Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Өткөндөн сабак алабызбы?


25-март, Бишкек
25-март, Бишкек

Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров чатакка айланган митингди айыптап, күч түзүмдөрү мындан ары дагы ар кандай чагымчыл аракеттердин мизин кайтарууга даяр экенин билдирди.

Ошол эле кезде айрым саясатчылар ишемби күнү бийлик "бейбаштык кылды" деген негизде Садыр Жапаровдун жактоочуларына ашкере күч колдонулганын сынга алышты. Бул окуяга карата парламент азырынча үн ката элек.

Күч колдонуунун учуру

Кыргызстанга кайтып келаткан учурда чек арадан кармалган саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочулары УКМКнын алдына нааразылык акциясына чыгышкан болчу.

Жапаровду жактаган митингди чуу коштоду

Жапаровду жактаган митингди чуу коштоду

25-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду коргоо митинги өттү. УКМК алдында топтолгон Жапаровдун тарапташтары милиция менен тирешип, бир нечеси камалды.

Башында тынчтык мүнөздө деп жарыяланган саясий акциянын катышуучулары Садыр Жапаровду токтоосуз түрдө бошотууну талап кылып, анын аягы имаратты күзөткөн күч түзүмдөрү менен кагылышууга алып келген. Натыйжада жүздөн ашуун адам кармалып, 12 адамга кылмыш иши козголгон.

"Чагымга жол бербейбиз"

25-мартта кармалгандарга карата сот өкүмү чыкты. Акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Свердлов райондук соту кармалган 12 адамды эки айга тергөө абагына камоо чечимин кабыл алды.

- Соттун чечими менен №1 СИЗОдо кармалсын деп айтылды. Эми убактылуу кармоочу жайдын жетекчилиги график жасап, тергөө абагына арыз берет. СИЗОдон атайын автоунаа келгенден кийин бардыгын ошол жакка алып барат.

Калгандарына соттун чечими менен административдик жаза чарасы колдонулуп, кээ бирлерине айып пул салынып, койо берилген.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров мындан ары дагы өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактоо үчүн чагым жасаган жарандарга карата күч колдонула турганын билдирди:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстан эл аралык аренада жакшы рейтинге ээ болуп, инвесторлор эми гана кызыгып келип баштаган учурда буга окшогон чагымчыл иш-аракеттердин кереги жок болчу. Укук коргоо органдары мындан ары дагы коомдук тартипке кандай гана коркунуч болбосун, чагымчыл иш-аракеттерге кимдер гана барбасын мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүүгө бара алат. Ошондой эле алар кээ бир учурларда күч колдонуу менен болсо дагы андай аракеттерди токтотууга мүмкүнчүлүгү жетишет. Биздин укук коргоо органдары мындан ары дагы буга окшогон чагымчыл иштердин алдын алууга даяр жана андай нерселерге жол беришпейт.

Чырга айланган митинг

Анткен менен айрым саясатчылар күч түзүмдөрү митингчилерге каршы күч колдонгонун айыптап чыгышты. Мисалы, атайын кызматтын мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов күч колдонуунун жыйынтыгы оор кесепеттерге алып келерин айтты:

- Чагым кайсы тараптан болгонун эми айтуу кыйын. Бөтөлкөлөрдү атайлап милицияга карай ыргытышты дейт. Ошол митингде балдарды кармап алышып, токмоктоп коюшканы жаман болду. Аны эми этияттап эле аларды кармап барып, мындай эле сүйлөшүп коюшса болмок. Анан эми бул эмнеге алып келет? Мына ошолордун бардыгын соттоп жиберишсе эле кырдаал тынчып калса жакшы эмеспи. Бул жерде 2005-2010-жылдардагы окуялардын күзгүдөн чагылганы көрүп жатабыз. Мына ошол эле окуялар кайра башынан кайталанып жаткансыйт. Бийлик күч көрсөтпөй турган жерден күч көрсөтүп, чыңалуу күчөп жатат. Нааразылыктар биринин артынан бири чыгып жатат. Мурда дагы ушуга окшогон майда кагылышуулар жүрүп отуруп, аягы барып чоң чатакка алып келгенин тез эле унутуп калып жатабыз.

Милиция болсо, митингчилер тарабынан чагым жасалганын белгилеп, чырдын башында кимдер турганы боюнча маалыматтарын жарыялады.

Парламент үн ката элек

Ошол эле кезде "Сөз эркиндигин коргоо" жана "Конституциялык кеңешме кыймылы" сыяктуу коомдук уюмдар бул окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн парламенттен тез арада депутаттык иликтөө комиссиясын түзүүнү сурап, кайрылуу жасашкан.

Парламенттеги "Бир Бол" фракциясынан депутат Улукбек Ормонов Жогорку Кеңеш бул окуяны талкуулап, ага тиешелүү баа бериши керектигин билдирди:

- Мындай иштер сөзсүз түрдө парламентте каралышы керек. Себеби бул жөнөкөй нерсе эмес. Биз дагы фракциянын жыйынында аны талкуулайбыз. Анткени мына ошол митингден чатак чыгып, улан-кыздар жана аялдар сабалган жагдайды такташыбыз зарыл. Чагым эки тараптан тең болгону видеодон көрүнүп турат. Элдин арасында "басып алууга чакырган кишилер кимдер?" деген суроо бар. Негизи эле бардык саясий күчтөр мыйзамдуу жол менен бийлик алмашууга шарт түзүүнүн үстүнөн иштеши керек.

Анткен менен ушул кезге чейин парламенттеги фракция лидерлери ишемби күнү кармалган Садыр Жапаровдун жактоочуларын "кууп-тазалоо" операциясы боюнча үн катыша элек. Бул окуя учурунда митингчилердин арасынан канча адам жараат алганы боюнча дагы так маалымат жок. Болгону айрым жигиттердин токмоктолгондон кийинки видео тасмасы гана интернетке тарады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG