Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Камчыбек Ташиев ачкачылык жарыялады


Камалган депутаттардын тарапкерлеринин Бишкек шаар сотунун алдындагы митинги. 17-октябрь, 2012.
Камалган депутаттардын тарапкерлеринин Бишкек шаар сотунун алдындагы митинги. 17-октябрь, 2012.

УКМК тергөө абагында отурган депутат Камчыбек Ташиев ачкачылык жарыялаганын 17-октябрдын кечинде адвокаты айтып чыкты.

Депутаттын адвокаты Икрамидин Айткуловдун айтымында, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев кургак ачкачылык кармап, суу ичүүдөн да баш тартууда. Ал ачкачылык акциясын Бишкек шаардык сотунун бүгүнкү чечиминен кийин баштаптыр:

- Ташиевдин ачкачылыгы жөн эле көргөзмө үчүн утурумдук жасалган, бүгүн баштап, эртең токтото койчу иш эмес. Ал муну баса белгилеп айтып атат, аягына чейин турам, өлсөм да токтотпойм деп жатат.

Адвокат Икрамидин Айткулов депутат бул аракети менен бардык мыйзамсыздыктарга каршылыгын билдирип жатканын кошумчалады.

Ташиев президентке кайрылды

Ушул эле күнү Камчыбек Ташиевдин мамлекет башчынын атына кайрылуу жазганы кабарланды.

Камчыбек Ташиев 3-октябрдагы митингде.
Камчыбек Ташиев 3-октябрдагы митингде.
- Ал кайрылуусунда өзүнө карата тагылган айыптар, козголгон кылмыш ишин мыйзамсыз деп билдирип, өзүнүн бийликти басып алууга ниети жок болгонун, бул тууралуу президентке туура эмес маалымат берилгенин, өзүнүн аракети элдин кызыкчылыгы үчүн, Кумтөр алтын кенине коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында гана болгонун жазган. Ошондой эле ал президентке эч кандай шарт койгон жок, -дейт адвокат Айткулов.

Адвокат Ташиев кайрылуусун УКМК абак жайынын башчысына бергендигин, бирок алар кайрылуунун адвокатка даректелген көчүрмөсүн ага берүүдөн баш тартып, жандоочу кат менен кошо почта аркылуу жиберишерин билдиргенин да кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы абак жайдын жетекчилигинин аракетине баа бере албастыгын “Азаттыкка” маалымдашты.

Сот алдындагы нааразылык

Бишкек шаардык соту бүгүн абактагы үч депутаттын баш коргоо чарасы боюнча арызды карап, баштапкы соттун чечимин күчүндө калтырган.

Арыз каралаардын астында “Ата-Журт” фракциясынын лидерлери Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылган 100гө чукул тарапкерлери эртелеп Бишкек шаардык сотуна чогулушту. Алар “саясий куугунтуктук токтотулсун”, “эл өкүлдөрүнүн башка коргоо чарасы өзгөртүлсүн” деген ураандарды жазып, “бийликке уят”, “депутаттар Ташиев, Жапаров, Мамытов бошотулсун”, “Кумтөр элдики” деп кыйкырып турушту. Тартип коргоо органдары коопсуздукту күчөтүлгөн тартипте сактап, соттук жараян жабык өттү.

Бишкек шаар сотунун алдындагы митинг, 17-октябрь.
Бишкек шаар сотунун алдындагы митинг, 17-октябрь.
Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов сот аяктагандан кийин Бишкек шаардык соту да депутатты камакта калтырганын журналисттерге маалымдады.

- Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул Ташиев мындан ары да камакта кала берет дегенди түшүндүрөт. Бул чечим толугу менен мыйзамсыз жана негизсиз. Ал саясий өңүттө болуп жатканы белгилүү. Албетте биз бул чечим менен макул эместигибизди билдирип, эртең Жогорку Сотко арызданабыз.

Икрамидин Айткулов Камчыбек Ташиевдин 3-октябрдагы Ак үй алдындагы аракетинде бийликти күч менен басып алуу болгон эмес дейт. Баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калган вице-спикер Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев да шаардык соттун чечими менен макул эместигин билдирди.

- Жогорку Сотко даттануу арызы менен кайрылабыз. Анткени тергөөдө Мамытовду камакта кармоого эч кандай негиз болгон эмес. Андай негиз азыр да жок.

Ал эми “Ата журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров сотто өз адвокаттарынын кызматынан баш тарткандыктан, аны баш коргоо чарасын кароону Бишкек шаардык соту 22-октябрга калтырды. Аталган фракция депутаттарына бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу деген катаал берене боюнча айып коюлууда.

Саясий боёк жокпу?

“Атажуртчулардын” бошотулбаганын уккан тарапкерлери сот имаратынын алдынан Жогорку Кеңешке чейин жөө басып келишти. Алар жыйында отурган депутаттардын митингчилерге чыгышын талап кылып жатышканын Абдылда Куттубидинов билдирди.

- Спикер Асылбек Жээнбеков чыксын. Ташиев, Жапаров жана Мамытовду бизге бошотуп беришсин. Кумтөр да элдики болсун. Биздин талабыбыз ушул.

Түштөн кийин митингчилердин беш өкүлүн Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков кабыл алганы белгилүү болду. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Эсенгул Исаков “Азаттык” менен магинде “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарынын иши мыйзам жолу менен гана чечилиши керек деген пикирде:
3-октябрдагы митингден сүрөт баян

- Албетте, үй-бүлөсү, достору, жакындары жана кесиптештери нааразычылыктарын билдирип, туура эмес болуп жатканын айтууда. Ошол эле кезде элдин калың катмары бул маселени сот гана аныкташ керек деп жатат. Бул адамдар өздөрүнүн күнөөсү бар-жогун сот аркылуу далилдеши керек. Биз ушуга көнүшүбүз зарыл.

Депутат Эсенгул Исаков бул ишке таасир этүүгө президент Алмазбек Атамбаевдин да укугу жок деген ойдо.

Бул ишти айрымдар азыр саясий куугунтук катары да баалашууда. Бирок башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерди тергөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев депутаттарга козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий боёк жоктугун айтат:

- Ачык-айкын көрүнүп турган нерсени кантип саясат дейбиз. Тосмодон ашып түшкөн адамдын аракетин кантип саясат деп айтабыз. Депутатпы, жөнөкөй жаранбы, министрби, же прокурор, сот болобу, мыйзамды бузса, аларды мыйзам чегинде жоопко тартабыз.

Шаршемби күнү Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов да билдирүү таратып, депутаттарды үй камагына чыгарууга чакырды. Ал азыркы түзүлгөн саясий кырдаалдан үчүнчү күчтөр колдонуп кетүү коркунучу бар экенин белгилеген. Ошол эле кезде Мелис Мырзакматов 3-октябрдагы “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарынын Ак үйдүн тосмосун ашып өтүү аракетин айыптай турганын айткан.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров 3-октябрда Ала-Тоо аянтында Кумтөр боюнча митинг уюштуруп, анын арты депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов баштаган бир топ адамдын Ак үйдүн тосмосун ашып өтүүсү менен аяктаган. Ошондой кийин аты аталган депутаттардан тышкары коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев менен "Асаба" партиясынын төрагасы Салмоорбек Дыйканов да камакка алынган.

Бишкек: 17-октябрдагы митинг

Сот чечими өзгөргөн жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

XS
SM
MD
LG