети адамдан турат. Башкача айтканда, менин жетекчим бар, менден башка да мүчөлөр бар. Бул жумушчу топ жоопко тартып, жазалай турган, текшере турган орган эмес, көбүнесе кеңеш бере турган орган. Каржы боюнча отчетторду негизи аймактык шайлоо комиссиялары текшерет. Биз болсо көбүнчө кеп-кеңеш беребиз. Биз эми партияларды деле текшеребиз, бирок эмне жетишпейт, кандай кемчиликтер бар, кандай иштер жасалышы керектигин айтабыз, сунуш беребиз. Менин апам Атамбаевдин катчысы болуп эч качан иштеген эмес. Эгер жаңылышпасам 2002-2004-жылдары анын референти болуп иштеген.

Айтылуу Матраимовдор

Кыргызстанда бийликтеги туугандык байланыш тууралуу сөз болгондо адатта Оштон чыккан бир тууган Матраимовдорду эстешет.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Искендер Матраимов парламентке келгенге чейин Мамлекеттик кадр кызматынын түштүктөгү башкармалыгын жетектеп турган. Ал карьераны тааныш-билиш, акча, күч менен жасады деген сөздөрдү четке какты. Бир туугандарынын баары өз эмгек жолун өзү чапкан деп түшүндүрдү.

- Биз баарыбыз региондо карьера жасаганбыз. Мисалы, мен илгери комсомолдо иштеп, эң ылдыйкы тепкичтерди басып анан жогорулагам. Кечээ эле көчөдө жүрүп, бүгүн жетекчи боло калганыбыз жок. Менден кийинки иним азыр Кара-Суу районунун акими болуп иштеп жатат. Окууну бүтүп келгенден кийин айылда иштеген. Шайлоо болгондо биринчи жолу өтпөй калган. Экинчи мөөнөттө дагы шайлоого катышып, эл ишенимине ээ болуп айыл өкмөт болуп шайланган. Экинчи мөөнөткө келгенде депутаттардын 100 пайыз колдоосу менен кайра шайланган. Ошондо бир жумадан кийин эле райондун акимчилигин башкарып бер деген сунуш түшкөн. Кудайга шүгүр, беш жылдан бери Кыргызстандагы эң чоң райондун акими болуп иштеп жатат. Аким болгондон бүгүнкү күнгө чейинки ийгиликтери барбы же жокпу деп анализдеп алса болот.

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

Айрым байкоочулар Райымбек Матраимов Ош бажысын бир канча жыл жетектеп турганда коррупция тыйылбаганын, бул тармак оңолбогонун белгилеп жүрүшөт.

Искендер Матраимов дагы бир иниси – Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары, “Райым миллион” деген каймана ат менен таанымал Райымбек Матраимов тууралуу уу-дуу сөздөрдү да четке какты. Иниси азыркы даражага өзү жеткен деп билдирди:

- Ал дагы ишин инспектордон баштаган. Бүтүндөй тепкичтерди басып өткөн. Ошто Бажы кызматынын төрага орун басары , жетекчи болгон. Анан былтыр борбордук аппаратка төраганын орун басары болуп келди. Андан кийинки иним дагы Каржы полициясында иштеп жатат. Ал эми эң кенжебиз ишкер. Мамлекеттик кызматка аралашкан жок. Уулум деле өз жолу менен эле көтөрүлүп жатат. Эгер мен борбордук аппаратта иштеп анан инилеримдин баарын көтөрсөм, анан алар ошол жумуштарды эптей албай калса ошондо инилерине жардам берип, алар көтөрүлдү деп айтышса, булар кызматын эптей албай жатат деген сөз чыкса болот эле. Мен инилерим менен сыймыктанам. Өздөрүнө жүктөлгөн мамлекеттик кызматты, ошол өздөрүнүн тармагын тартып, иштеринин майын чыгарып иштеп жатканына мен сыймыктанам.

Матраимовдор премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен куда-сөөк экени айтылып жүрөт.​

Жээнбековдордун кланы

Ушул жерден Оштон чыккан дагы бир клан - Жээнбековдор тууралуу өзүнчө кеп кылса болот. Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болгонго чейин апрель ыңкылабынан бери Ош облустук администрацияны жетектеген. Ошол учурларда иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болчу жана агасы быйыл жазында өкмөткө келгенден кийин гана спикерликти өткөрүп берди. Жээнбековдордун дагы бир тууганы - Жусупбек Шарипов азыр Кыргызстандын Кувейттеги элчиси. Убагында Ысык-Көлдө, Жалал-Абадда губернатор болгон. Дагы бири - Кантөрө Токтомаматов Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетин жетектейт. Азыр Жээнбековдор ээлей элек президенттик кызмат гана калды деп тамаша-чыны аралаш айтылып жүрөт.

Биз тууганы болгону үчүн эле беш күн болсо да министр болуп отуруп турсун деп дайындап койгон принциптен кетишибиз керек.

Кыргызстанда бийликтеги туугандык, үй-бүлөлүк байланыш өлкө эгемен алган алгачкы жылдардан тарта эле башталган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев бийликтеги туугандык, үй-бүлөлүк байланыш азыркы бийликтин тушунда тыйыла электигин кеп кылды:

- Ар бир ыңкылаптан кийин мамлекеттик бийлик майдаланып, туугандашып баратат. Өзүнө жакын, ишенимдүү адамдары, туугандары, бөлөлөрү, кудалары баары келип эле ушуга такалып жатат. Ушундан улам мамлекеттик кызматтын сапаты төмөндөп жатат. Ушундай жол менен кызматка келгендер иш кылбай, жөн эле күн өтсө болду деп отурушат. Бийликте туугандык мамилелер өрчүп, бийлик өзү менен өзү, эл өзү менен өзү калды.

Туугандар жана адам укугу

2012-жылы Жогорку Кеңеште үй-бүлөлүк, туугандык байланышты колдонууну тыюуну көздөгөн “Туугандык байланыштарды ачуу тууралуу” деп аталган мыйзам долбоор сунушталган. Ага ылайык, жогорку саясий, административдик жана мамлекеттик кызматта отурган аткаминер мамлекеттик жана муниципалдык кызматта же мамлекеттик үлүшү бар ишканаларда иштеген туугандары тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү болмок. Бирок бул документти депутаттардын көбү колдобой койгон. Мурунку депутат Бөдөш Мамырова мындай пикирде:

​"Жупуну" аткаминерлердин "эркетайлары"

Айта кетчү нерсе, бул жаштардын ата-энелери өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген жана азыр дагы иштеп жатышат. Алар жыл сайын өтө жупуну кирешеси тууралуу декларация тапшырат. Ошого карабай, балдарын чет өлкөдө окутуп, кычараган машиненин рулуна отургузган. "Эркетайлардын" социалдык тармакка койгон сүрөттөрү жана видеолору алар эгерим кем-карчты көрбөй чоңойгонунан кабар берет.

- Бир тууганы чоң кызматка барып калса, калган бир туугандарынын баары иштен кетиши керек деген нерсе туура эмес. Анткени адам өзүнүн жөндөмүнө, дараметине, билим деңгээли, акыл-эсине жараша Кыргызстанга кызмат кылышы керек. Биз кызматка койгондо кландык, тууганчылык, жакындыгына карабай, жөндөмүн, дараметин карасак эле иш ойдогудай болот болчу. Анан кызматка келген адам ошол кызматтан кеткенге чейин 10-классты бүткөн баласын, кызын кайсы бир жерге орноштура коеюн деген ойдон кетишибиз керек. Экинчиден, биз кадр тандоо, кадр даярдоону такыр эле унутта калтырып койдук. Биз жериген Советтер союзунун тушунда дарамети бар адамды жөндөмүнө жараша айылдын, райондун деңгээлинен жогору жакты көздөй даярдап отурчу. Биз тууганы болгону үчүн эле беш күн болсо да министр болуп отуруп турсун деп дайындап койгон принциптен кетишибиз керек.

Жогорку Кеңештин дагы бир мурдагы депутаты, Курманбек Осмонов парламенттин өткөн чакырылышында кызы экөө тең депутат болуп келген жана бул коомдо талкуу жарата баштаганда кызы Нурзат Осмонова өз эрки менен мандатын тапшырган. Ал кайсы бир жогору кызматтагы адамдын тууган-уругун кызмат жактан чектөөнү адам укугун бузуу деп эсептейт:

- Эми өкүл ата, өкүл апа, өкүл бала жакын тууган болуп эсептелбейт. Жакын тууган дегендин чеги мыйзам менен аныкталган. Чоң кызматтагы адамдардын туугандары мамлекеттик кызматка келбесин деп тыюу салып койгон болбойт. Бул адам укугуна түздөн-түз шек келтирген чара. Эгер жогорку кызматка келип тууган-уругун кызматтан дароо көтөрүп жиберсе анда башка маселе. Бул жерде биринчи кезекте моралдык жагы бар. Экинчиден, мамлекеттик кызматкердин этикасы деген мыйзам боюнча караса болот. Болбосо жөндөн жөн эле баланчанын кудасы, бөлөсү, тууганы экен деп эле кодулай берген туура эмес.

Туугандар тыйылабы?

Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев бийликтеги туугандык, үй-бүлөлүк байланыш тууралуу маселелердин мыйзамдык жана этикалык жактарына токтолду:

- Конституциядан баштап башка тиешелүү мыйзамдарга чейин жалпы принциптер бекитилген. Ал эми Эмгек кодексинде болсо эгерде бир туугандардын бирөө жетекчи болсо анын башка бир туугандары башкы эсепчи болгонго толугу менен тыюу салынган. Ачыгын айтканда, этикалык жагына да көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Айрыкча биздикиндей коррупциянын деңгээли жогору мамлекеттерде жогорку саясий кызматка бараткан аткаминерлер жакын туугандарына, кайын-журту, таеке-жээнине чоң кызматтарга барбайсыңар деп тыйса жакшы болор эле. Айласы кеткенде өкүл баласын чоң кызматка түртүп жиберген учур көп болуп жатат. Сураштыра келсең эле эч болбосо жердеши болуп чыгат. Билинбей калат деп ойлошот. Бирок Кыргызстан кичинекей өлкө, ким кимге куда, ким кимге бөлө, тайке экени ачык эле көрүнүп турат.

Негизи Ак үй, көк үй, жашыл үй дегендердин баарында беш миңдей эле үй-бүлө жана анын тууган-уругу иштейт.

Талдоочу Турат Акимов туугандык үй-бүлөлүк байланыштардын мамлекеттик чечим кабыл алууда, карьералык өсүштө колдонуу саясий коррупцияга жол ачарын белгиледи. Саясатта чакан топ туугандык үй-бүлөлүк байланыш бир канча жылдан бери бекемделип алганын айтты. Анын пикиринде, коомдогу бул көрүнүштү мыйзам аркылуу эмес ачык айтуу, сынга алуу менен гана жеңүүгө болот:

- Эми кыргызда “май майга тамат” деген сөз бар. Бай байга үйлөнөт, куда болот. Жакыр жакырга үйлөнөт, куда болот дегендей. Адамдарда касталык аң-сезим илгертен эле Кыргызстанда болобу, Индияда болобу бар да. Ошондуктан муну сөз эркиндигинен пайдаланып мындай жаман адатты чагылдырып, коомчулукка жарыялап, үй-бүлөлүк башкаруу системасынан айрылышыбыз керек деп эле айта беришибиз керек. Эгер мыйзам түрүндө жазып койсо анда ал мынчанчы берене деп кагазда эле калып калат. Анан аны ким көзөмөлдөйт? Акаев убагында уул-кызын ээрчитип алып парламентке келген, Курманбек Бакиев болсо кызматтарынын баарын тууган-уругуна бөлүштүрүп берип койгон. Азыр деле ошондой көрүнүш. Негизи Ак үй, көк үй, жашыл үй дегендердин баарында беш миңдей эле үй-бүлө жана анын тууган-уругу иштейт. Жогорку Кеңештин бардык чакырылышындагы депутаттарды эсептей келсең миңге жакын адам болот. Калгандарынын баары эле ошолордун тууган-уругу, досу, таеке-жээни, аяшы, классташы, айтор байланышы бар адамдар. Саясий элита деген мына ушундай адамдардан турат.

Чынында эле жогорку бийлик өкүлдөрүнүн туугандык, үй-бүлөлүк байланыштарын талдоо оңой-олтоң эмес. Депутаттардын арасында куда-сөөк болгон, бири-бирине кыз берип, келип алгандар, өкүл ата шайлагандар көп.

Ким кимге жакын?

Биз айрымдарын гана мисалы кылалы. Жогорку Кеңештеги “”Кыргызстан” фракциясынын депутаты Салайдин Айдаров менен “Республика-Ата Журттун” депутаты Бакыт Сыдыков экөө кан куда. Бул фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов өзүнүн бир тууган жездеси Калдарбек Баймуратовду өзү менен кошо парламентке алып келди. Депутат Мыктыбек Абылдаев менен саясатчы Азимбек Бекназаров, белгилүү ишкер, мурдагы депутаттар Аскар Салымбеков менен Курманбек Осмонов кан куда. Жогорку Кеңештин мурунку спикери Акматбек Келдибеков менен экс-депутат Марат Султанов экөө бөлө. Келдибековдун кайнатасы Нурмамбет Токтоматов убагында Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген жана Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын кеңешчиси болгон.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева мурдагы Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын бир тууган сиңдисинин кызы жана президенттик аппараттын жетекчи орун басары Аалы Карашевдин карачечекей балдызы. Айтмакчы, Карашевдин бир тууган иниси Азат Азимов жакында эле УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын Оштогу башкармалыгында бөлүм башчы болуп дайындалды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин өкүл балдарынын арасында азыркы Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Нурканбек Момуналиев да бар деген маалымат бар. “Кыргызстан” партиясынын лидери Шаршенбек Абдыкеримов мурунку премьер-министр Темир Сариевдин өкүл баласы экени айтылып жүрөт.

Азыркы депутат, мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин өкүл баласы делген Канат Мидин уулу “Республика – Ата-Журт” партиясынан Бишкек шаардык кеңешке талапкерлер тизмесин жетектеп баратат.

Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик жогорку кызматтарда отурган жакын туугандары жок. Бирок анын мурдагы айдоочусу, жансакчылары кызматтан кызматка көтөрүлүп жүрөт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG