Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Мурзахалилов: Египеттин тагдырын кайталабайлы


УКМКнын антитеррордук операциясынын алкагында мурдагы депутат жоочуларды каржылаган, курал-жарак менен жабдыган деген шек менен кармалды.

Бул "диний-радикал топтор мурда-кийин бийлик башындагылар менен коюн-колтук алышып кеттиби?" деген суроону пайда кылды. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жетекчисинин мурдагы орун басары, эксперт Канатбек Мурзахалилов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Жогорку бийлик тепкичтеринде жүргөн адам ушундай ишке кириптер деп кармалышы эмнеден кабар берет?

Канатбек Мурзахалилов: Кайсы гана радикал топ, же саясатчы болбосун, түпкү максаты - бийликке келүү. Динди колдонуп, адамдардын өмүрүнө, мамлекеттин коопсуздугуна залал келтирүү менен бийликке келүүнү көздөө - бул аша чапкандык, өтө жаман тенденция.

Дин, айрыкча ислам дини саясатташып кеткени коомго коркунучтуу. Дин өзүнүн, мамлекеттик чиновник, саясатчы өзүнүн функциясын аткарышы керек. Эгер экөө аралашып кетсе, Египеттин, анын мурдагы президенти Мухаммед Мурсинин тагдыры Кыргызстан үчүн алыс эмес.

16-июлдагы антитеррордук операциядан кийин
16-июлдагы антитеррордук операциядан кийин

"Азаттык": Кечээги кармоо мурда-кийин бийликте жүргөн башка канча адамды радикал топтор колго алып койду, канчасы ошолорго таянып жакынкы шайлоодо бийликке келиши мүмкүн деген күдүк ойлорго түртпөйбү?

Канатбек Мурзахалилов: Албетте, түртөт. Күч түзүмдөрү үчүн бул мисал өтө тыкыр иш жүргүзүүгө түрткү бериш керек. Коомчулук да өз "баатырларын" тааный билиши зарыл. Бийликке келүүнүн оңой жолун тандап алган саясатчылардын жүзү ушинтип ачыла берет.

"Азаттык": Динге жакын катмардын добушун алуу үчүн кээ бир саясатчылар динди бетке кармап шайлоого барат эмеспи. Дегеле ашкере динчил саясатчылар да бар. Аларды да көзөмөлгө алуу керекпи?

Канатбек Мурзахалилов: Талдаш керек. Ошол эле суннит багытында, андагы төрт масхабдын алкагында канчалаган агымдар бар. Ошол агымдардын ичинде да түрдүү радикал топтор бар. Кыргызстанда эле ошол топтордун бир топ тарапкерлери жүрүшөт. Ошолорду күч органдары карап талдап, коомчулук да ким үчүн, эмне үчүн добуш бергенин билиш керек. Ким эле динди айтса, ошого ишенип кетпеш керек.

Мына орозо айында саясатчылар ооз ачырып, өздөрүн ашкере жарнамалап жиберишти. Мечит-медреселердин ачылышында анын лентасын кыркып дегендей. Албетте мусулман катары бул алардын милдети. Бирок ошону саясатка аралаштырып, динге ишенгендердин арасында өзүнүн электоратын көбөйтөм деген туура эмес нерсе.

"Азаттык": Орозо учурунда коңшу мамлекеттер террордук топтордун аракетинен коркуп атайын чараларды көрүштү. Балким Кыргызстанда да ошондой чара көрүү убактысы келип жеткендир?

Канатбек Мурзахалилов: Кыргызстанда диний саясат өтө либералдуу экенин мезгил көрсөттү. Бирок күч колдонуу менен адамдын ой-пикирин басынтууга болбойт. Бул кайра тескери натыйжа бериши мүмкүн. Кыргызстанда мүмкүнчүлүк кеңири. “Ыйман фонду”, Аалымдар кеңеши, Муфтият, жергиликтүү бийлик чоң ресурска ээ. Булар биргеликте координациялашып, түшүндүрүү иштери менен гана иш алып барыш керек.

XS
SM
MD
LG