Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

"Элдик парламенттин" мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталган мүчөлөрү сот жараянына бойкот жарыялашты.

Буга алардын адвокаттары сотко келтирген өтүнүчтөрдүн бардыгы четке кагылганы себеп болду.

Өтүнүчтөрдүн эң башкысы “Элдик парламенттин” өкүлдөрүнүн үстүнөн жүрүп жаткан соттук жараянды ачык өткөрүү болчу. Судья бул иште мамлекеттик сырга байланыштуу тергөө материалдары болгонуна байланыштуу ишти жабык кароо чечимин кабыл алган.

Бойкот жарыялоо амалбы же аргасыздыкпы?

Быйыл жазында “төңкөрүшкө даярданган” деген шек менен кармалган Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев, Марат Султанов жана Тойгонбек Калматов соттон алардын катышуусуз эле өкүм чыгара берүүнү талап кылышты. Буга сотту ачык өткөрүү, жаш өзгөчөлүгүнө жана оорусуна байланыштуу айрым соттолуучуларды үй камагына чыгаруу сыяктуу өтүнүчтөрдүн четке кагылышы себеп болду. Аягында адвокаттардын судьяны алмаштыруу суранычы дагы канааттандырылган эмес.

Адвокат Чынара Жакупбекова ошондон соң айыпталуучулар сот жараянына бойкот жарыялаганын билдирди:

- Султанов, Талгарбеков, Калматов жана башкалары судья келтирилген өтүнүчтөрдүн бардыгын четке какканына нааразы болуп, "бизсиз эле сот жараянын өткөрүп, өзүңөр каалагандай өкүм чыгарып алгыла, мындан ары сотко биз деле келбей эле коёлу, биздин адвокаттар деле келбей эле койсун” дешти. Ошондой мазмунда жарыяланган бойкотту соттолуучулардын адвокаттары колдоп бердик. Буга карата судья кандайдыр бир аныктама чыгара элек. Кийинки сот отурумунда кандай чечим болору белгисиз.

Айыпталуучулар сот жараянына бойкот жарыялаган учурда аларды мамлекеттик айыптоонун талабы менен сотко күч менен алып келтирүү чечими чыгышы мүмкүн. Бирок алар сот жараянында сүйлөбөй, алардын адвокаттары соттук териштирүүлөргө катышпай коюшу мүмкүн.

Ишти караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков тергөө материалдарына “жашыруундуулук” белгиси коюлганын жүйө келтирип, соттук териштирүү жабык өтөрүн белгилеген. Бирок адвокаттар иште мамлекеттик же кызматтык сырга байланыштуу тергөөнүн материалдары жок экенин айтып чыгышкан болчу.

Айыпталуучулардын биринин уулу Нурбек Калматов судья кайрылуулардын бирин дагы эске албаганын айтты:

- Кечээ сот алтыга чейин жүрдү. Биз адвокаттар келтирген өтүнүчтөргө керектүү документтердин бардыгын тиркеген болчубуз. Анда сот жараянын мыйзам чегинде өткөрүүнү сураган парламенттин кайрылуу каты дагы бар эле. Мындан сырткары үч миңден ашуун жарандын колу коюлган сот жараянында мыйзамдуулукту сактоону талап кылган кайрылуусу дагы бар эле. Бирок ишти караган судья ошолордун бирине дагы көңүл буруп, карап чыккан жок. Сот бул жерде башынан эле айыптоо жагына гана басым жасаган бир жактуулугун көргөзүп койду.

"Жашыруун" деген белги талашы

Бул ишти тергеген УКМК тергөө материалдарына эмнеге жашыруундуулук белгиси коюлганы тууралуу комментарий бере элек. Ошондой эле судья өтүнүчтөрдүн четке кагылышын соттолуучулардын мамлекеттик оор кылмышка айыпталышы менен байланыштырган. Бирок адвокаттар мындан мурун бийликти кулатууга айыпталган Камчыбек Ташиевдин соту деле ачык өткөнүн жүйө келтиришти.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев ишти жабык кароо үчүн айыпталуучунун мамлекеттик сырды билгени аныкталууга тийиш деп эсептейт:

- Мисалы, “бийликти басып алабыз” деген адамдар мамлекеттик кызматта иштеп туруп, мамлекеттик сырларды билүү менен төңкөрүш даярдап же ага кандайдыр бир жагдайда аралашып калса, анда бул кылмыш ишине “жашыруун” деген белги коюлушу мүмкүн. Анткени бул жерде маселе ошол кылмышка шектүү адамдын мамлекеттик жашыруун документтерге тиешеси болуп-болбогонун аныктап алуу маанилүү. Албетте, телефондон эле “мына бул мөөнөттө, мындай иштерди уюштура калалы” деген жашыруун сыр эмес. Эгерде ошону УКМК жашыруун иш деп, ага гриф коюп койсо, анда ал туура эмес. Мыйзамда кандай маалыматтар жашыруун сырга кирери так көрсөтүлгөн.

Анткен менен адвокаттар айыпталуучулардын бири дагы учурда мамлекеттик кызматта иштеп, жашыруун сырды алып жүрүүчү болбогонун жүйө келтиришти. Бирок мындай жүйөгө бийлик тарап макул эмес. Өкмөт башчысынын кеңешчиси Токон Мамытовдун айтымында, кылмыш ишиндеги айыпталуучуларга байланыштуу улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү маалыматтардын бардыгы жашыруун сыр болуп саналат:

- Бул жерде кандайдыр бир жагдайда ошол адамдар биргеликте бир план иштеп чыгып, анан ошол жагы кандайдыр бир мамлекеттик сырга тиешелүү болуп калышы ыктымал. Тигил адамдар мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Ошондуктан аларда кайдагы мамлекеттик сыр болмок эле деген көз караш туура эмес. Ошол адамдардын байланыштары, каржылоо булактары жана сүйлөшүү тактикалары сыяктуу маалыматтар улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү жашыруун сыр болушу мүмкүн. Бул жерде эми жагдайга карата мүнөздөмө берсек туура болот. Бирок биз чыныгы жагдай кандай болгонун билбейбиз да.

“Элдик парламент” кыймылынын жетекчилери менен мүчөлөрү быйыл 12-майда Бишкекте курултай өткөрүүнүн алдында камакка алынган. Аларга бийликти кулатууга аракет жасаган деген айып тагылган. Булардан тышкары саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов, эксперт Эрнест Карыбеков да мартта “бийликти күч менен басып алууга” шектелип кармалган. Аларды камакка алууга жазылып алынган телефондук сүйлөшүүлөрүнүн жана видео тасманын жарыяланышы негиз болгон. Укук таануучу адистердин айтымында, буга чейин Кыргызстанда сот жараянына саясий себептерден улам бойкот жарыялоо практикасы кездешкен эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG